Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

"Кумтөр иши": Бабанов жалгыз акталганбы?


 Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев. 28-ноябрь, 2023-жыл.
Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев. 28-ноябрь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине байланыштуу жыйырмага жакын мурдагы жогорку кызмат адамдары жоопко тартылганын билдирди.

Ташиев кылмыш иши козголгондор арасынан мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жалгыз акталып чыкканын айтты.

Түшүнүктүү болушу үчүн Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш иштерин экиге бөлсөк болот.

Бири - кенди Кыргызстан толук алгандан кийинки Тенгиз Бөлтүрүк баштаган мурдагы жетекчилерге козголгон кылмыш иши.

Экинчиси - Кумтөр кени иштетиле баштагандан бери канадалык "Камеко", кийин "Центерра Голд" деген компаниялары менен коррупциялык иштерге аралашты делген мурдагы президент, өкмөт башчы сыяктуу аткаминерлердин кылмыш иши.

Бүгүн экинчиси жөнүндө кеп кылабыз.

Акталган, макталган Бабанов...

Башкы чекист Камчыбек Ташиев 28-ноябрда Таластын Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик жогорку кызматкерлер жоопко тартылганын айтты.

"Кумтөр маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпысынан 20га жакын мамлекеттик кызматта иштеген чоң кызматкерлерди жоопко тарттык. Ошонун негизинде Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алдык", - деди ал.

Ташиевдин айтымында, алардын арасынан мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун гана кылмыш иши далилденген эмес. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов жакында эле мамлекетке жардам иретинде 1 млрд сом бергенин кошумчалады. Ташиев ачылышына барган айыл өкмөттүн имаратын Бабанов куруп берди жана ал дагы иш-чарага катышты.

Бабанов 2021-жылы 31-майда кармалып, 27-июлда абактан чыккан. УКМК Бабановдун бошотулушун “саясатчы четте дарыланууга муктаж” деп түшүндүргөн. Абактан чыккан саясатчы өлкөдөн чыгып кетип, бир нече айдан кийин кайтып келген.

Андан бери Бабановдун иши эмне болгону белгисиз.

2011-2012-жылдары өкмөттү башкарган Бабановго “Кумтөр ишин” тергөөдөгү далилдердин негизинде “коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Саясатчы айыптоону “абсурд” деп атаган.

2021-жылы 11-августагы УКМКнын “Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары” деген билдирүүсүндө Бабановдун жоопко тартылганы жазылып жүрөт.

“2012-2014-жылдар аралыгында Centerra компаниясынын кызыкчылыгында, өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерди жасоо боюнча териштирүү менен аныкталган фактыларга байланыштуу, экс-премьер-министр Ө.Бабанов, биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев, спикер жана депутаттар А.Жээнбеков, Т.Узакбаев, А.Баатырбеков, И.Пирматов, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлдөрү Д.Нарынбаев жана Д. Молдошева жоопко тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошентип, башкы чекист Ташиевдин бир топ жылдардан бери саясаттан кеткен Бабановду актоо сөзү саясий айдыңда түрдүүчө талкууланып жатат. Муну Бабановдун саясатка кайтып келүү аракети болушу мүмкүн дегендер дагы жок эмес. Буга чейин ал азыркы өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен дагы бир иш-чарадагы сүрөттөрү жарыяланган.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков мындай деди:

"Ымалалашып калган бир муундун саясатчылары. Чогуу шайлоого чыгып жүргөндөрүн дагы эл билет. Кечээги сөз Бабанов кандайдыр бир жолдор менен азыркы бийликтин тилин таап, өзүн саясатта реабилитациялоо аракетинен кабар берет. Кайрадан кийинки шайлоолорго даярдануу десек болот. Тилекке каршы, ушул муун ымалалашып эле саясаттан 30 жылдан бери кете элек".

Акаев “акталып”, Бакиев кайра соттолуп, Атамбаевдики белгисиз

“Кумтөр ишинен” толук кутулгандардан тунгуч президент Аскар Акаев белгилүү. Май айында президент Садыр Жапаров Кумтөрдү Кыргызстанга алууга Аскар Акаевдин көрсөтмөлөрүнүн жардамы тийгенин айткан.

2005-жылы Март окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Акаев Кумтөр боюнча эки жолу көрсөтмө берип кетти. Андан кийин Акаев Орусиянын "Московский комсомолец" басылмасына курган маегинде ага карата "бардык иштер жабылганын" айткан болчу.

Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев.

Ал эми Беларуста качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган жети кишиге “Кумтөр иши” боюнча 2023-жылы 1-мартта сот өкүмү чыккан. Бирок өкүм коомчулукка беш айдан кийин ачыкка чыгып, Курманбек Бакиев дагы бир жолу сыртынан соттолгону белгилүү болду.

Биринчи Май райондук соту Бакиев боюнча “мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу мурдагы чечимдерге кошуп жалпы 30 жылга соттолду” деп билдирген.

2021-жылы июль айларында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кумтөр боюнча сөзүндө Атамбаев менен Исаковдун аттары аталган. Анда 2017-жылкы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү жараяны жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган. Бул маселе эмне болуп чечилгени белгисиз.

“Кумтөр ишине” илинген мурдагы өкмөт башчылар

Атайын кызмат 2021-жылы июль айында тараткан маалыматка ылайык, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Игорь Чудиновго издөө жарыяланган.

2021-жылы августта камалган мурдагы премьер-министр Темир Сариевге башында 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы “экологиялык чыгымдарды” азайткан деп иш козголуп, кийин 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо-кен планы боюнча "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Ошентип, Сариев 20-ноябрда эркиндикке чыкты. Сариев Кумтөр боюнча коюлган айыптар далилденбегени үчүн териштирүүнүн жүрүшүндө жокко чыкканын айтып жүрөт.

"2015-жылы июль айында өкмөттүн буйругу чыккан. Ал Кумтөрдү үзгүлтүксүз иштетүүнү камсыз кылып берүү боюнча "Тоо кен долбоорун" бекитип берүү жөнүндө болчу. Анткени Кумтөр жыл сайын өзүнүн программасын өкмөттөн бекиттирип турат. Азыр тергөө жүрүп жатат, убакыт келсе, биз аны далилдейбиз. Ал жерде дагы мамлекеттик, экономикалык кызыкчылык гана болгон", - деп айткан ал "Азаттыктагы" маектеринин биринде.

Ошол мезгилдерге удаалаш эле кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев камалып, көп өтпөй үй камагына чыккан. УКМК Оторбаевди кызматта турганда Кумтөр кени боюнча "чет элдик ишкананын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алган” деп айыптаган.

2021-жылы декабрда Биринчи Май райондук соту Оторбаевди "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул салган.

2021-жылы “Кумтөр иши” боюнча айыпталган дагы бир премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп бергенден кийин үй камагына бошотулган.

2022-жылы Абылгазиев өзүнө карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген. Абылгазиевге “өкмөт башчы болуп турганда "Кумтөр Голд Компаниге" кошумча жер бөлүп берүүгө шарт түзгөн токтомго кол койгон” деп айып коюлган.

Экс-төрага баштаган депутаттар, аткаминерлердин иши

2021-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган Кумтөр кени боюнча келишимдерге катышкан парламент комитеттеринин башчылары, мүчөлөрү Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбековдор камалып чыкты.

Мындан сырткары “Кумтөр” ишине президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов сыяктуу ар кандай кызматтарда болгон мурдагы аткаминерлер да илинди. Аталган адамдар ар кандай жагдайда абактан чыгып, айрымдары айып пул төлөдү. Бирок укук коргоо органдары кылмыш иштери жөнүндө кенен маалымат берген жок.

Кимдер, эмне үчүн жоопко тартылганы белгисиз

Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн парламент төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков кен ачылгандан бери чиеленишкен коррупцияга катышкан өлкө жетекчилери тийиштүү жазасын албай калды деп эсептейт.

“Алардын ичинен өлүп калгандар да бар. Мисалы, Танаев эң оор келишимге кол койгондордун бири болгон. Көзү тирүүлөрдөн Чынгышев Торонтого барып кол коюп келген. Ушул сыяктуу шектүү кол койгондор көп. “Кыргызалтындын” жетекчиси Дастан Сарыгулов жүрөт. Өкмөт башчы Абылгазиев 16 гектер жер үчүн кол койгон. Ал ошол кездеги президент Жээнбековдун уруксаты жок болмок эмес. Демек, ар бири өз кылмышына жараша жоопко тартылышы керек. Сапар Исаков дагы сот чечимдерине карабай келишимге кол койгон. Мамлекетке зыян келтирилип, келечегине балта чабылган. Ким, кайсы күнөөсү үчүн кандай жаза алганын коомдун билүүгө акысы бар. Ал ачык жарыяланышы керек. Муну тарых кайталанбашы үчүн жасашыбыз керек”, - деди Исабеков.

Бирок ошол учурда бийликке жакын эксперттер аткаминерлердин камалышын Кумтөр боюнча эл аралык сотко даярдык менен байланыштырган. Азыр Германияда элчи, ошол кездеги саясатчы Өмүрбек Текебаев 2021-жылы бул версияны кармангандардын бири болгон.

"Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак, дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, далилдик базабызды бекемдөө катары карашыбыз керек", - деген Текебаев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы апрель айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголгонун билдирген.

Анын маалыматында иш козголгондор арасында мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, алты премьер-министр бар. Арасында сегиз адамга айыптоо өкүмү чыккан. Өлкөнүн сыртында жүргөн жети адамдын жана башка шектүүлөрдүн иши тергелип жатканын билдирген.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы май айында алып, 2022-жылы апрелде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Башкы прокуратура Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердикке байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG