Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Уралиев: Мага кол салган киши жансакчы экен


Журналист чөнтөк телефону аркылуу көрсөткөн түз эфирден үзүндү сүрөттөр. 11.06.2020
Журналист чөнтөк телефону аркылуу көрсөткөн түз эфирден үзүндү сүрөттөр. 11.06.2020

Бишкекте Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылды. Милиция "майда ээнбаштык" деген берене боюнча сотко чейинки териштирүү баштады.

"Азаттык" радиосуна курган маегинде журналист 11-июнда "Кайнар" ресторанында коронавируска байланыштуу чектөөгө карабастан эл көп чогулуп жатканын, арасында белгилүү аткаминерлер да бар экенин угуп, репортаж даярдоо үчүн барганын, натыйжада кол салууга кабылганын айтып берди. Уралиев ал адам мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун жансакчысы деп боолгоп жатат, бирок саясатчынын өкүлдөрү бул окуяга алардын тиешеси жок экенин билдиришти.

“Барсам, кишилер кирип кетишиптир. Каптал жагында күтүп турдум. Официанттар чыгып, колго суу куя башташты. Ошол учурда тартайын деп барсам, белгисиз бирөө тоскоолдук кыла баштады", - дейт журналист.

- Чөнтөк телефонуңузга тартып жаттыңызбы?

- Тарта электе эле “Тартасызбы?” деп сурады. “Ооба, журналистмин” десем, “Тартканга болбойт” деди. “Себебин айтыңыз. Мен көчөдө, тротуарда турам. Ресторандын ичине кирген жокмун” десем, “Себеби жок. Жөн эле тартканга болбойт” деп колумду бурай баштады.

Мен ары чуркап кетип, түз эфирге тарта баштадым. Ошого карабай колумду толгоп, тоскоолдук жаратты. Жулунуп чыгып, көчөнү бойлой 100 метрдей жогору чыктык. Ал жактан да кайра-кайра колго чапкылап, муунтту.

Бир убакта рациядан бирөөлөр “Коё бер” деп айткандан кийин коё берди. Ошондон кийин ресторандын алдына барсам, кымбат баалуу машиналардын көбү кетип калыптыр.

- Сизге тоскоолдук кылган адам ким экен, сурадыңызбы? Жооп бердиби?

- Жок, айткан жок. Журналисттер ал жигит Өмүрбек Бабановдун (мурдагы премьер-министр – ред.) жанында жүргөн жансакчысы деп таанышты.

- Түз эфир учурунда жаныңыздан өтүп бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевден, милициядан жардам сурап жатканыңызды көрдүк. Эфирдин сыртында алардан кандайдыр бир реакция болдубу?

- Жок, депутат Карашев карабастан, башын жерге салып өтүп кетти. Милиция кызматкерлери жолдо баратышкан экен, аларга да жардам сурап кыйкырдым. Машинени токтотумуш болуп, айдап кетишти. Эч кандай реакция болгон жок.

- Ал адам сизди колуңуздан тартып жатканы көрүндү. Андан башка зомбулук жасаган жокпу?

- Колумду толгоду. Эки-үч жолу муунтту. Ылдый эңкейип, чыгып кетейин десем, кадимкидей күрөшкөндөй эле муунтту.

- Сиз ал жакка эмне максат менен бардыңыз эле?

- “Кайнар” ресторанында өкмөттөн, “Ак үйдөн” чоң кызмат ээлеген адамдар куран окутууга чогулуп жатышыптыр дегенинен видеого тартайын деп баргам. Карантин учурунда 50 адамдан көп чогулууга болбойт да. Эмне үчүн аткаминерлерге болот, карапайым элге болбойт?

- Сизге күч колдонулганына байланыштуу милицияга арыздандыңызбы?

- Ооба, жарым сааттан кийин өзүмө келип, милицияга “102” номуруна чалдым. Ошол жерге келишти. “Белгисиз бирөө кол салды, колумду толгоду, муунтту, видеого тартууга тыюу салып, көчөдөн көчөгө кубалады” деп арыз жаздым.

- Түз эфирден кийин ал адам менен сүйлөшө алдыңызбы? Сиз бирөөнүн менчигине кирбегениңизди, көчөдөн эркин жүрүү укугуңуз бар экенин түшүндүрдүңүзбү?

- Аны түз эфир учурунда деле айтып жаттым. Уккан жок. Эфир бүткөндөн кийин ал киши ресторандан чыгып жаткан көп элге аралашып, көрүнбөй кетти.

- Андан кийин “Кайнар” ресторанынын администрациясы менен байланыша алдыңызбы?

- Ресторан эшигин жаап алды. Милицияны чакыргандан кийин ошолор кирип жатышкан. Бизди киргизбей коюшту.

- Андан кийин сиздердин сайтыңыздарга ресторандын ичинен эл кеткенден кийин тартылган сүрөттөр чыкты. Ал сүрөттөрдү ким жана качан тарткан?

- Мэриянын кызматкерлери келген экен “50 кишиден көп чогулду, айыппул салабыз” деп. Менин билишимче, алар видеого тартабыз десе күзөтчүлөр телефондорун алып коюшуптур. Сүрөттү мэриянын кызматкерлери тарткан экен.

- Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?

- Арыз жазып койдум. Кабарчы катары жеке коопсуздугубузду күчөтүшүбүз керек окшойт. Аткаминерлердин жансакчылары көчөдөн, коомдук жайдан тартканга ушинтип тыюу салып жатышса....

P/S: Интервьюда аты аталган мурдагы өкмөт башчы Бабанов өзү же анын өкүлдөрү журналисттин айтканына азырынча комментарий бере элек.

Ошол иш-чарага катышканын айткан дагы бир журналист Миржан Балыбаев "Фейсбуктагы" баракчасына "Марат Уралиев тарткан видеону Бабановду коштоп жүргөн адамдарга көрсөтсөм, андагы адамды тааныбай турганын айтышты. Алардын бири Марат Уралиевге каршылык көрсөткөн адам ЖК депутатын коштоп жүрөрүн айтты" деп жазды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG