Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

"Кара жоргонун" өпкө илдетине каршы касиети


Кара жорго бийи.
Кара жорго бийи.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел Орусиянын Украинага кол салганын айыптады. Кыргыздардын салттуу бийи өпкөнүн өнөкөт оорусун жеңилдетүүгө жардам береби? Борбор Азиядагы беш мамлекет климаттагы өзгөрүүлөрдү көз жаздымда калтырууда. Жума ичинде дүйнөлүк медиага чыккан макалаларга сереп.

"Европа тарыхындагы бурулуш учур"

1-июнда Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел жарым жылдан бери биринчи жолу коомчулук алдына чыгып сүйлөп, Орусиянын Украинага кол салышы “Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европанын тарыхында бурулуш учурга айланганын” билдирди.

Экс-канцлердин бүгүнкү кырдаалга берген баасына Deutsche welle кайрылды.

"Орусиянын басып киришине дуушар болгон Украинага тилектештик билдирем жана ал өлкөнүн өзүн өзү коргоо укугун колдойм” деп белгиледи Меркел.

Немис өкмөтүнүн мурдагы башчысы Украинадагы карапайым адамдардын укуктары бузулуп жатканына токтолуп, Бучадагы окуяларды ырайымсыздыктын үлгүсү катары мисал келтирди.

Меркел Украинага кошуна өлкөлөр тарабынан көргөзүлүп жаткан колдоону “үмүт жарыгы” деп атады жана Еврошаркеттин ынтымагына чоң үмүт артылып жатканын белгиледи. Экс-канцлер мындан ары Европанын деңгээлинде активдүү ишмердик жүргүзүүнү көздөгөнүн да кошумчалады.

Макалада айтылгандай, Меркел 25-февралда Орусиянын кол салуусун кескин айыптап, азыркы канцлер Олаф Шольцтун аракеттерине колдоо билдирген.

4-апрелде саясатчы украин президенти Владимир Зеленскийдин сынын четке каккан. Зеленский 14 жыл мурда Берлин Киевди НАТОго кабыл алууга каршы чыкканын сындаган.

"Кара жоргонун" дарылык касиети

The Guardian гезити 26-майда “Кыргыздардын салттуу бийи өпкөнүн өнөкөт оорусун жеңилдетүүгө жардам берет” деген макаланы басып чыгарды. Кабарчы Сара Жонсон материалында "кара жорго" бийинин дарылык касиетине токтолгон.

Журналист Бишкектеги ооруканалардын биринде медайым Айдай Темиралы кызы жүргүзгөн бий терапия сеансына күбө болгон. Медайымдын айтымында, адегенде бейтаптар дем ала албаганына, жөтөлүп, алы кеткенине даттанышат. Бирок эки-үч күндөн кийин абалы кадимкидей жакшырганы байкалат.

Мындай көнүгүү өпкөнүн оор обструктивдүү өнөкөт оорусуна чалдыккандарды дарылоо программасына камтылган. Автор илдет тууралуу кыскача маалыматка токтолгон.

Бул ооруга орто жаштагылар көп чалдыгат, адамдын деми кысылып, тез чарчайт, өнөкөт жөтөл менен коштолот, көп учурда какырык чыгат. Адатта буга тамеки чегүү же абанын булганышы алып келет. Өз убагында көрүнүп чара көрбөсө, өлүмгө жеткириши мүмкүн. Эрте аныкталса, дарылаганга болот.

Журналист Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, профессор Талант Сооронбаевди кепке тарткан.

Дарыгер бөлүшкөн маалыматка ылайык, Кыргызстанда расмий статистикада сөз болгон ооруга кабылгандар 30-40 миңдин айланасында деп айтылганы менен чыныгы сан 200 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Профессор тамеки чеккендер көп болгондуктан, өзгөчө кышкысын аба булгангандыктан бейтаптардын саны көбөйөрүн күтсө болот деп айтат. Ооруну дарылоо үчүн кычкылтек, ингалятор, антибиотик колдонулат. Кыргызстандын шартында мунун баары кымбатка түшөт, андыктан “Сооронбаев командасы менен Еврошаркет каржылаган долбоордун алкагында көнүгүүлөр программасын баштоону чечкен”, - деп уланткан гезиттин кабарчысы.

Маалыматка караганда, программа жемиш бере баштаганда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги аны жактырып, бир нече ооруканада колдонууга кирген.

Алты жума бою бейтап адистердин лекциясын угуп, маалымат алып, көнүгүү жасайт. Комплекске волейболдун элементтери, жөө басуу, велотренажер жана бий кирет. Курстан өткөндөн кийин көнүгүүлөрдү үйүндө өз алдынча уланта берет. Атүгүл башкаларга да үйрөтө алат. Макалада программага тартылган айрым кишилердин ден соолугун чыңдап алган мисалдары кетирилген.

"Профессор дарылоонун бул ыкмасын алыскы аймактарга, кошуна өлкөлөргө да жайылтууну көздөйт", - деп жазат The Guardian.

Борбор Азияда климаттын өзгөрүүсү изилденбейт

Eurasianet 1-июнда Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүнө арналган изилдөөлөрдүн аздыгы камтама кылат деген мазмундагы макаланы басып чыгарды.

Анда жакында Central Asian Survey журналында жарык көргөн баяндама тууралуу сөз болот. Авторлор - Норвегиянын Эл аралык маселелер институту (NUPI) жана Ослодогу Климатты изилдөө эл аралык борбору (Cicero) чөлкөмдө абанын ысышы дүйнөдөгү жылдык орточо көрсөткүчтөн ашарын, бул өз кезегинде мөңгүлөрдүн эришине, кургакчылык өңдүү олутуу көйгөйлөргө алып келерин белгилешет.

Экологиядагы өзгөрүүлөр өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык шарттарын начарлатат.

Изилдөө жүргүзүлбөсө, саясатчылар маселелерге көңүл бурбайт. “Далилдерге негизделген чечим кабыл алуу үчүн айлана-чөйрөнү изилдөөгө каражат бөлүү керек", - деп эсептешет баяндаманын авторлору.

"Алар 2015-жылы Париж макулдашуусуна кол коюлгандан бери кемчиликтер жоюлганбы?", - деген суроого жооп издешкен.

Илимий мекемелер, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар даярдаган 292 техникалык отчет, макалалар менен таанышып чыкканда, 2014-жылдан бери оң жылыштар дээрлик болгон эмес деген тыянакка келишти.

Климаттагы өзгөрүүлөрдүн Борбор Азия үчүн кесепеттери 54 тармакка бөлүнгөн болсо, анын арасынан үчөө гана изилденген экен.

Климаттын өзгөрүшү менен жакырчылыктын, азык-түлүк коопсуздугу менен коомдук саламаттык сактоонун байланышына көңүл бурулбаганы өзгөчө камтама жаратары айтылат. Окумуштуулар коомчулуктун климаттагы өзгөрүүлөргө жана тобокелдиктерге көңүлкош мамиле кылганы да өзүнчө бир көйгөй катары каралышы керек деп санашат.

Андан ары айтылгандай, Борбор Азиядагы беш мамлекет Ооганстанга жакын жайгашкандыктан, аймактык коопсуздук жана радикализм коркунучуна көбүрөөк көңүл бурулуп, климаттагы өзгөрүүлөр көз жаздымда калууда.

"Ошол эле маалда дал ошол өзгөрүүлөр өлкөлөрдүн өз ара мамилелерине таасир этип, жаңжалдарга жем ташташы мүмкүн", - деп эсептешет изилдөөчүлөр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG