Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

"Аймактык изилдөөлөр:" Этникалык чыңалуу сакталууда


Айрым талдоочулар этностор аралык мамилени чыңдоону бала бакчадан баштоо керектигин айтып келишет. (Сүрөттө: Оштогу Айданек балдар бакчасы.)
Айрым талдоочулар этностор аралык мамилени чыңдоону бала бакчадан баштоо керектигин айтып келишет. (Сүрөттө: Оштогу Айданек балдар бакчасы.)

Этностук саясаттын чабалдыгы, улутчул маанайдын күчөшү, укук коргоо органдарынын улуттук азчылыктарды кодулоосу айтылат.

Изилдөөгө ылайык, улуттар арасындагы мамилелердин чыңалышына мамлекеттин этностук саясатынын чабалдыгы, улутчул маанайдын күчөшү жана укук коргоо органдарынын улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн кодулоосу себеп болууда. Мамлекеттик органдар болсо мындай маалыматтын орунсуз экенин билдиришүүдө.

Чыңалуу кантип чыгууда?

Июнь коогасынын эки жылдыгы алдында “Аймактык иликтөөлөр” институту этникалык абал жөнүндө изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Изилдөөнүн жыйынтыгында этникалык абал 2010-жылга салыштырмалуу бир аз турукташканы, бирок дале чыңалуу сакталып жатканы айтылат.

Аталган институттун директору Атыргүл Алишеванын айтымында, иликтөөгө катышкан жарандардын 15 пайызы гана этникалык абалды оң деп бааласа, 73 пайыздан ашууну чыңалуу дале болсо сакталып турганын белгилешкен. Изилдөө өткөн жылдын октябрь-декабрь айларында Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарынын тургундарынын арасында жүргүзүлгөн

Атыргүл Алишева “Азаттыкка” улуттар аралык мамиленин курчуткан факторлор кайсылар экенин төмөнкүчө санап берди:

- Албетте, июнь окуясынан соң калк биримдикке аракет кылып жатат. Бирок улут аралык мамиленин чыңалышына себеп болгон факторлор абдан эле көп. Изилдөө жыйынтыгында бул факторлордун алдыңкы сабында ар кыл саясий күчтөрдүн, саясатчылардын улутчул маанайдагы чакырыктарын, дегеле улутчул маанайдын күчөшүн айтсак болот. Муну менен катар ММКлардагы этникалык темаларды чагылдырууда стереотиптик образдардын колдонулушу, укук коргоо органдарынын, бажы кызматынын этникалык азчылыктарды кодулоосу жана жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу социалдык маселелердин этникалык мүнөзгө өтүп кетиши себеп экен. Ошондой эле биздин сурамжылоого катышкан респонденттер мамлекеттин жүргүзүп жаткан этникалык саясатына бир тараптуу терс баа берип жатышты. Мына ушунун баары коомдо белгилүү чыңалууну пайда кылып жатат.

Сурамжылоого катышкан жарандар бийликтин элдин ынтымагын бекемдөө аракетинен майнап чыкпаганын белгилешкен. Мындан улам изилдөөчүлөр мамлекеттин аныкталган этникалык саясаты жок деген жыйынтыкка келген.

Этникалык саясат жокпу?

Анткен менен мамлекеттик органдар иликтөөнүн мындай жыйынтыгына макул эмес. Маселен, президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аблабек Асанкановдун айтымында, мамлекет түштүктөгү окуялардан соң абдан көп аракет жумшап, улут аралык абалды жөндөй алды:

- Этникалык саясат жок деп жатышат. Андай саясат бар. Эмне үчүн жок экен. Бирок ошол саясат толук, эффективдүү болбой жатышы мүмкүн. Изилдөөдө деле социалдык маселелер себеп болуп жатат деп жазып жатпайбы. Ошол сыяктуу эле социалдык маселелер улуттук саясатты басып кетип жатат. Кептин баары ушунда. Болбосо улуттук саясат бар, конституция менен бардыгына бирдей укук берилген, эч кимди эч ким дискриминациялаган жок. Улуттук саясат буга чейин деле жүргүзүлүп келген, азыр деле жүргүзүлүп жатат.

Ошентсе да изилдөөчүлөр улуттук азчылыктардын өкүлдөрү мамлекеттик кызматтарга кире албай жатканын, мамлекеттик кадр саясаты адилетсиз деп даттанганын баса белгилешти. Айрыкча, Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоо кызматкерлери өзбек тектүү жарандарга жөнсүз ыдык көрсөтүп жатат деген жүйөө айтылууда.

Алардын бири катары Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо кызматынын башчысы Валентина Гриценко төмөнкүдөй мисалды келтирди:

- Этникалык азчылыктарды дискриминациялагандарга чара көргөн 299-берене боюнча биз июнь окуясынан соң 40 чакты иш менен тааныштык. Алардын баары өзбек тектүү жарандар эле. Бул берене улуттук азчылыктардын пайдасына каралчу иштерге келгенде эле иштебей калат. Ал эми укук коргоо органдарынан ыдык көргөндөр тууралуу айта турган болсок, мындайга туш болгондордун көпчүлүгү Орусия же Казакстанда иштеп келгендер. Укук коргоо органдары кандайдыр бир жолдор менен аларга жолугушуп, "кайсы бир сумманы бер, болбосо июнь окуясына тиешең бар деп камап коёбуз, атайын жалданган күбөлөрдүн тобу бар, алар сотто сага каршы далилдерди айтып беришет” деп коркутуп киришет. Дал ушундай механизм азыр ийгилктүү иштеп жатканын айта алабыз.

Укук коргоочунун бул сөзүн Ички иштер министрлиги четке кагууда. Маселен, ИИМдин экстремизм, улуттук аралык чыр-чатакка жана мыйзамсыз миграцияга каршы чара көрүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбековдун маалыматында, тескерисинче этникалык ажырымды ырбаткандарга катуу чаралар көрүлүп, 2011-жылы бул боюнча 160 кылмыш иши ачылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев болсо улуттук азчылыктарды кодулаган фактылар катталбаганын айтат:

- Мындай бизде эч качан болгон эмес. Дегеле милция улутуна карап бөлүп, анан иш кылбайт. Бул Гриценконун сүйлөөргө сөзү жок эле жөн жерден айтып койгон жөнсүз сөзү. Эгер тиешелүү далилдери болсо бизге кайрылсын.

Канткен менен адистер этникалык олку-солку абалдан чыгып, улут аралык биримдикти күчөтүү үчүн мамлекет бир катар чечкиндүү кадамдарга барышы керек деп эсептейт. Алардын алгачкысы катары паспорттогу улутун көрсөткөн графаны алып салуу сунушталууда. Буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бир канча жолу мындай сунушту колдой турганын билдирген эле:

-Түштүктөгү кыргыз жамааты менен өзбек жааматынын ортосунда бир топ келишпес маселе бар экен, интеграция жок. Бул жерде бир эле чечим бар. Эгерде бири-бирине каршы туруу саясатынан эки жамаатты биригүү жолуна алып чыксак, кыргыз-өзбек дебей, Кыргызстандын жараны катары бириктирип кетсек, мындай каргашалуу окуялар токтойт.

Эми болсо президенттик аппарат тарабынан улуттук саясат боюнча атайын концепция иштеп чыгып, ага ылайык Кыргызстандын жарандарынын паспортундагы улутун көргөзүү, же көргөзбөө өз эркине коюлары белгилүү болду. Жаңы Башмыйзамга ылайык, президенттин мыйзам демилгелөө укугу жок болгону үчүн бул концепция жакын арада өкмөткө жөнөтүлөт. Өкмөт болсо парламентке сунуштап, мыйзам чыгаруу органы бул боюнча акыркы чечимди кабыл алышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG