Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Добуш сатуунун көйгөйү көкөй кести


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Башкы прокуратура шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материалды изилдеп чыкты. Аларды тактоо үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, материалдардын 35и жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталган. Жалпысынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Мониторингдин баштапкы жыйынтыгы көрсөткөндөй, көбүнчө шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталууда.

«Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалды

7-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 30 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Милициянын маалыматына караганда, окуя Үч-Коргон айылында түнкү саат бирде болгон. Арыздануучу өзүн коркутуп жаткан учурду диктофонго жаздырып алган. Интернетке тарап кеткен тогуз мүнөттүк аудиодон «бул жерде жашабай каласың» деген опузаны угууга болот. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүнү баштап, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мекеменин басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» буларды айтты:

«Арыздануучу айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Сен «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен сөгүп, коркутуп, зомбулук кылууга аракеттеништи» деп көрсөткөн. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Аксы районунун тургундары - 1985-жылы туулган Э.У. жана 1987-жылы туулган. Т.Э. кармалып, райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынды».

Окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясы билдирүү таратып, «Ээнбаштык» беренеси менен камакка алынган эки жарандын партияга тиешеси жок экенин жарыялады. Партиянын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз мындай дейт:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

«Бул окуя боюнча өзүбүз да ички иликтөө жүргүзүп, алардын «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен байланышын териштирдик. Ал балдар биздин үгүтчүлөр болуп эсептелбейт экен. Тилекке каршы, ар кандай күчтөр «Мекеним Кыргызстанга» сөз тийгизүү максатында ушундай иштерди жасап жатышат».

Шайлоо маалында чуулгандуу иштерде аты аталган партиялардын расмий билдирүүлөрү бири-бирине окшош. Алар «тиешебиз жок» же «атандааштардын кара пиары» деген тариздеги бир беткей жоопторду берип жатканын байкоого болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанова муну жоопкерчиликтен кутулуунун бир жолу деп эсептейт.

Жаркын Бапанова.
Жаркын Бапанова.

«Добуш сатып алып жаткан адамды колунан кармап албаган соң далилдөө кыйын экен, - деди ал. - Анын үстүнө партиялар үгүтчүлөрдүн баары менен расмий иштешпейт. Шайлоо фондунан эмес, өз чөнтөгүнөн каржылап жатышат. Бир нерсе болсо «биздин тиешебиз жок» деп кутулуп кетишет. Жыл өткөн сайын добуш сатып алуунун шайлоого болгон таасири күчөп жатат. Парламентке акчасы көп адамдардын келип жатышы да ушундан. Азыркы учурда шайлоочулардын аң-сезимине гана үмүт артып жатам. Добуш сатып алууну өзүбүздөн башка эч ким токтото алчудай эмес».

Добуш сатып алуу №2 формасы менен ишке ашып жатканы айтылып келет. Өзүнө бөлүнгөн аймактан көп добуш алууну көздөгөн партиялардын талапкерлери бул документтин жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине элди каттатып жатат. Кээ бир партиялар добуш алуу максатында жолдорду жасап, кээ бир аймактарга жарык, суу киргизүүгө убада берип жатканы байкалууда.

Добуш үчүн акча сунуштаган партиялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:51 0:00

Мыйзам толукталганы менен жыйынтык болгон жок

Шайлоодогу добуш сатып алуу же сатуу Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча жазаланат. Бул мыйзамга 2019-жылы жана 2020-жылдын июль айында толуктоолор киргизилген. Ага ылайык добуш сатып алган адамдар 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев добуш сатып алуу боюнча буларга токтолду:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Мурда добуш сатып алган адамга кылмыш ишин козгош үчүн кимдир-бирөө арызданышы керек эле. Азыр андай эмес. Андыктан биздин укук коргоо органдары арыз күтүп отурбай, Интернеттеги же жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жазып чыккан фактыларга таянып кылмыш ишин козгой берсе болот. Мындан тышкары өздөрү эле ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп добуш сатып алгысы келген адамдарды кармаса болот».

Мыйзамда БШК добуш сатып алууга аралашкан партияны шайлоодон четтетип коё алат. Ал үчүн укук коргоо органдары топтогон материалдарды БШК мүчөлөрү карап чыгып, чечим кабыл алышы керек. Бирок Кыргызстандын тарыхында добуш сатып алганы үчүн шайлоодон четтеген партия боло элек. Саясат талдоочу Марс Сариев шайлоочунун добушу жыл өткөн сайын кымбаттап жатканын айтып кейиди:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Президент таза шайлоо боюнча канча айтпасын, добуш сатып алуу көбөйүп жатат. Азыр бир добуштун баасы 5000 сомго чыкты. Эл партияларга, саясатчыларга ишенбейт. Алар талапкердин акчасын алганга кызыгат. Оппозициянын да салмагы жок болуп турат. Муну жакшы түшүнгөн саясий күчтөр шайлоочуларга программанын, идеологиянын оордуна акча сунуш кылып жатышат. Кыргызстанда мындай көрүнүш салтка айланды. Бул өлкөнүн негизги мүшкүлү. Добуш сатып алуу менен кантип күрөшүш керек экенин мен билбей турам».

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орундук мандат үчүн 15 партия ат салышууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG