Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Атылган эл, аткарылбаган ант


7-апрель, 2010-жыл. Бишкек.
7-апрель, 2010-жыл. Бишкек.

2010-жылдагы 7-апрель революциясына 10 жыл болду.

Революция өз максаттарына жеттиби? Убактылуу Өкмөт эл мүдөөсүн орундата алдыбы? Азыркы бийлик, жалпы эл бул окуядан кандай сабактарды алышы керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, апрель окуяларынын катышуучусу Сабырбек Мукамбетов жана жарандык активист Мирсулжан Намазалиев катышты.

«Азаттык»: - Эмил мырза, 2010-жылдын 7-апрелдеги революциянын, анын алдындагы эл толкуган кырдаалдын негизги себептерин сиз эмнеден көрөсүз? Оппозициянын айдактаганы менен адашкан эл кандуу окуяга кабылды дегендер да бар?

Эмил Каптагаев.
Эмил Каптагаев.

Эмил Каптагаев: - Эл деген эл. Аны айдактап, акча берип, мөндүрдөй жааган окко эч ким жетелей албайт. Элдин кыжыры кайнап, аянтка чыгышына себептери көп. Себеби жок болсо аянтка бирөөнү да байлап тура албайсың.

Элдин негизги катмарынын Бакиевдердин канкор бийлигинен үмүтү үзүлгөн болчу. Ошондо гана эл көчөгө чыгып, айласыз акыркы чараларга барды. Элдик толкундоолордун негизги себеби - Бакиевдердин мыйзамсыз түзгөн бийлик системасы болду. Бийлик иниси, баласы аркылуу гана жүрүп калды. Аларга мыйзам чегинде чара көрүүнү элестете албай калганбыз. Бир да саясий, экономикалык, укуктук, чарбалык маселелерди мыйзам менен чечкенге мүмкүн болбой калган болчу.

Жеке адамдын күнүмдүк жашоосу, көр оокаттын жүрүшү да Бакиевдердин каалоосуна жараша болуп калган. Алар уруксат берсе бизнес кыласың, болбосо иштемей жок, алар уруксат берсе кызматка барасың же депутат болосуң, башка кеп айтсаң кааласа өлтүрүп койгондон да кайра тартышкан жок, керек болсо өрттөп жиберип жатышты. Ушул көрүнүштөрдүн өзү элди кыжырдантып, көчөгө алып чыкты.

Революциянын алдында 17-мартта Элдик курултайда жети талап коюлган болчу. Элдин үнүн угуп, ошол талаптарды талдап, аларды аткарып койсо болмок, жетиштүү убакыт бар эле.

24-мартта бийлик өткөргөн Ынтымак курултайында ошол талаптарды угат, аткарат деген элдин үмүтү бар болчу. Тилекке каршы, Ынтымак курултайындагылар «Бакиевдердин жасап жаткан саясаттары туура, уланта бергиле» дегендей чечим кабыл алып, колдоп чыгышпадыбы. Ошондо эл чындап жарылды. Эгер ошол маалдагы бийлик элдин коюп жаткан талаптары туура болгонун таанып, оппозиция менен отуруп, анын чечүүнүн жолдорун сүйлөшүп койгондо кан төгүлмөк эмес.

«Азаттык»: - Сабыр мырза, 2010-жылы 7-апрелдеги окуянын активдүү катышуучусу, күбөсү болгонсуз. Сизди жана миңдеген кыргызстандыктарды көчөгө эмне жетелеп чыкты?

Сабыр Мукамбетов: - Кыргыз болобу же башкабы, бийлик адилетсиз болгондо эл көтөрүлөт. Адамдын эркиндикке умтулуусу, укукту талашуусу тээ кулдардын заманынан бери келе жатат, алар да боштондук үчүн күрөшкөн. Кулдардын курсагын бирөө тойгузчу, кийимин бирөө берген, башын көтөрбөй иштеген, анын тагдырын башка бирөөлөр чечкен, бир да укук жок болчу да.

Кыргыздар да байыртан бери бийлик адилеттүү болсун деп талап кылып келишкен. Коомду алдыга түрткөн, дайыма калыстыкка умтулган прогрессивдүү күчтөрү болот. Ошолор элди баштайт. Акаев, Бакиевдер менен табакташ болуп жүргөндөр андай тарыхый чындыктарды көрө алышкан жок. Тескерисинче, алар 2005-2010-жылдагы революциялардын баа-баркын түшүрүүгө жан үрөп келатышат.

«Азаттык»: - Мирсулжан мырза, 7-апрелдеги революциядан негизги кыймылдаткыч күч жаштар болду. Алардын, жалпы эле элдин күткөн мүдөөсү орундалдыбы?

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

Мирсулжан Намазалиев: - 7-апрелде элдин негизги катмарын түзгөн жаштар Бакиевдин бийлигинен бошонуу үчүн күрөшкө чыгышкан. Апрель революциясы жакынкы тарыхыбыз, келечектеги тагдырыбыз үчүн да өтө маанилүү окуя катары калат.

Бакиевдин бийлигинин кулашы үчүн ондогон мекендештерибиз каза болушту. Тилекке каршы, алардын бийликке койгон талаптары азыр аткарыла элек. Бизде толук демократия болгон жок, чечкиндүү реформалар жүргөн жок. Элдин жашоо деңгээли өскөн жок, мактанарлык ч нерсе өзгөргөн жок.

Бизге дүйнөдө: «Качан өзгөрөсүңөр, дагы эле самсаалап Орусияны сагалап жүрөсүңөр?» деп суроо бергендер көп. Ага биздин жообубуз жок. Эч нерсе өзгөрбөсө эмнени айтмак элек? Артта калган 10 жылда көзгө көрүнөрлүк реформа жасай алган жокпуз. Эгер 7-апрелде курман болгон азаматтарыбыз көчөгө чыкпай койгондо, тирүү болмок, алар балдарын, үй-бүлөлөрү менен жашамак. Алар биздин эркиндигибиз, эртеңкибиз үчүн өлүшкөн. Биздин бийликтин алар эңсеп кеткен тилектерди аткарбай коюшу, алардын коомдун өнүгүшү үчүн келечектүү максаттарын аткаруу аркеттердин жоктугу - аларды экинчи жолу өлтүргөнгө барабар.

Азыр биздин ар кадамыбыз реформаларга багытталышы керек. Ал үчүн элдин бийликке ишеним болушу керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG