Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Унутулган баатырды урпактардын эсине салуу


Жумгалдын Байзак айылында Түлкү уулу Качыке баатырдын айкели ачылды. Нарын облусу. 23.9.2017.

Качыке баатырдын өмүрү кыргыз жерин калмактардан бошотуу, элдин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо абыгерчилигинде өткөн. Улут тарыхынын опуртал учурларында намыска жараган мындай эл башчыларынын көбүнүн аты аталбай, урпактарынын эсине салынбай келген.

Качыке баатырдын тарыхый орду тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев, журналист, публистчи Айбек Шамшыкеев ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Бүгүн биз Качыке баатыр тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Ушул тапта улуттун өзүн-өзү аңдоосу, эс сактамын калыбына келтирүүсү активдүү жүрүп жаткан кези. Мурда аты аталбай, аты айтылбай келген баатырлар, коом турмушунда чоң роль ойногон белгилүү инсандар жөнүндө кеп кылуу сөзсүз керек. Мына, жакында Качыке баатырдын эмгегине баа берүү иш-чарасы өттү. Рыскул мырза, кепти ушундан баштасак.

Жолдошев: Кыргыздын тарыхына кайрылганда элдин эсинде калган маанилүү көптөгөн окуялар ушул кезге чейин көп эскерилбей келатат. Ошондой окуялардын бири катары кыргыз элинин жунгар калмактарын талкалап, алар басып алган кыргыз жеринин түндүгүн калмактардан бошотууга катышкан ири инсандар тууралуу эскерүүлөр азыраак. Ушул окуяга катышкан саяк уруусундагы Кулжыгач тукумунан чыккан Айттын уулу Түлкү менен анын уулу Качыке тууралуу сөз кылсак болот.

Рыскул Жолдошев.
Рыскул Жолдошев.

Жунгар калмактары көпчүлүк илимий адабияттарда Кытай тарабынан талкаланып, тукум курут болгондугу жөнүндө баяндалып келатат. Алар калмактарды аябай кырып, анан жеринен кууп чыгышкан. Бирок бул окуялар XVIII кылымда, башкача айтканда, 1758 – 1760-жылдары болгон.

А бирок калмактарды кытайлыктар талкалаганга чейин эле кыргыздар 1752 – 1754-жылдары, 1756-жылдын аралыгында калмактарды кыргыз жеринен сүрүп чыгып, түндүк аймакты кытай келгенче эле бошотушкан. Ошону көп эске алышпайт. Кыргыздар калмактардын хандыгы начарлаган маалда согуштук аракеттерин күчөтүп, өз жерин калмактардан бошотушкан.

1758-жылы кытай аскерлери калмактарды талкалап келип Ысык-Көлдө Каркырадан алар калмактар менен жолугушабыз деп ойлошкон экен, бирок кыргыз аскерлери менен жолугушкан. Ошол кыргыз аскерлерин башкарып, кытайлар менен биринчи жолуккан адам, ханзуча "Си юй чжи" болгон. Бул киши Айттын уулу Түлкү экен. Бул кытай жана башка тарых булактарында да бар. Адегенде атышып кетип, бирок кийин башка эл экен деп таанышкандан кийин Түлкү “биз кыргызбыз, биз калмак эмеспиз” деп, Ысык-Көлдүн Каркырасында кездешкен. Ушул фактыны эске албай жүрүшөт.

Мына ушул кыргыз жерин бошоткон баатырлардын бири Түлкү, анын уулу Качыке болгон. Качыке XVIII кылымдын биринчи жарымында 30-жылдары туулуп, XVIII кылымдын 2-жарымында жашап өткөн инсан. Атасы жөнүндө кытай булактарында жазылып калган маалыматтар бар. Түлкү, аны менен бирге жүргөн бийлер тууралуу айтылат.

Түлкү кытайларга: “Бизди Маматкул бий башкарат” деп айткан. Андан башка Акы деген башчыбыз бар деп билдирген: “Түндүккө 15 уруу эл келдик, 10 уруусу оң канат, 5 уруусу сол канат” деп.

Калган кыргыздар Анжыянда калды деген маалыматтар бар. Калмактарды бошотууда салым кошкондордун арасында Бердике, Атаке баатырлар болгон. Эсенгулду айтып жүрөбүз, Болот бийди айтып жүрөбүз.

Мына ошолордун катарында Качыке да болгон, кыргыз жерин бошотууга активдүү катышкан кыргыздагы белгилүү инсан болгон. Кийин бул киши бий болуп, уруу башкарып өрөөндөгү белгилүү манаптардын бири болгон.

“Азаттык”: Айбек мырза, белгилүү инсандар тууралуу китеп жазып келатасыз. Мыскал Өмүрканова тууралуу жакшы эмгек жаздыңыз. Куйручук даанышман тууралуу жазып жүрөсүз. Качыке баатырды эскерүү иш-чарасынын мааниси эмнеде?

Шамшыкеев: Качыке баатырды изилдеп, анын эмгегин эскерип жатышыбыздын бир себеби, анын улуттук баатыр экенинде. Калмак-жунгар согушунда башында турган баатыр унутта калбасын, кийинки урпактар биле жүрсүн деп биз бир иш баштаганбыз. Анын урпактары биригип эстелигин тургузалы же күмбөзүн салалы деп кеңешип, күмбөз тургузууну чечтик. Баатырга арнап чоң күмбөз тургуздук, чыгыш стилинде, жолдун боюнда. Курулушу бүттү.

Айбек Шамшыкеев.
Айбек Шамшыкеев.

Тарыхчылар менен такташа келгенде туулган жылын табыш кыйынга турду. Эл арасында урпактарын муундан-муунга сүрүштүрүп отуруп 285ке токтолдук.

Өкмөт токтому менен эмес, элдин демилгеси менен уюштурулган бул маараке чаралары Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Байзак айылында 23-сентябрда өттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG