Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Айтматова: Күйөөм УКМКда, репрессия уланууда


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

Ширин Айтматованын күйөөсүн УКМК кармап кеткени белгилүү болду.

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирди. Ал "Твиттерге" жолдошу Алматы аэропортунан кармалып, Бишкекке алып келингенин жазып, "репрессия уланууда" деп билдирди.

20-декабрда таңкы саат 9дан өткөндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сыргак Кенжебаев аттуу жаран "ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн" деген негизде кармалганы тууралуу маалымат таратты. Билдирүүдө Кенжебаев 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы айтылат.

Атайын кызмат билдиргендей, кытай жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү, себеби ал анын 350 миң доллар акчасын алдап алып койгонун айткан.

“Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде катталган. Сотко чейинки өндүрүштө кытай жараны “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына катышып, инвестиция алып келүү үчүн ири кытайлык компаниялардын биринин өкүлү катары Кыргызстанга келгени, сынакка катышууга даярдануу учурунда Кенжебаев менен таанышканы аныкталган.

Ал кытайлык инвестордун ишенимине кирип алып, күтүүсүз чыгымдарга байланыштуу деген шылтоо менен 350 миң долларын ээлеп алып, кайтарып бербей жатканы белгилүү болду. Бул акчадан тышкары кошумча дагы 250 миң доллар талап кылганынын анык далилдери бар” деп билдирди УКМК.

20-декабрда Бишкекте өткөн жыйында өзүн Мотайлифу Маймайтяминг деп тааныштырган кытай жараны ушул жылдын март айында Кыргызстанга келип, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын айтты.

Ал «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

- Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып, паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бербей жатат, - деди Маймайтяминг.

Маймайтямингдин адвокаты Аскар кызы Жанара Сыргак Кенжебаев "Үмүт 2020" кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын күйөөсү экенин журналисттерден угуп таң калды. Андан кийин Айтматова менен жеке тааныштыгы бардыгын айтып, жыйын бүтө электе кетип калды.

Мындан кийин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсүнө байланыштуу кылмыш ишин тергей баштаганын 20-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө сотко чейинки өндүрүш “иштин бардык жагдайларын аныктоо, объективдүү иликтөө жана Сыргак Кенжебаевдин ыктымал катыштыгын аныктоо” максатында жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, Айтматованын күйөөсү Кенжебаев Бишкек милициясынын тергөөчүсү У.Биялиев жана орусиялык жаран С.Богданов менен бирге 2013-жылы мыйзамсыз ишке барганын айтып, Виктор Гавришев аттуу бишкектик тургун президентке жана башкы прокурорго арызданган.

2013-жылы 11-ноябрда Башкы прокуратура Егор Гавришев деген кыргызстандык башка адамдар менен бирге жалпы баасы дээрлик 809 миң долларлык 810 даана спутник телефондорун 20 миллион сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып киргени боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жазык кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “шалаакылык” беренелери менен козголгон иш ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып, ошол эле жылдын 13-сентябрында С.Богданов телефондор боюнча тийиштүү документтердин көчүрмөсүн көрсөткөн.

Ал эми 17-декабрда Егор Гавришев кайда экени белгисиз болгондуктан Жазык кодексинин “Аткезчилик” жана “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө” беренелеринин негизинде сыртынан кылмыш жообуна тартылган.

2019-жылдын 19-февралында Егор Гавришев "Манас" аэропортунан кармалып, 20-февралда “Экономикалык аткезчилик” беренеси боюнча үй камагына алынган.

Иликтөө учурунда Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев уулуна карата кылмыш ишин жасалма жол менен ачтырууга тергөөчү У.Баялиев жана Сыргак Кенжебаев аркылуу орус жараны С.Богданов айыптуу экенин айтып арызданганы белгилүү болду.

"УКМК үч кылмыш ишин козгодук дешкен"

19-декабрда түнү Ширин Айтматова жолдошу, ишкер Сыргак Кенжебаевдин Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттон дайыны табылбай калганын кабарлаган.

“Азаттык” үналгысы Айтматова менен байланышканда 5-6 сааттан бери күйөөсүнүн дайыны табылбай жатканын билдирген.

Активист Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге кайрылып, жардам сураганын “Твиттердеги” баракчасына жазган.​

Айтматова: Ал мени Алматыда тосуп алышы керек эле. Биз балдар менен Бишкектен учуп келгенбиз. Телефонумду жандырсам эле “Мени кармап кетишти” деп жазыптыр. Мен чалсам телефону өчүк экен. "Эйр Астана" менен сүйлөштүм. Алар "Ооба, ал каттоодон өткөн" дешти. Анан мен ичкери кирип издей баштадым. Ал ушул жактан, а биз Бишкектен келип, чогуу учуп кетмекпиз. Бул жердеги бардык милиция, чек ара бекеттерине бардым. Алар "Эч кандай кармоо болгон жок, эч нерсе билбейбиз" деп жатышат. Алардын баары мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.


“Азаттык”: Демек күйөөңүз кармалдыбы же бирөөлөр уурдап кетиштиби, белгисиз тура?

Айтматова: Уурдап кетиштиби же дегеле эмне болгонун билбейм. Анткени мен бул Гавришевдин ишине байланыштуу го дегем. (Ред: Буга чейин айрым маалымат каражаттары Айтматованын күйөөсүн Виктор Гавришев аттуу адам кылмыш жасоого шериктеш болгон деп айыптап чыкканын жазышкан). Өз байланыштарым аркылуу биздин милициядан тактай баштадым. Алар күйөөм издөөдө болбогонун айтышты. Ошентип эч ким жооп бербей жатат. Эмне кылышымды билбей жатам. Балдарым, апам ыйлап жатышат. Буга чейин күйөөм айткан, атайын кызматтагылар “Сага үч кылмыш ишин козгодук, сенден миллион доллар талап кылабыз” деген экен.

“Азаттык”: Ким ошентип айткан экен?

Айтматова: Ким экенин айткан эмес. Бирок “Элестет, алар мага үч кылмыш ишин козгоптур, бирөөгө миллион долларлык чыгым кылган имишмин” деген эле.​



“Азаттык”: Кое турсаңыз, Гавришев деген кыргыз күч органдарына
кайрылган да. А сиздин күйөөңүз Алматыдан жоголуп жатпайбы. Кандай
байланыш болушу мүмкүн?

Айтматова: Билбейм. Гавришевге байланыштуу иш бир нече жыл мурда
болгон имиш. Ал анан капыстан эле алты жылдан кийин чыгып жатпайбы. Күйөөмө айтышкан экен, Гавришовдун ишин ага карата багыттайбыз деп. Анткени мен аял кишимин да, азырынча менден коркушса керек. Гавришев деген ким экенин билбейм. Өмүрүмдө көргөн эмесмин. Мен Матраимовдор боюнча иликтеп баштаганда ал арыз жазып отурат. Мага күйөөм ошондо эле "Бул заказ, баары билишет, атайын кызматтын алдында бир күндө тергөө тобун түзүшүптүр” деген эле. Демек шамал кайдан согуп атканы мага түшүнүктүү. Башкысы ал кайда экенин, эмне болгонун эч ким айтпай жатат.​

“Азаттык”: Азыр Бишкекте түнкү саат бир болду. Алигиче күйөөңүздүн
кайда экени белгисиз. Сиз кандай максатта сапарга чыктыңыз эле?

Айтматова: Апам улгайып калды, бир көзү көрбөй жатат. Аны биз догдурга көрсөткөнү алып баратканбыз. Алматыдан жолугуп, анан чогуу учуп кетмекпиз. Апамды жарым жыл сайын чет өлкөдө хирургга көрсөтүп
турабыз.

“Азаттык”: Сиз бул окуяны активисттик ишиңизге байланыштырасызбы?

Айтматова: Ооба, түздөн түз байланыштырам. Анткени буга чейин күйөөмдү коркутушкан. Ал "Бул ишти кылба" деп менден өтүнгөн. Бүгүн эле “Үмүт 2020” өкүлү Нурсултан Акылбекти дагы камай тургандыктарын айтышыптыр. Абал абдан олуттуу. Мени таң калтырганы эч ким жооп бербей жатканында. Адам аэропортко келген, бирок каттоодон өткөндөн кийин эле дайынсыз кетип жатпайбы.

“Азаттык”: Балдарыңыздын, оорулуу апаңыздын убактылуу жайгашкан жери барбы?

Айтматова: Азыр болуп жаткандар - куугунтук, жалаа жабуу. Бул 37-жылкы репрессиялык орган - чындыкты айтып, бир ууч адам, депутаттар эмес, баарынын жашоосу оңолсун деп күрөшүп жаткандарды бутага алууда. “Үмүт 2020” Кыргызстан, кыргыз эли татыктуу жашасын деп үмүттөнүп, аракет кылабыз. Бирок бул үчүн бизди жок кылууга, жашообузду талкалап, балдарыбызды ата-энесиз калтырууга тырышып жатышат. Бүтүндөй мамлекетти уурдап жаткандарга баары жардам берүүдө. Ушундай көрүнүш орун алып жатса, ушинтип бизди келекелеп атышса, анда аларга президент дагы жардам берип жаткандай өңдөнөт. Азыр атам Чыңгыз Төрөкуловичтин арбагы мунун баарын туюп, түйшөлүп турат деп ишенем. Дайыма эле алар каалагандай болбой, акыры бир акыйкаттык орнойт деп ойлойм.

Редакциядан: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова быйыл “Үмүт 2020” кыймылын негиздеп, коррупцияга каршы күрөшүүгө бел байлаган. Ал акыркы айларда Кыргызстандагы ун ишмердигин лоббилеген аткаминерлер, депутат Канат Исаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жубайы тууралуу иликтөөлөрдү жасаган. “Үмүт 2020” кыймылы Кыргызстандагы коррупцияга каршы, сөз эркиндигин коргоп чыккан “Reакция” митингдерине да активдүү катышып келет.

Райымбек Матраимов 6-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн​ журналисттик иликтөөдөгү маалыматтар боюнча сурак берип чыккан соң айрым журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирген. Ошондой эле иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, журналисттерди, андан тышкары активист Ширин Айтматованы сотко бере турганын айткан.

Өткөн жумада Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

Айтматованын жолдошунун кармалганына байланыштуу соцтармактагы реакция

Мирбек Айтикеев

Бул репрессия!
Эгерде Ширин Айтматова "Үмүт-2020"-деп чыкпаганда күйөөсүн эч ким эстемек эмес.

Шаймерден Жигитов

Раимди иликтеген журналист сабалып, Саймаити өлтүрүлүп, Мамашованын жайы өрттөлүп, Шириндин күйөөсү камалып жатышы эмнеден кабар?​

Abdusattar Tursunkul

Факты по неугодным как-то молниеносно находятся, замечаете? #репрессии

Тынчы Атбашингтони

Ш. Айтматованын жолдошунун чуусу "Коопсуз шаарга" такалды. Кеп учугу Кудага же Бажага бурулат...​

Урмат Жаныбаев

Муж Ширин нашёлся- его задержали по линии ГКНБ. В ответ на REАКЦИЮ 2.0 начались бакиевские РЕПРЕССИИ 2.0-да здравствует диктатура.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG