Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

COVID-19 чөп баскан аңыздарды эске салды


Ун азыктарынын кымбаттап жатышы дыйкандарды эгин талааларын эстегенге мажбур кылды. Буга өзгөчө абал режиминин шартындагы ундун тартыштыгы жана буудайга болгон суроо-талаптын жогорулашы себеп болууда.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин 11-апрелдеги билдирүүсүнө караганда эгин эгүүнү каалаган адамдар быйыл көбөйгөн.

«Былтыр 63,3 миң гектар жер пайдаланылбай калган. Ал тилке быйыл 4,3 миң гектарга азаят. Быйыл шартка жараша дыйкандар буудай айдаганга аракет кылып жатышат. Бүгүнкү күндө үрөндүн тартыштыгы жок. Бирок дыйкандар буудайдын үрөнүн көбүрөөк сурап жатышат. Биздин божомол боюнча 5 миң гектардан көп жерге буудай себилет. Министрлик сиздерге методологиялык жактан, башка шарттарды түзүүдө, үрөндөрдү, жер семирткечтерди тапканга жардам берет. Азыр донорлордон да жардам күтүп жатабыз».

Эркинбек Чодуев дыйкандарга берилип жаткан насыянын суммасын, тоң кеткени соко салынган айдоо жерлеринин аянтын, жетишкендиктерди тизмектеп берди. Министрдин айткандарында адаттагыдай сандар көп болду. Кыскасы жазгы талаа иштери өз нугунда жүрүп жатыптыр.

Дыйкандар: Үрөн жок

Министр келтирген маалыматтар азыркы абалдан алда канча алыс экенин дыйкандардын көпчүлүгү бир ооздон билдирүүдө. Алардын айдоо аянты, айыл чарба техникасы даяр. Бирок үрөн жок болуп жатат.

Нарын облусундагы Жумгал районунун тургуну Руслан Тажиев буудай издеп аймакты кыдырып келгенин айтып жатат. Бирок ал аракетинен майнап чыккан эмес. Бишкектеги кампалар менен да телефон аркылуу байланышып жарытылуу жооп уккан жок.

«Азыркы абалды эске алып буудай айдайгысы келгендер абдан көп, - деди ал. - Бирок район боюнча такыр үрөн жок болуп жатат. Бүгүнкү кырдаалда айылдагылар алыска барып буудай издей албайт да. Мурда бир айылга 1 тонна келип турчу. Азыр андай жок. Өкмөт айылдагы дыйкандарды үрөн менен камсыз кылып, күзүндө кайра чогултуп алса дыйкандарга жакшы болмок. Азыр элдин баары эле буудай болсо айдайт элек деп турат».

Кырман толгон былтыркы күздө буудайдын баасы 13 сомдон ашкан эмес. Азыр үрөндүн килограммы 24-25 сомго чыкты. Кээ бир жерде 31 сом болуп жатканы да айтылууда. Сатыкка буудай табыла турган болсо элеттиктер ал баага деле макул.

Өлкөнүн түштүгүндөгү дыйкандар үчүн да быйылкы жазгы талаа иштери жылдагыдан оор болду. Баткен облусундагы Лейлек районунун тургуну Бакытбек Сабыров быйыл беш гектар жерге эгин айдады. Дыйкан болгон акчасын жумшап, чыгымды күзгү түшүм актайт деп үмүт этип турат.

«Карантинге байланыштуу буудай айдагандар көп болуп атат. Үрөн бизде тартыш болгон жок. Бирок кымбат алдык. Былтыр үрөндүн жакшысы 18 сом болсо, быйыл 28 сомго чейин чыкты. Арпанын баасы ошол эле килограммы 15 сомго сатылды», - дейт ал.

Үрөн табылса эле дыйкандын иши жүрүшүп кетпейт. Аймакта күйүүчү май да тартыш. Баш калаанын өзүндө 42 сомго сатылып жаткан солярка айылдарга жеткенде кыйла кымбаттап жатат. Мындан тышкары карантиндин айынан борбор менен болгон байланыш үзгүлтүккө учурап, техниканын тетиктерин алып келүү кыйыныраак болуп калды.

Эмнеге эгин экпей калганбыз?

Бактысын жерге байлаган дыйкан үчүн дан эгиндерин себүү кирешелүү иш болбой калганына көп болду. Жерден тоң кеткенде башталып бир нече айга созулган эмгегиңди күзүндөгү түшүм актабайт. Ысык-Көлдүн Тоң районунда жашаган Эрик Муканбетов эки гектар эгин талаасына беде өстүрө турган болду. Аймакта данга караганда чөпдүн кадыры жогору жана жакшы да бааланат.

«Былтыр эки гектар эгин талаадан үч тоннага жетпеген буудай алгам, - деди ал. - Бир тоннасын 10 мүшөк унга айырбаштадым. Акчага айлантканда буудайдын килограммы 12 сом болду. Калганын тазаласам бир гектар жерге да жете турган эмес. Айылда үрөн жок. Дан эгиндеринен киреше таппайсың, техниканын кызматы да кымбаттады».

Кыргызстан буудайга болгон муктаждыктын 30% гана өзү жабат. Калганы чет өлкөдөн келет. Жыйынтыгында жергиликтүү базардагы бааны Казакстан, Орусия аныктап жатат. Былтыр коңшуларда аба ырайы ысык болуп, буудай жакшы түшүм бербей Кыргызстанда ундун баасы жыл ичинде 20% кымбаттап кеткен. Быйыл болсо COVID-19 илдетин жүйө келтирген Казакстан буудайдын Кыргызстанга сатылышына чектөө киргизип койду.

«Казакстан бизди 3-өлкөлөрдүн катарына киргизип койду, - дейт Ун өндүрүүчүлөр ассосиациясынын жетекчиси Рустам Жунушев​. - Бул көрүнүш ЕАЭБдин эрежелерине туура келбейт. Эгерде казакстандык ишкер бизге буудай сата турган болсо, анда ошол көлөмдүн 30% турукташтыруу фондуна арзан баада бериши керек. Ишкер ал жерден жоготкон каражатын бизге багыттаган 70% буудайга кошуп жатат. Ун ошон үчүн кымбат».

Айыл чарба тармагындагы бир катар адистердин айтымында, өкмөт азык-түлүк коопсуздугун эске алып, күнүмдүк жашоого керектүү деген азыктар менен алектенген дыйкандарга колдоо көрсөтүшү керек. Эксперт Төрөгул Беков буудай айдагандарга субсидия берилиши керек деген ойдо.

«Үч этап менен чечсек болот, - деди ал. - Биринчиси - шекерге, өсүмдүк майына жана буудайга арзан насыя бериш керек. Экинчиден, буудайдын уругуна субсидия болуш керек. Мисалы, базардагы буудай 8 сом, жакшы үрөн болсо 15 сом. Ортодогу 7 сомду өкмөт толуктап бериши керек. Ошондо жакшы түшүм болот. Үчүнчүсү - сатуу маселеси. Өкмөт жергиликтүү дыйкандын буудайын армияга, ооруканаларга, түрмөлөргө жана Материалдык резервдер фондуна жакшы баада сатып алышы керек. Жок дегенде чет жактан келген буудайдын баасы менен тең кылышы керек. Ошондо эл коркпой айдап берет».

Унутта калган ун өндүрүүчүлөр

2015-жылы өлкө боюнча 62 ун комбинаты болсо, 2020-жылы андай ишканалардын саны 32ге азайган. Алардын ичинен 19у токтоп турса, тегирмен ташы айланып жаткан 11 эле ун комбинаты бар. Рустам Жунушевдин айтымында, мындай көрүнүшкө өлкөнүн ЕАЭБдеги мүчөлүгү жана Казакстан менен Орусиядан аткезчилик жол менен келген буудай себеп болгон.

«Комбинаттар иштебей калып кыйкандар буудайды кайсы жакка тапшырарын билбей калышты, - дейт ал. - Жыйынтыгында эгин талаалары азая баштады. Сырттан келген буудайга көз каранды болуп калдык. Айыл чарба министрлиги «былтыр 600 миң тонна буудай чогулттук, жарымы тоютка кетсе, 300 миң тоннаны биздин тегирмендер ун кылып чыгарды» деген маалымат берип жатат. Мен кошула албайм. Маалыматым боюнча 167 миң тонна эле ун чыгардык. Калганын бүт аткезчилик жол менен келген ун басып кетти».

Беш жылдан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн унд эки эсе азайган. 2014-жылы өлкөдөгү тегирмендерден 350,6 миң тонна ун чыкса, 2019-жылы бул көрсөткүч 200 миң тоннага да жеткен эмес.

Чет өлкөнүн уну салыктарды айланып өтүп, Кыргызстанга көмүскө жолдор менен кирип жатканын Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков парламентте билдирди. Анын маалыматы боюнча өлкөдө ун тартыш болуп, өкмөттүн күнү аткезчилерге түшүп жатат. Чыныбай Турсунбеков айткандары куру доомат эмес, ар бир сөзүнө далили бар экенин да кошумчалады:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Кыргызстандын экономикасы аткезчиликке багытталып, ошону менен күн көрүп келген. Кыргызстандагы өндүрүш 2 эмес, 5 эсе түшүп кеткенин көрдүңөр. Дал ошол аткезчилерди чакырып алып, «ун алып келгиле, таратып жиберели» деп жатасыңар. Алар силер жалдырабасаңар деле алып келишет, анткени аткезчилик аларга керек. Казакстан унду чыгарбай жатканы үчүн гана унчукпай отурушат».

Ун өндүрүүчүлөрдүн эсеби боюнча өлкөгө ай сайын аткезчилик жол менен 35 миң тонна ун кирип турат. Кыргызстандын унга болгон бир жылдык муктаждыгы 600 миң тонна. 2019-жылы атамекендик тегирмендер 162 миң тонна гана ун чыгарган. Ортодогу айырма болжолдуу эсеп менен 440 миң тонна.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров өкмөттүн бүгүнкү кадамы ансыз да солгундап турган ун тармагын биротоло соолутат деген ойдо.

«Аткезчилер менен мамилеге баруу өкмөттүн алсыздыгынан кабар берет, - деди адис. - Демек, биздин өкмөт башка мамлекеттер менен сүйлөшө албайт. Андай болсо өкмөт кетиши керек деген маселе жаралып жатпайбы. Аткезчилер абал турукташкандан кийин талаптарын билдире башташы да толук мүмкүн. Мыйзам кандай учур болбосун сакталышы зарыл. Аткезчилерге «бүгүн тентек кыла бергиле» деген кантип болсун?»

Бир күндө үч окуудан өткөн мыйзам долбоору

Ундун кымбатташы жана тартыштыгы Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорун кабыл алганга мажбур кылды. Демилгенин автору Экмат Байбакпаевдин айтымында, документ ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо жана аткезчиликти токтотуу максатында иштелип чыкты. Эми буудайга кошумча нарк салыгы алынып салынат. Бул мыйзам 2015-жылдан бери эки жыл иштеп, 2017-жылы «ири компаниялардын гана кампасын толтурду» деген жүйө менен кайра күчүн жоготкон. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун мөөнөтү менен макул болгон жок. Анткени буудай ташыгандар 2025-жылга чейин кошумча нарк салыгынан кутулушат. Депутат Элвира Сурабалдиева азыркы абал турукташканга эки жыл жетмек деген оюн билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Биринчиден, ЕАЭБдин алкагындагы биздин келишимдер так аткарылган болсо, экинчиден, аткезчилик тизгинделсе бүгүнкүдөй мыйзамга муктаждык жаралмак эмес. Ооба, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдошубуз керек. Бирок беш жыл деген узак мөөнөт. Менин оюмча өндүрүшчүлөргө эки жыл жетмек».

Бирок мыйзам долбоору азыркы абалды жайгарганы менен эртең кесепетин да тийгизиши толук мүмкүн экенин айткандар бар. Себеби чет өлкөнүн буудайына болгон муктаждык мурдагыдай эле кала берет. 2015-жылы аталган мыйзам кабыл алынганда ири тегирменчилердин кызыкчылыгы үчүн жаралган документ экенин айткандар көп болгон. Алар андай пикиринен азыр да кайта элек. Академик Жамин Акималиев буга чейинки ун чыгаруучу ишканаларга дан азыктарын алуу үчүн 800 млн. сомдун берилиши жана 16-апрелде кабыл алынган мыйзам долбоору башка өлкөнүн бюджетине болгон кошумча деп эсептей турганын билдирди:

«Биз эсептеп чыкканбыз, кошумча нарк салыгын алып салуу бюджеттен 650 миллион сомду жок кылат. Ун алып келе тургандар - олигархтар, арасында депутаттар да бар. Өз пайдасына «лобби жасап» мыйзам кабыл алышты. Анын ордуна өзүбүздүн дыйкандарга жардам бербейби? Эмне үчүн «буудайды көбүрөөк сепкиле» деп эч ким айтпайт, үгүттөбөйт? «Биздин буудайдын сапаты жаман» деген сөз - ошол коррупционерлер менен олигархтардын ойлоп чыкканы. Илгертеден эле Кыргызстан буудай менен Орто Азияны камсыз кылып келген».

Ошентип коронавирус азык-түлүк коопсуздугун эске салды. Байкоочулар билдиргендей, бул күнүмдүк жашоого эң керектүү деген ун менен өзүбүздү камсыз кыла албай турганыбызды көрсөттү. Өлкө боюнча үрөндүн тартыштыгынан эгин талааларынын аянты быйыл да көбөйгөн жок. Келечекте да быйылкыдай күтүүсүз кырдаал түзүлө турган болсо башка өлкөлөрдүн буудайына күнүбүз түшө турган болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG