Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Коопсуздук, адеп-ахлак: ТикТокту эмне себептен чектешет?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий адамдар, саясатчылардан баштап, өспүрүмдөрдүн, үй кожойкелердин сүймөнчүгүнө айланган ТикТок тиркемесин улам бир өлкө чектеп жатат.

АКШда айрым мыйзам чыгаруучулар ага толук тыюу салуу демилгесин көтөрсө, Европа Биримдиги кыска видеолорго адистешкен таанымал платформаны кызматтык телефондордон алып салуу көрсөтмөсүн берген. Эми Кыргызстан ТикТокту чектеген өлкөлөрдүн тизмесине кошулуп отурат.

Эмнеге айрым өлкөлөр ТикТокту чектеп жатат?

Батышта тиркемеге ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын, өкмөттүк купуя сырларды Кытай бийлигине өткөрүп берип, платформаны жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат. Айрым эксперттер башка социалдык медиа компаниялардан айырмаланып, ТикТок кардарлардын жеке маалыматын көбүрөөк чогултарына көңүл бурушат.

Ал эми Индия бул тиркемени өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын “кара тизмесине” киргизген. Андан тышкары ТикТокко чыккан видеолор өспүрүмдөрдүн менталдык саламаттыгына зыян алып келтирет деген санааркоолор да айтылып жүрөт. Алсак, санарип платформалардагы жек көрүүчүлүккө каршы күрөшкөн борбор былтыр декабрда тамакка табиттин жоголушу же туура эмес тамактануу жөнүндөгү видео 13 миллиард 200 миллиондой жолу көрүлгөнүн билдирген.

АКШнын ТикТокту чектөө аракети

16-августта Нью-Йорк шаары өкмөттүн карамагындагы жабдыктарга ТикТок орнотууга тыюу салды. Мэр Эрик Адамс ал чечимди коопсуздукка кам көрүү аракети менен түшүндүргөн.

“Киберчабуул коркунучу дайыма сакталууда. Андай коркунуч негизинен өлкөнүн сыртынан жаралат, биздин системаларга кирүү, маалыматтарга таасир этүү аракеттери көрүлөт. Биз Нью-Йорк шаарынын тургундарынын жеке маалыматтарын коргоого тийишпиз”.

Мамлекеттик мекемелерге тиркемени алып салууга 30 күн берилди.

Ошентип, калаа бул платформанын ишин чектеген америкалык бир катар штаттар менен шаарлардын катарын толуктады.

Монтана штаты эмки жылдын 1-январынан тарта ТикТокко толук тыюу салуу мыйзамын кабыл алган. Тиркемени колдонуучулар тобу, ТикТок өзү чечимге каршы сотко кайрылган.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) директору Кристофер Рей жана Борбордук чалгын агенттигинин (CIA) жетекчиси Уильям Бөрнс платформа улуттук коопсуздукка коркунуч туудурарын айтып келишет.

Рей Кытай өкмөтү аны миллиондогон жабдыктардагы программаларын көзөмөлдөө үчүн пайдаланышы ыктымал, муну менен америкалыктарды бөлүп-жарган маалыматтарды тарата алат деп айтканы бар.

Борбордук иликтөө бюросу жана Юстиция министрлиги 17-мартта кытайлык компания ээлик кылган платформаны текшере баштаган.

Шоу Цзы Чю угуулар маалында. Вашингтон, 23-март 2023-жыл
Шоу Цзы Чю угуулар маалында. Вашингтон, 23-март 2023-жыл

ТикТоктун башчысы Шоу Цзы Чю марттын аягында Өкүлдөр палатасынын Энергетика жана соода комитетинде бир нече саат бою мыйзам чыгаруучулардын суроолоруна жооп берген.

Конгрессмендер негизинен коопсуздук, жалган маалымат таратуу, балдардын коопсуздугу, менталдык саламаттык, кардарлардын жеке маалыматтарын чогултуу өңдүү маселелерге кызыккан.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Доналд Трамп 2020-жылы ТикТокту жүктөөнү бөгөттө аракетин көргөн, бирок бир нече соттун чечими андайга жол берген жок.

АКШда андан тышкары айрым коллеж, университеттерде да ТикТокту пайдалануу мүмкүн эмес. Pew изилдөө борборунун маалыматына ылайык, америкалык өспүрүмдөрдүн үчтөн эки бөлүгү ТикТокту көрөт же ал жерге өздөрү тарткан видеолорун жайгаштырат.

Ал эми августтун башында Reuters/Ipsos чыгарган сурамжылоо америкалык чоң кишилердин жарымына жакыны бул тиркемени колдонорун көргөзгөн.

Платформага тыюу салуу демилгесине каршы чыккандар мындай кадам сөз эркиндигин камсыздаган конституциялык мыйзамдарды бузарын айтышат.

АКШда тыюу кантип ишке ашышы мүмкүн?

Өкүлдөр палатасынын тиешелүү комитети 1-мартта президент Жо Байденге ТикТокко АКШнын бүт аймагында тыюу салууга жол ачкан жобону жактыргандан кийин техникалык жактан ал кандай ишке ашырылышы мүмкүн деген суроо пайда болду.

Варианттардын бирине ылайык, Google Play жана Apple App Store сыяктуу популярдуу тиркемелерге ТикТокту өз платформаларынан алып салуу көрсөтмөсү берилиши ыктымал. Андайда мурда көчүрүп алгандардын телефондорунан ал өчүрүлбөйт, бирок жаңыланбай калат.

Дагы бир сценарий – интернет жана телекоммуникациялык провайдерлерге ТикТокту бөгөттөө буйругун берүү. Индия бийлиги дал ушундай ыкманы колдонгон. Үчүнчү жол – сөз болгон тиркемени пайдаланууну мыйзамсыз деп табуу.

ТикТокко кайсы өлкөлөрдө чектелген же тыюу салынган?

АКШдан тышкары Евробиримдиктин бардык институттарында, Британия, Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Дания, Тайванда ТикТокту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.

Индиянын бийлиги 2020-жылдын июнь айында талаштуу Гималай аймагында Кытай менен аскердик кагылышуу болгондон кийин коопсуздук маселелерин жүйө келтирип, өлкө аймагында аны колдонууга болбойт деп чечкен.

Кызыктуу факт - Индияда бул тиркемеге тыюу салынганына дээрлик үч жыл болгону менен, ТикТок жана ByteDance дагы эле ал өлкөдөгү колдонуучулардын жеке маалыматтарын, мисалы, жашаган жерин, досторун, кандай мазмунга кызыкканын биле алат экен.

ТикТокту жабууну талап кылган акция. Лахор, 18-июнь 2021-жыл
ТикТокту жабууну талап кылган акция. Лахор, 18-июнь 2021-жыл

Пакистанда ТикТокко 2020-жылдан бери кеминде 4 жолу убактылуу тыюу салынган. Бийлик тиркеме адеп-ахлакка жат видеолорду жайылтып жатат деген жүйөсүн келтирген.

Ооганстандагы “Талибан” бийлиги жаштарды туура эмес жолго салып жатат деп ТикТокко тыюу салган.

20-августта бул тизмеге Сомали жана Сенегал кошулду. Өзүн Сомалидеги ТикТоктун президенти деп атаган Мохамед аттуу киши өкмөттү чечимден баш тартууга чакырды:

“ТикТоктун биздин жаштар үчүн бир топ пайдасы бар. Өзгөчө 18-40 жаштагылар тиркеме менен акча таап, күн көрөт, бизнесин жүргүзөт”.

Бирок өлкөнүн байланыш министри Жама Хасан Халиф тиркемени “террористтер жана ыплас иштерди кылган топтор үрөй учурган сүрөттөрдү жана калп маалыматты таратуу үчүн пайдаланганын” айтты.

“Рейтер” агентигигин маалыматына караганда, “Ал-Каидага” жакын “Ал-Шабааб” террордук тобу ТикТок жана Телеграмга өз ишмердиги тууралуу постторду көп жарыялайт.

ТикТок бул маалыматты комментарийлеген жок. Ал эми Телеграм “террористтердин үгүтүн” такай тазалап турарын билдирди.

Мунун алдында Африкадагы дагы бир мамлекет – Сенегал ТикТокко кирүүнү бөгөттөп салды. Кабар агенттиктери андай чечим бийликтин оппозициянын үнүн басуу аракеттеринин алкагында кабыл алынганын белгилешет. Өкмөт стабилдүүлүккө коркунуч жаралып жатканын айтып, интернетти чектеген.

ТикТоктун жана Кытайдын реакциясы кандай?

ТикТок өзүнүн айланасындагы мындай окуяларды “саясий театр” деп атап, АКШ конгрессин америкалыктарды цензуралоого аракет көрүп жатканы үчүн сынга алды.

Февралдын аягында Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Ак үй кытайлык бизнестин АКШдагы ишмердигин мыйзамсыз чектеп жатат деп билдирген жана базар экономикасынын, атаандаштыктын принциптерин урматтоого чакырган.

“Биз өз позициябызды бир нече жолу түшүндңргөнбүз. ТикТок АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деген бир да далили жок болсо да, күнөөсүздүк презумпциясын бузуп, компаниялардын ишин негизгиси чектеп жатат”.

ТикТок тууралуу эмнелерди билебиз?

Тиркеме 2016-жылы Кытай рыногуна чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүу пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG