Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Кыргыз боксундагы кризис: машыктыруучулардын арызы


Токио Олимп оюндарына Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы бир дагы лицензия алган жок. Иллюстрация.
Токио Олимп оюндарына Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы бир дагы лицензия алган жок. Иллюстрация.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти?

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты.

Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди.

Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы Нурлан Исмаилов бардык машыктыруучулар олимпиадалык цикл боюнча төрт жылда бир кайра дайындалат дейт.

“Жусубалиев Данияр агайды (башкы машыктыруучу-ред.) эч ким кетирген жок. Ал өз каалоосу менен "цикл бүттү" деп арыз берди. Жылдын аягына чейин дагы мелдештер болгондуктан арызды кабыл алган жокпуз. Машыктыруучу курам менен кеңешип, федерация менен чогулуш өткөргөндөн кийин кайсы машыктыруучулар менен төрт жылга келишим түзөрүбүзгө сунуш берет. Ошого карата чечим чыгарабыз”, - деди Исмаилов.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, бокс боюнча курама командага төмөндөгүдөй каражат бөлүнгөн.

  • 2018-жыл - 4 млн. 515 миң сом
  • 2019-жыл - 8 млн. 452 миң сом
  • 2020-жыл - 3 млн. 277 миң сом
  • 2021-жыл - 4 млн. 686 миң сом.

Бокс тармагында көйгөй көп...

Данияр Жусубалиев
Данияр Жусубалиев

Бокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев келишим аяктаганына байланыштуу кызматтан кетип жатканын билдирди. Жусубалиев “акча каражатына байланыштуубу” деген сурообузга “бокс тармагында көйгөй көп” деп кыскача гана жооп берди.

Ал эми арыз жазды деген дагы бир машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу “төрт жылдык цикл аяктагына байланыштуу” деп гана кыскача пикирин айтты.

“Төрт жылдык цикл бүттү. Эми кайра федерация келишим түзүп, өкмөт бекитиши керек. Өкмөт тараптан жакшы эле акча болот. Болгону федерация жакшылап иштеши керек”, - деди Улан Төлөнбай уулу.

Бокс федерациясына айтылган сын

Соңку мезгилде айрым спорт серепчилери Кыргызстанда бокс тармагы кризиске кептелгенин айтып, буга федерацияны күнөөлөп келишет. Акыркы Токио Олимп оюндарына бул спорттун түрүнөн бир дагы мушкер лицензия алган жок. Мурдагы курама командалардын биринин мүчөсү, ысымын атагысы келбеген мушкер пикири менен бөлүштү:

“Мисалы, күрөш же дзюдо федерациясын алып карайлы. Алар мамлекетти гана карап отура бербестен демөөрчү издеп, карыздап болсо да балдарын мелдешке жибергенге аракет кылат. Биздики бир гана мамлекетти карап отурат. Мындайча айтканда, жумушка көңүлү жок. Муну баары эле билет, бирок машыктыруучулар, спортчулар эч кимиси федерацияга ачык айтпайт. Машыктыруучуларга деле баары бир болуп калды. Эптеп айлык алса, жер көрсө болду. Өзбекстандагы Олимпиада чемпионунун машыктыруучусу кыргыз улутундагы Зиятдинбек Тойгонбаев деген бар. Үч-төрт жыл мурун Шопоков турнирине келгенде сүйлөшкөм. Ал "Кыргызстанга башкы машыктыруучу болуп бер" десе "макул болмокмун" деген. Федерация ушундайларды издеши керек болчу”, - деди спортчу.

Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпионатында биринчини багынткан мушкерлер. Ортодо пальто кийип турган Бакыт Калмурзаев.
Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпионатында биринчини багынткан мушкерлер. Ортодо пальто кийип турган Бакыт Калмурзаев.

Кыргызстанда Бокс федерациясынын президенти болуп Бакыт Калмурзаев иштеп келет. Ал эми анын орун басарлары “Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев жана дүйнөнүн бокс боюнча бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаров.

Федерациянын вице-президенти, “Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев бокс тармагын өнүктүрүү үчүн каржы керек экенин билдирди.

Умбеталы Кыдыралиев.
Умбеталы Кыдыралиев.

“Кеп федерацияда эмес. Федерация деген коомдук бирикме, коомдук башталгычтагы иш. Азыр бир аз өйдө-ылдый болуп жатат. Кудай буюрса бул маселе чечилет. Буюруса, боксту эл аралык деңгээлге чыгарабыз”, - деди Кыдыралиев.

Анткен менен профессионалдык бокс боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан мушкер Алмазбек Райымкулов спорттун бул түрүнө демөөрчүлөрдү тартуу жеңил жана мамлекеттен бөлүнгөн акчага жакшы жыйынтык көрсөтсө болот деп эсептейт. Райымкулов бокс тармагынын жетекчилерин кескин сындады.

“Акча өкмөттөн, ишкерлерден келет. Сүйлөшүп, аракет кылса "спортту көтөрөлү" деп салым кошкону демөөрчүлөр келет. Бирок, алардын кошкон салымы спортчуларга жетпей калып жатат. Калмурзаев, Кыдыралиев, Назаров жана башкалары бар бокс өнүгөт? Буларды бетине айта берип душманга айландым”, - деди Райымкулов.

Спорт тармагын чагылдырып жүргөн журналист Самат Жумакадыров өз блогунда спорттун бул түрүнө көңүл бурулбай жатканы өкүнүчтүү экенин жазды.

Самат Жумакадыров.
Самат Жумакадыров.

"Азыркы учурда боксту өлкөдө жыйынтык көрсөтпөй калган спорт түрлөрүнүн катарына кошуу осол иш. Себеби, бокс мектептер жана базалар, тажрыйбалуу машыктыруучулар катардан четтей элек. Спорт агенттиги спорттун бул түрүнө далысын салса, колдогу бар алтын агып кетмекчи".

Кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарынан байгелүү орундарга илине элек. 2016-жылы мушкер Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарында жалгыз лицензия алган. Андан мурун 2008-жылы кыргыз мушкерлеринин ичинен Асылбек Таласбаев гана жалгыз лицензия алган.

Буга чейин Кыргызстандын Күрөш федерациясы спорттун бул түрүнө мамлекеттен жетиштүү колдоо болбой жатканын айтып, кайрылуу тараткан эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG