Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Шыкмаматов: акыйкатчынын орду саясатташып кеткен


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Кыргызстанда акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. "Азаттык" мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

“Азаттык”: Акыйкатчы мыйзамын өзгөртүүнүн негизги максаты аны ички жана эл аралык укуктук нормаларга шайкеш келтирүү экени айтылып жатат. Мыйзамдын шайкеш келбеген жери канчалык орчундуу?

Акыйкатчы президентке бир эле талап менен кире алат. Адам укугу бузулуп жатса президент дагы тоскоолдуксуз түрдө акыйкатчыны кабыл алууга милдеттүү. Парламент да анын арызын угууга милдеттүү.

Шыкмаматов: Бул мыйзамдын келип чыгышынын бирден-бир себеби – 20 жылдан бери эски мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушунда пайда болгон көйгөйлөр. Бизде акыйкатчынын орду өтө саясатташып кеткен. Парламенттен көз каранды болуп, ал жагат-жакпайт менен жылдык отчетуна терс баа берип, иштен алып коюу деген механизмдер бар болчу. Ошентип, акыйкатчынын парламенттен көз карандылык механизми орноп калган.

Биз иштеп чыккан вариантта ошолорду жоюуга аракет кылдык. Анткени акыйкатчы башка бийлик бутактарынан көз каранды эмес болгондо гана иштей алат. Мыктынын мыктысын тандап, беш жылга шайлагандан кийин ошол мөөнөткө аны жайына коюш керек. Ал кылмыш кылып же бийлигинен кыянаттык менен пайдаланганда гана иштен алына турган механизмдер Кылмыш-жаза жана башка кодекстерде бар. Ал эми “парламентке жакпай, анын көңүлүн таппай калдың” деген шылтоо менен жумуштан алып, анын ордун жана ролун саясатташтырбаш керек деген принцип коюлууда.

Экинчиден, биз эл аралык коомчулуктун мүчөсүбүз, бул жаатта алган укук коргоо маселелери боюнча милдеттенмелерибиз бар. Аларда акыйкатчы бийликтин бир да бутагынан көз каранды болбошу керек деген талаптар жазылган.

Азыр биздин акыйкатчы эл аралык рейтингдеги “В” тобунда. Жөнөкөй тил менен айтканда, ал эл аралык жыйналыштарга катыша алат, бирок добушу жок жана чечим кабыл алууга таасир тийгизе албайт. Биз өзүбүзгө алган милдеттерди ишке ашырабыз десек, анда “А” тобуна киришибиз керек. Бул топто акыйкатчынын эл аралык аброю жогору болот.

“Азаттык”: Кыргызстандын буга чейинки эки акыйкатчысы тең жылдык баяндамасы парламентте колдоо таппаганына байланыштуу иштен алынды эле. Эгер сиздердин долбоор кабыл алынса кандай өзгөрүү болот?

Акыйкатчы адилеттүү, жүрөгүндө сезимдери бар, боорукер, чынчыл, таза адам болушу керек. Ал сөзсүз эле юрист болсун деген талап жок.

Шыкмаматов: Биз сунуштаган нормалар өтсө, башканын кереги деле жок. Жогорку Кеңештин регламенти бар, ал да жол берет. Ооба, сиз жогоруда айткандай, мурдагы эки акыйкатчыбыз ушундай жол болгонуна, парламенттен көз карандылыгына байланыштуу, өздөрү да саясатташып кеткен. Эгер башынан эле парламенттен көз карандысыз болсо, балким алар өз алдынча адам укугун коргоочу күчтүү институт болмок.

Акыйкатчы президентке бир эле талап менен кире алат. Адам укугу бузулуп жатса президент дагы тоскоолдуксуз түрдө акыйкатчыны кабыл алууга милдеттүү. Парламент да анын арызын угууга милдеттүү.

Күч жана тергөө органдарында, түрмөлөрдө, армияда адам укугу бузулса акыйкатчы президентке да, парламентке да таасир бере ала тургандай механизмдерге ээ болушу керек. Ошондо ал күчтүү болот. Элдин таяна турган институту, кожосу болот.

“Азаттык”: Акыйкатчы болом дегендердин билими боюнча талапты да өзгөртүү каралып жаткан экен. Буга эмне себеп болду?

Шыкмаматов: Биздин жумушчу топ алты ай иштеди. Көп дискуссия болду. Айрымдар юридикалык билими сөзсүз болушу керек деген сунуштарды келтирди. Бирок мен ага каршы чыктым. Себеби эң негизгиси, акыйкатчы адилеттүү, жүрөгүндө сезимдери бар, боорукер, чынчыл, таза адам болушу керек. Ал сөзсүз эле юрист болсун деген талап жок. Бирок укук коргоо жаатында кеминде беш жыл иштеген адам болгону шарт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG