Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

"16 жолу соттолгон". Күрөө менен бошогон "Казак" зордуктоого шек саналууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто зордуктоого кабылган кыздын жакындары бул кылмышка "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун өкүлү деген Умар Маратовдун катышы бар экенин, бирок фактыга милиция көз жумуп жатканын айтып чыгышты. Оор кылмыштарга айыпталган Маратовдун бир ай мурда 1 миллион сом күрөө менен камактан бошоп чыкканы талкуу жараткан.

Умар Маратов жана анын адвокаттары тараптан азырынча кандайдыр бир комментарий боло элек.

"Карындашымды төрт киши зордуктаган"

Коопсуздугунан кооптонуп аты-жөнүн ачык чыгарууну каалабаган Кадамжай районунун тургуну карачечекей карындашы 24-июнга караган түнү Оштогу “Шанхай Сити” мейманканасында зордукталганын билдирди. Ал 25 жаштагы кызды төрт киши кордогонун, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов экенин айтып берди.

Окуядан кийин Ош облустук милициясына арыз жазганын айтып, бирок териштирүү создугуп жатат деп нааразы болду:

“Милиция башында биз тарап болуп жаткан. Кийин эмне болду, бирөөлөр аралаштыбы, токтоп калышты. Кыймыл жок. Карындашым милицияга барып көрсөтмө берди. Алар төртөө, арасында “Казак” да бар”.

Агасынын айтымында, кордолгон кыз окуядан кийин катуу жабыркап, өз өмүрүнө кол салганга да аракеттенген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы зордуктоого байланыштуу арыз түшкөнүн ырастады. Бирок тергөөнүн купуялуулугу деген негизде андан башка маалымат берген жок.

"Казак" деген ким жана абактан кантип чыгып кетүүдө?

Кылмыш чөйрөсүндө "Казак" деген каймана атка конгон Умар Маратов 42 жашта. Ош милициясынын "Азаттыкка" билдирүүсүндө, ал буга чейин "16 жолу соттолгон". Ага карата козголгон кылмыш иштеринин арасында 16 жаштагы кызды зордуктоо, Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин тууганын сабоо фактылары бар.

2020-жылы аны үй камагына чыгарган чечими үчүн Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова жумуштан алынган.

Акыркы жолу Маратовду 2023-жылдын 28-майында Оштогу Sky-bar түнкү клубунан милиция кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Опузалап талап кылуу”) негизинде кылмыш ишин козгоп, соттун чечими менен эки айга камалган.


Бирок адвокаттын өтүнүчү менен үч күн өтпөй, 31-майда Ош облустук тергөө сотунун судьясы Токтогул Жумаев бир миллион сом күрөө менен аны үй камагына чыгарган.

Судья Жумаев "Азаттыкка" берген комментарийинде мыйзамдуу чечим чыгарганын билдирген.

Оор кылмыштарга айыпталган Маратовдун эмне себептен кайра-кайра үй камагына бошотула бергени түрдүү түкшүмөл, суроолорду жараткан.

Саясат таануучу Төлөгөн Келдибаев да ушундай суроого баш катыргандардын бири:

"Бул убакка чейин аны үй камагына чыгарууда күмөндүү жагдайлар бар. Кандай адамдарды үй камагына чыгарат? Мурун кылмыш кылбаган, оор кылмыштарды жасабаган адамдарды үй камагына чыгарса болот. Ал эми "Казак" - Умар Маратов буга чейин оор кылмыштарды бир канча жолу жасаган да", - деди Төлөгөн Келдибаев.

Мурдагы чекист Артур Медетбеков өлкөдөгү криминалдык топторго каршы күрөштө коррупция бар деген ою менен бөлүштү:

"Акыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун ана башчылары мамлекеттик кызматкерлер менен чырмалышып калган учурлар белгилүү болуп калды. Топтун башындагылар ири бизнестер менен алек болсо, анын ичиндеги майда топтор зөөкүр болуп калышты. Бул эмнени билдирет? Алар менен күрөш катуу жүрүп жатса дагы, кармалып, бирок эки ай олтуруп чыгып кеткени - сот, милициядагы реформанын жакшы жүрбөгөнүнөн кабар берет. Аларды кармоодо юридикалык билими, тажрыйбасы мыкты адистер иштеш керек. Соттон, жактоочуларына жылчык калбай тургандай далилдерди таап соттолгонго чейин бул иштер көзөмөлдөнүш керек, - деди Медетбеков.

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш кандай жүрөт?

Ички иштер министрлиги быйыл жыл башында парламентте маалымат берип жатып уюшкан кылмыштуу топтордун саясатчылар, ишкерлер менен байланышы бар экенин жарыялаган.

"Ишкерлер, саясатчылар арасында дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганын билип туруп, алар менен мамиле түзүп, чогуу ишмердикти алып барган фактылар кездешет. Азыр уюшкан топтордун байланышы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Тергөө амалдары жүрүүдө. Негизи эле жарандык коом аларга терс мамиле кылып, алар менен байланышка барбай, идеологиясын жактабашыбыз керек. Аларга каржылык колдоо көрсөтүп жатат деген маалыматтар бар", - деди ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев.

Бирок кылмыштуу топ менен байланышы бар деген саясатчы, ишкерлердин ысымын атаган эмес.

Ал тапта сот чечими менен күрөөгө бошотулган Умар Маратовго каршы кайрадан зордуктоо боюнча арыз түшкөнү жергиликтүү тургундарды кооптондурууда.

"Кыргызстанда кайсыл бир кылмышкер кылмыш кылып аны милиция кармап, тергөө жүргүзүп, сотко өткөрөт. Ал эки ай олтуруп чыгып кетет. Бизде мындай болуп калды: саясатка келгендердин айрымдары бийлик башындагылардын колдоосу менен, кээ бири акчасы менен, айрымдары криминалдык топтордун таасири, жардамы менен келип жатышат. Андан кийин уюшкан топтор кылмыш жасаса, сотторго ортого түшкөндөр болуп жатат деп ойлойм. Бул кооптуу көрүнүш", - деди Ош шаарынын тургуну, тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев.

Умар Маратов. Ош шаардык милициясы тараткан сүрөт. Архив
Умар Маратов. Ош шаардык милициясы тараткан сүрөт. Архив


Буга чейин ИИМ жана УКМК жетекчилиги уюшкан кылмыштуу топтор менен аеосуз күрөш жүрөрүн бир нече жолу жарыялаган. Күч органдары мындай топтордун мүчөлөрү кармалганы тууралуу маалыматтарды байма-бай жарыялап турат. Андан ары эмне болгону бүдөмүк бойдон калат. Бир тобу үй камагына бошотулган учурлар да белгилүү.

Буга байланыштуу "каралар" менен күрөштөн майнап чыгып жатабы деген суроо ачык турат.

Күч органдарынын жетекчилиги кылмыштуу топтор менен күрөш жүрүп жатканын айтканы менен аларды жок кылуу боюнча кандайдыр бир иш пландарын жарыялаган эмес.

"Грузиянын ыкмасын колдонуу керек"

Муну эске салган саясат таануучу Төлөгөн Келдибаев кылмыштуу топторду кыскартуу үчүн Грузиянын тажрыйбасын колдонууну сунуштап жатат.

"Буларга карата мыйзам жазуу керек, Грузия сыяктуу. Алар кылмыш жасаганы үчүн эмес, криминалдык топко мүчө болгону үчүн камалышы шарт. Керек болсо уюшкан кылмыштуу топту түзгөнү үчүн жоопкерчилик тартыш керек да. Ошондо гана чыныгы күрөш жүрүп, ар кайсы топтор өзүнөн өзү жоголот. Ички иштер министрлигинин мынча адам атайын тизмеде турат деген сөзү эч нерсени чечпейт".

Расмий маалыматка караганда, ушу тапта ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган.

Улуттук статистика комитети мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайды деген маалымат берген.

Бул статистика 2020-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, аракеттерин күчөткөнүнөн кабар берет деген пикирлерин коопсуздук боюнча эксперттер билдиришкен.

Быйылкы жылы абал кандай болуп калганы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG