Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстандан Өзбекстанга барган туристтердин саны арбыды. Бишкек жана Ош шаарларда эс алуу жана бизнес турларын уюштурган агенттиктердин саны көбөйүүдө.
23 жаштагы Белек беш күн мурда Өзбекстандын бир нече туристтик шаарын достору менен кыдырган. Алар өзбекстандык айдоочуну жалдап, Ташкент, Наманган шаарларын үч күндө көрүүгө үлгүргөн.
"Шаарлары аябай кооз, бак-дарактар көп экен. Туристтерге болгон мамилеси, шарттары да жакшы. Биз көбүнчө сейил бактарына, оюн-зоок жайларына бардык. Бирок ысык кыйнап жиберет экен. Түнкүсүн эле шаар кыдырбасаң, күндүз ысыкта чыдай албайсың".
Июндун башында Өзбекстан туристтерди өлкөгө киргизүү үчүн ПЧР-тест жана эмдөө документтерин талап кылган жол-жобону жокко чыгарган. Ушундан улам миң чакырымдай алыстыкта турган коңшу өлкөгө Кыргызстандан каттаган туристтер көбөйдү.
Бишкекте Ташкентке, Самаркандга, Бухарага атайын тур уюштурган компаниялар көбөйүп, бир күндөн бир жумага чейинки саякат пакеттерин сунуш кылууда.
Эң арзаны 8 миң сомдон башталган саякатка азыр студенттер, жөнөкөй жарандар да кызыгууда.
Социалдык тармактардан Кыргызстандан Өзбекстанга тур уюштуруп жаткан бир нече агенттиктин жарнамасын көрүүгө болот. Алардын бири үч күндүк турдагы экскурсия жана шарттар тууралуу буларды айтты:
"Автобус менен түндө жолго чыгабыз. Уктап барсаңыз болот. Ал жакта үч күн, эки түн болобуз. Жаткан жериңиз, транспортко кеткен чыгым ушул акчанын ичинде. Туристтик жайлар, шаардын кооз жерлерин кыдыртабыз. Тамак-ашы арзан, даамдуу. Көп акча коробойт".
Кыргызстандыктар коңшу өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз саякаттай алат. Бишкектеги турагенттиктердин автобустары Өзбекстанга аптасына бир жолу каттап, 40тай адам топтойт.
Казакстанда иштеген Элвира жолдошу, беш баласы менен атайын Бишкекке келип, Ташкентке тур сатып алган. Ал чек арада кезек күтүү туристтерди бир топ түйшүккө салганын айтып отурду:
"Балдарым менен жайдын ысыгында тогуз саат кезек күттүк. Кийимдерибизди, жүктөрдү аябай кылдаттык менен тинтип чыгышты. Аябай жиндендим. Балдар ысып, суусап кыйналды. Чынын айтсам, Өзбекстанга кире электе көңүлүм кайт болду. Бир канча шаарды кыдыралы дегенбиз. Бирок жолдогу убаракерчиликтен кийин Ташкенттин айланасында эле болууну чечтик".
Элвира үй-бүлөсү менен Өзбекстанда үч күн болгон. Алар бул убакытта шаардын тарыхый жерлерин кыдырып, балдар үчүн оюн-зоок жайларына көбүрөөк барышкан. Ал жергиликтүү элдин туристтерге болгон мамилесине да токтолду:
"Кыргыздар Өзбекстанга аябай көп барат экен. Кайда барбайлы жолуктуруп жаттык. Тартип бекем болгону үчүнбү, жергиликтүү эл меймандос экен. 100 долларды алмаштырсак, миллиондон ашык сум болду. Үч күнгө ошол эле акча жетти. Тамактары даамдуу жана арзан экен. Баарынан мага шаардын тазалыгы жакты. Канчалаган турист барганы менен улам жыйнап, тазалап турат экен".
Расмий маалыматка таянсак, жыл сайын Өзбекстанга Кыргызстандан жарым миллиондон ашык адам кирет.
Өзбекстандын өкмөтү өлкөгө кирүүгө уруксат берген 2017-жылдан тарта Кыргызстандын туристтик фирмалары жигердүү иштей баштаган.
Оштогу туристтик агенттиктердин Өзбекстанга каттамы жана тейлөө баасы Бишкектикинен кыйла арзан. Анан калса "Достук" чек ара бекетинен өткөндөн кийин Ташкентке алты саатта эле жетсе болот.
Мисалы, биз кайрылган агенттиктердин биринин менежери Өзбекстан багыты боюнча турларга суроо-талап көп экенин айтууда. Компания Ташкентке эле эмес, бир канча шаарларга да тур сунуштайт экен.
"Өзбек тектүү айдоочулар "Достук" чек ара бекетинде күтүп турат. Алар гиддин ролун аткарат. Азыр Ташкенттин өзүнө жана Ташкент, Бухара, Самарканд багыты боюнча эки турду сунуштап жатабыз. Акыркы үч жылдан бери Кыргызстандан коңшу өлкөгө барган туристтер көбөйдү. Быйыл мурдагыдан көп. Биз азыр 60-65 долларлык турларды сунуштап жатабыз".
Эс алуу турларынан тышкары Өзбекстанга атайын бизнес-турларды сунуштаган агенттиктер иштей баштады. Мындай турлардын баалары алты миң сомдон жогору.
Чек ара эрежеси боюнча бир адам 25 кг жүктү акысыз алып чыгат. Калган жүккө бажы төлөмү алынат. Бишкектин базарында иштеген чакан соодагерлердин мындай турга кызыгуусу күч.
"Товарлар ар кандай. Кийим-кече, идиш-аяк, оюнчук жана башка. Ишкер саткан товарына байланыштуу баарын таба алат. Мурда "Хоргоско" ушундай турларды уюштуруп келгенбиз. Азырынча ал жакка жол жабык. Мурдагы кардарларды эми Ташкентке алып барып жатабыз. Алар апта сайын товар алып келип, базарга чыгып сатат", - деди бизнес-тур уюштурган фирманын Анастасия аттуу өкүлү.
Согуш жана тынчтык институтунун акыркы маалыматында, Өзбекстанда 2016-жылы бийлик алмашкандан кийин Шавкат Мирзиёев туризмди жайылтууну колго алган.
2005-жылы бул өлкөгө дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн 240 миң, 2017-жылы 2,7 миллион турист барган.
Кыргызстандыктар чек арадан ID-карта менен өтө албайт, тышкы паспорт суралат. 2017-жылга чейин кыргызстандыктар Өзбекстанга туугандарынан расмий чакыруусу менен гана кире алышчу.