Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Экологдорду түйшөлткөн демилге


Беш-Арал коругу.
Беш-Арал коругу.

Эркин экологдор тобу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өзгөчө баалуу токойлорду кыюуга уруксат берүүнү көздөгөн сунушун сындап чыкты.

Аталган агенттик тоо-кен компанияларынын ишин жеңилдетүү жана бул тармакка инвестиция тартуу максатында көп жылдык токойлорду кыюуга тыюу салган мораторийди алып салууну өкмөткө сунуш кылган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги “бул токтом инвесторлорго шарт түзүп, ошол эле кезде токойлорду кыюуну тартипке салат” деп ишендирүүгө аракет кылды.

Экологдорду үрөйүн учурган документ

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын токойлорундагы өзгөчө баалуу арча, карагай сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн кыюуга уруксат берүү менен тоо-кен компанияларынын ишин жеңилдетүү туурасында демилге көтөрдү.

Бул сунушка ылайык, кен казуучу компаниялар токойлордо казуу иштерин жүргүзүп, өзгөчө баалуу бадалдардын жана дарактардын түрлөрүн кыюуга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул боюнча аталган агенттик Кыргызстанда өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюунун эрежелерин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтомунун долбоорун иштеп чыгып, талкууга койду.

Илимпоз, профессор Эмил Шүкүров муну токойлорду талкалоого жол берип, экологиялык кыйроого алып келүүчү документ катары баалады:

Эмил Шүкүров.
Эмил Шүкүров.

- Алардын мурдатан бери эле ушундай каалоосу болгон. Булар ансыз дагы токойлордон киреше таап, туйтуна турган жолдорду өздөштүрүп алышкан. Алар “бактарда кандайдыр бир илдет чыкты” деген негизсиз шылтоолор менен өзгөчө баалуу жана көп жылдык өсүмдүктөрдү кыйып келишти. Бул жалган негиздеме болгон. Ал эми чынында бактарды кыюу өндүрүштүк максатты көздөгөн. Ошондуктан булардын мындай жөнсүз демилгелерине чектөө коюп, акмакчылыкты токтотуу зарыл.

Кыргызстанда буга чейин өзгөчө баалуу бадалдар менен дарактардын түрлөрүн сактап калып, көбөйтүш үчүн токойлорду кыюуга тыюу салган мораторий киргизилген болчу. Бирок ошого карабастан ар кандай шылтоолор менен тоо кыркаларындагы өзгөчө баалуу көп жылдык токойлор кыйылып келгени белгилүү.

Эколог Динара Кутманова ансыз да көзөмөл начар болуп жатканда токойлорду кыркууга салынган тыюуну алып салуу коммерциялык кызыкчылыкты көздөйт деп эсептейт:

- Негизи эле азыр кен иштетүүдө башаламандык бар. Аларга бирде уруксат бере коюшат. Анан жергиликтүү калк каршы чыкса, кайра берген уруксатын артына чакыртып алган учурлар бар. Бул жерде кенге уруксат берүүдөн мурун анын пайдасы менен зыянын эсептеп чыгыш керек эле да! Анткени кендерди казып жатканда андагы канчалаган токойлор кыйылып, суу булганып, жер кыртышы бузулуп жатпайбы. Андай жагдайда өкмөт казыла турган кен келтирилген зыянды актаар-актабасын аныкташы зарыл. Азыр мораторийди алып салууга бир топ эле эрте. Аны алып салуудан ансыз да көзөмөлдөө начар болуп турган токойлор гана кыйроого учурайт. Ошондуктан бул демилге коммерциялык кызыкчылыкты гана көздөйт.

Агенттиктин жообу

Бирок Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мындай пикирлерге макул эмес. Анын айтымында, мораторийди алып салуу тоо-кен тармагына инвестия тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, ошол эле кезде токойлорду кыюуну тартипке салуу эрежелерин бекитет.

Абдыкалык Рустамов мораторийди калтырып коюу мыйзамдардагы карама-каршылыкты пайда кылып, туңгуюкка кептей турганын, ошондуктан кен казуучуларга кыркылган токойду акчалай калыбына келтирүү жагын милдеттендирүү тартиби сунушталып жатканын билдирди:

Абдыкалык Рустамов.
Абдыкалык Рустамов.

- Мораторийди калтырып койсок, анда ошол кен казуучу компанияларга лицензияларды бербешибиз керек эле. Анан эми лицензияларды берип салып, анан "алардын лицензиялык аянттары аймагына кирген токойлорду кыйдырбайбыз" дегенибиз - инвесторду алып келип, анан “аны иштетпейбиз” дегенге барабар. Ал эми Кыргызстанга инвестиция тартуу керек. Бюджет көбүнчө ушул тармактын эсебинен толтурулуп жатат. Биз ошол эле кезде айлана-чөйрөнү сактап, кыйылган ар бир арчаны жүз эсе төлөтүү боюнча милдеттенмени ошол жобого киргизип жатабыз. Мыйзамда “такыр эле кыйылбасын” деген талап болсо, анда биз кыйдырмак эмеспиз. Бирок мыйзамда кен чыккан аймактарда, газ куурлары өткөн жерлердеги жана электр берүү линияларынын курулмалары турган тилкелердеги тоскоол болгон бак-дарактарды кыюуга уруксат бериле тургандыгы көрсөтүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин дооматы эмне болду?

Анткен менен эколог Динара Кутманова сөз болуп жаткан агенттиктин бул демилгесин кезектеги коррупциялык аракетти мыйзамдаштырууга багытталган көрүнүш катары кабыл алды. Динара Кутманова Коопсуздук кеңеши андагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктап, бирок агенттиктин жетекчилигине тиешелүү чара көрүлбөгөнүн баса белгиледи:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

- Эмне үчүн ушунчалык нааразылык болуп, канчалаган арыздар жазылып жатса деле коррупцияга малынган кишилер жетекчилик кызматтарда отурушат? Анткени өкмөттө деле мындай иштерге өздөрү аралашкан адамдар бар окшойт. Рустамовдун "калканчы" аябай чоң окшойт деп күмөн санап калдык. Эгерде чет өлкөлөрдө ушундай иштер калкып чыкса, аларга өтө катуу чара көрүлмөк. Бизде болсо андай жетекчилер тайраңдап эле жүрүшөт. Анын ишмердиги боюнча канчалаган арыз жазылганына карабастан, ордунан солк этип койбой, Рустамов "эрке" бала болду го. Болбосо Коопсуздук кеңеши ал жетектеген мекемеден “бир эмес, 32 коррупциялык схема бар экени табылды” деп жарыялаган. Ага эч кандай укуктук баа берилген жок.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов тескерисинче, ал ушул кызматка келгенден бери мекемедеги коррупциялык көрүнүштөр ооздукталган деп эсептейт.

Абдыкалык Рустамов “Коопсуздук кеңеши аныктады” деп айтылган маалыматтарды каралоо өнөкөтү катары баалап, иш жүзүндө бир топ жыйынтыктар болуп жатканын айтып өттү:

- Ушинтип бир тирукмуш кылып жазышат. Болгондо дагы ары буруп, бери буруп, бурмалап жазышат. Чынында иш башкача да. Мурда Ысык-Көлгө мораторий кирди, Соң-Көлгө мораторий кирди. Кандай жыйынтык болуп келди? Жаңгак токойлоруна мораторий киргиздик эле. Анын баарын казып, сатып жиберишти. Мен бул жакка келгенден кийин эрктүү чечим кабыл алган соң гана ушундай иштер кан буугандай токтоду. Ага чейин мораторий болмоктон, балакет болсо да токтогон эмес.

Эмнеси болсо да бир катар экологдор өкмөттү токойлорду кыюуга каршы киргизилген мораторийди алып салууну караган бул токтом долбоорун бекитпөөгө чакырышты. Алардын айтымында, көп жылдык өсүмдүктөрдү кыюуга уруксат берүүнү эч кандай калыбына келтирүү чаралары менен актоо мүмкүн эмес. Мындан тышкары, сөз болуп жаткан адистердин пикиринде, ар бир кыйылган көп жылдык өсүмдүк үчүн алынуучу кенемте токойду калыбына келтире албайт.

"Азаттыктын" архиви: Алтын кендеги уюган кылмыш

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG