Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:15

Узап бара жаткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун жол-жоболорун иштеп чыгуу парламент токтомуна киргизилди. 2011-2017-жылдары өлкөнү башкарган Атамбаев Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ага чейин мамлекетти жетектеген Бакиев менен Акаев Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун жол-жоболорун иштеп чыгуу Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоонун жыйынтыгында тапшырылды. Аталган маселени Жогорку Кеңеш үч күн талкуулады. Анда Кыргызстан Кытайдан алган карыздары, аны төлөөнүн оор шарттары, жалпы эле тышкы карыздар маселеси татаал болуп турганы айтылды.

Карыздардын чоо-жайы

Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя үстөк пайызы менен 493 миллион доллар болуп төлөнөт. Бул тууралуу 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынындагы талкууда белгиленди. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын депутат Акылбек Жапаровдун суроосуна жооп берип жатып айтканына караганда, насыя 20 жыл аралыгында төлөнүп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024-жылдарга туура келет.

Ошондой эле парламенттеги жыйында Кытай жылуулук борборун жаңылоого бөлгөн акча Кыргызстандын эсебине түшпөгөнү да маалым болду. Каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков акча түз эле ЖЭБди оңдогон TBEA кытай компаниясына которулганын айтып, ал муну келишим ушундай жазылганы менен түшүндүрдү.

Байгончоков кошумчалагандай, азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 миллион доллар төлөнгөн.

Келишимге ылайык, кытайлык ТВЕА компаниясы борборду оңдоо боюнча долбоорду иштеп чыккан жана ишке ашырган. Анын жабдыктарды сатып алып, курулушту жүргүзүүсүнө кыргыз тарап кийлигишкен эмес.

Парламентте айтылгандай, учурда Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайыздан ашыгы Кытайга таандык.

Бээжинден "Датка" көмөк чордонун, "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын курууга 389 миллион доллар насыя алынган. Андан мурун "Датка" көмөк чордонун курууга 204 миллион доллар насыя алынган. Булардан тышкары "Түштүк-Түндүк" альтернативалуу жолун куруу долбооруна 850 миллион долларга келишим түзүлгөн. Бул Кытай мамлекетинен алынган насыя-гранттардын эң негизгилери гана.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кытай насыясына жасалган башка долбоорлор, атап айтканда, “Датка-Кемин”, Түштүк-Түндүк унаа жолу боюнча да комиссия түзүүнү сунуш кылды. Ал бул иштер боюнча парламент токтомуна мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жоопкерчилигин кароо маселесин киргизүүнү талап кылды:

- Кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдер боюнча өкмөт гана демилге көтөрөт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок.

Депутаттын сынына Сапар Исаков дароо жооп кайтарып, коюлган дооматтарды четке каккан билдирүү жасады.

Жыйынтыгында парламент Сапар Исаков менен "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин иш-аракеттерине укуктук баа берүү жөнүндө сунушту көпчүлүк добуш менен колдоду. Ушундан кийин да сөз алган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков парламенттин укук коргоо органдарына кайрылып, калыс териштирүү жүргүзүүгө чакырды.

- Биринчиден, укук коргоо органдарына кайрылам. Бардык териштирүү акыйкат болсун. Себеби, эл муну карап турат. Ар бир документке таянып туура чечимдер кабыл алынышы керек. Албетте, ар бир мамлекеттин өз саясаты бар. Саясий куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Качан саясий куугунтук башталганда бийликтин аброюна шек келет. Мен ошону суранам. Баары акыйкат болот деп ойлойм.

Талкуунун жүрүшүндө мурдагы энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаев да кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүп жаткан чакта министрликтер президенттик аппараттын тапшырмаларын аткарышканын айтып чыккан:

- Мындай чоң маселени чечкендер – аткаргандар эмес, чечүүчү укугу бар адамдар. Ошонун негизинде бардык кызматкерлер айтылган ишти, ролун аткарышкан. Тилекке каршы, бүгүн чечкен адамдар жооп бербей, аткарган адамдар күнөөгө кабылып отурат. Бирок тергөө жана башка органдар тактап, ким чечкенин аныктап, чекит коет деп ойлойм. Сапар Жумакадырович айтып жатпайбы, “мен жөн эле маалымат катары жазганмын” деп. Ошол жерде суранып, “тапшырма бериңиз энергетика министрине, тапшырма бериңиз финансы министрлигине, ТИМге, башка министрликтерге, "ушуну аткарсын" деп тапшырма бериңиз” деп жатат. Ошол тапшырманын негизинде министрликтер андан ары иш жүргүзгөн.

Кол тийбестикти алуу сунушу

Ал эми талкуу учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун иштеп чыгууну баштоо сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берди.

- Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албай экен да. "Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт" деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган.

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун иштеп чыгууга каршы добуш берген Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешов депутаттар өз ыйгарым укугунан аша чапты жана бул жерде саясий оюндар болуп кетти деп эсептейт:

- Токтомдо Бишкек жылуулук борбору боюнча гана жазылып турат. Ошол эле токтомго өзүнчө пункт кылып, экс-президенттин кол тийбестигин алып салсын деп жазып жатышат. Бул туура эмес. Токтомдо ачык эле ишара кылып жатышат «Бул киши күнөөлүү, ошондон кол тийбестикти алып салалы» дегендей. Ошол сунушту ким бергенин, ошол ишараны ким кылганын бир көрүп жатабыз. Бул жерде саясат бар. Эгер жөн гана мыйзам демилге кылышса, бул башка маселе болмок. А бул жерде токтомго киргизип, атайын кылып жатышат. Бул тура эмес. Анткени биз сот эмеспиз.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине ылайык, Кыргызстандын экс-президенти болгон адамдар кол тийбестикти алып, өлкө башчы мезгилинде жасалган аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, кармалып, камакка алынбайт жана тинтүүгө алынбайт, сурак бербейт. Баш мыйзамга ылайык, мурунку президенттердин кол тийбестигин парламент гана ала алат.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин өзгөртүү кандай жол менен ишке ашары азырынча белгисиз. Ал кабыл алынган күндө да Атамбаевге карата колдонулабы же кийинки президенттерге гана иштей баштайбы деген маселени эксперттер талкуулап жаткан чагы.

Кыргызстанда мыйзам менен бекитилген "экс-президент" статусу Алмазбек Атамбаевден тышкары, 2010-2011-жылы президент болгон Роза Отунбаева да гана бар.

Алмазбек Атамбаев эгемен Кыргызстандын төртүнчү президенти. Апрел окуяларында оппозициянын лидери болгон Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин мамлекетти башкарган.

Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында элдик төңкөрүштө бийликтен кулатылган жана Орусияга качкан. Андан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.

Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

2005-жылы президент болгон Курманбек Бакиедин бийлиги 20110-жылдын апрелинде кулатылган. Андагы окуяларда элге каршы ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Кийин Кыргызстандын соту Курманбек Бакиевди сыртынан өмүр бою соттогон.

Курманбек Бакиев. 2010-жыл.
Курманбек Бакиев. 2010-жыл.

Быйыл кыш чилдеде жылуулук борбору бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон киийн техникалык аварияны жана Бишкек жылуулук борборун оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов баштаган жети адам камакта отурат. Экс-премьер Сапар Исаков да эки ирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берген. Депутаттык комиссия "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деп, жоопкерчиликтүү 30га жакын жетекчинин тизмесин түзүп чыккан.

Газадагы кагылыш

Дүйшөмбүдө Иерусалимде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги ачылды. Президент Дональд Трамп элчиликти Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү чечимин былтыр декабрда кабыл алган. АКШнын Иерусалимде элчилигин ачканы жана андан кийинки кагылыштарда курман болгондор тууралуу тараптар карама-каршы пикирлерди жарыялашууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элчиликти ачуу аземинде сүйлөп жатып, Трампка эрктүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди:

- Урматтуу достор, бул абдан сонун күн. Бул тарых. Президент Трамп сиз тарыхты таануу менен тарыхты жасап жатасыз. Бүгүн дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет, биздин улуу өнөктөшүбүз Кошмо Штаттардын элчилиги бул шаарда ачылды.

Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилигинин ачылышына каршы Газа тилкесинде он миңдей адам чогулду. Элчиликти көчүрүүгө каршы палестиндер израил аскерлери менен кагылышып, акыркы маалыматтарга караганда, 60тан ашык палестиндик каза таап, 2800дөн көбү жарадар болду. БУУнун Коопсуздук кеңеши 15-майдагы отурумунун соңунда кандай бүтүмгө келери азырынча анык эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 17-майда, Орозо башталган күнү Газа секторундагы бул кыянатчылыктар боюнча чара көргөн жок деп Бириккен улуттар уюмун айыптады:

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Эгер бүт дүйнө көз жумса дагы биз израил кыргынына жол бербейбиз. Биз палестин бир туугандарыбызды жүрөгүбүз менен гана эмес, ресурстарыбыз менен да колдойбуз. Биз Израилге Иерусалимди уурдап алышына жол бербейбиз.

15-майда Түркия Израилдин элчисин өлкөдөн кетүүнү сунуш кылган, ал эми Израил жооп катары түрк консулун чыгарган. Эрдоган Израил аскерлеринин аракеттерин геноцид деп атаган.

- Кайсы тарап себепчи болгонуна карабай - Кошмо Штаттарбы же Израилби - мен азыркы гуманитардык абалды айыптайм. Бул - геноцид. Кечирим сурайм, бирок мен бул окуяга үн катпай отургандарга да наалат айтам.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Палестинада 15-майдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыялап, Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы акыркы окуяларды “кыргын” деп баалады. Газа секторундагы кандуу окуяларга байланыштуу нааразылык акциялары 14-майда Иорданияда, ал тургай Вашингтондун өзүндө да болду. Ал эми Стамбулдагы жүрүшкө миңдеген адам катышкан.

Газа тилкесиндеги кагылыштар.
Газа тилкесиндеги кагылыштар.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 17-майда Болгариянын борбору Софиядагы Еврошаркеттин саммитиндеги басма сөз жыйынында Газа секторундагы окуяларга мындайча токтолду:

- Франция карапайым адамдардын өмүрүн кыйган бул карөзгөй иш-аракеттерди айыптайт. Ошондой эле Франция зарылчылык болгон учурда элди тынч жыйындарды гана өткөрүүгө чакырат. Мындан тышкары, Израилин коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан "Хамастын" бардык билдирүүлөрүн жана иш-аракеттерин айыптайт.

"Хамас" демекчи, Газа секторун башкарган исламчыл бул кыймыл уюштурган нааразылык акциялары алты апта мурда башталган. Ошондон бери 14-майдагы коогалаңды кошкондо жалпысынан 83 киши набыт болгону кабарланды. Израил президенти Реувен Ривлин өлгөндөрдү "Хамастын" аскерлери деп атады:

- Кечээки окуяларда "Хамас" тарабынан 62 адам өлгөнү кабарланды. Алардын ичинен 50 адам "Хамастын" террорчулары, жоокерлери. Мунун өзү көп нерсени айтып турат. Тилекке каршы, алар Израилге сокку уруу жана таасир этүү үчүн дайыма балдарды жана аялдарды колдонот.

Реувен Ривлин.
Реувен Ривлин.

Израил Газа тилкесинде "Хамас" кыймылынын объектилерине абадан 17-майда да сокку урду. Акыркы кагылышуулар үчүн "Хамасты" Кошмо Штаттар да күнөөлөгөн.

- Адамдардын бул трагедиялуу өлүмү үчүн жоопкерчилик толугу менен "Хамастын" мойнунда. Жооп катары ушундай чара көрүлүшү үчүн "Хамас" атайылап чагымга барууда. Израил өзүн коргоого укуктуу, - деди Ак үйдүн басма сөз өкүлү Раж Шах.

Газа секторундагы соңку кырдаалды Ислам Кызматташтык Уюму жума күнү талкуулады. Жыйында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу мусулман коомчулугун Иерусалимди коргоого чакырды:

- Биз ыйык Иерусалим шаарынын тарыхый макамын өзгөртүүгө жол бербейбиз. Ушу маселеде баарыңыздар биригиңиздер жана башка мамлекеттерге АКШнын жасаганын кайталоого мүмкүнчүлүк бербеңиздер.

Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) саммитинде Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Газа секторундагы соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

- Кыргызстан абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болгонуна байланыштуу өтө тынчсызданып жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани болсо, ислам өлкөлөрүн Израил менен мамилени үзүп, АКШ менен соода-экономикалык алакаларды кайра карап чыгууга чакырды. Роухани АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын дүйнө коомчулугу жана коопсуздук үчүн “чоң коркунуч” деп атады.

Ислам Кызматташтык Уюму – 57 ислам өлкөсүнүн башын бириктирген эл аралык уюм. Буга чейин Араб лигасы да Газа секторундагы кырдаалды талкуулаган.

Газа секторундагы кагылыш.
Газа секторундагы кагылыш.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өзүнүн келечектеги мамлекетинин баш калаасы деп эсептешет. Израил Иерусалимдин чыгышын Иорданиядан 1967-жылы июнь айынын башында алты күнгө созулган жөөт-араб согушу учурунда тартып алган. Кийин аны аннексиялап, бүткүл Иерусалимди өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес. Мындан улам дүйнө өлкөлөрү өз элчиликтерин Тел-Авивде кармашат.

Былтыр декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү чечимин кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктар жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Иерусалим христиандар, жөөттөр жана мусулмандар үчүн да ыйык шаар саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG