Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:12

Жер эне баарын туюп, баарын сезет...


"Саманчынын жолу" көркөм тасмасы. Сүрөттө актриса Бакен Кыдыкеева.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына “Азаттык” радиосуна Дилбаян.

Төшүн тосуп ак карга, кээде ак жаанга,

Жер эне Күндү айланып бара жатса,

Жашоонун көйгөйлөрү кошо айланат –

Ак-каранын тиреши, айла канча.

Бир күнү бир кылымды карытса да,

Турмушта түркүн түйшүк түгөнбөгөн.

Гүлсары эңсегени эске түшсө,

Кычыратат ооздугун жүгөндөгөн.

Жаныбарым Гүлсары адам сындуу,

Танабайдай эңсөөсү болгон эле.

Чыккынчылык кылышты кумарына,

Арабага чегишти – арман эле.

Гүлсарынын дүбүртү кишенеген,

Бүт аламда жаңырат азыр деле.

Байкабайбыз айбандар сыры терең,

Жашоолору адамдай сезим менен.

Акбара, Ташчайнарды азаптантып,

Кайдыгер, түркөй окшойт адам деген.

Кош терек да жай гана дирилдеген,

Анын да сырлары бар билинбеген.

Терек тиккен Дүйшөн жүрөт кат ташып,

Мезгил учат карекке илинбеген.

Алтынайдын ойлору уйгу-туйгу,

Аёо бекен ал сезим, сүйүү бекен?

Жер эне баарын туюп, баарын сезген,

Данияр таңшыйт. Тыңшады жаң дилинен.

Ал обондон шамал да күүгө келип,

Алып учту ааламга мэйкин менен.

Махабаты тоскоолду жарып өткөн,

Жамийланын сүйүүсү бекем экен.

Аалам кезип жүрүшү токтобогон,

Азап-тозок дегенге онтобогон.

Толгонай согуш каарын айткан кээде,

Капырай, Жер да сүйлөп, бир онтогон.

Күн сайын адам болуу кыйын экен,

Өзүмчүл, кара өзгөйлүк адаштырган.

Маңкурттар тарбиялайт маңкурттарды,

Энесине жаа огун кадап турган,

Куралына жер ээлеп манкурттарың,

Сөөгүңдү мүрзөңө койдурбаган.

Согушту эмне, чыгарыппы Ысмайыл,

Үйү бар, аялы бар, мекени жок,

Качкын болсо эмне экен, өлбөш керек,

Жетим-жесир – Тотойдун кереги жок.

Султанмурат карышкыр арбашканы,

Тынчтык менен согуштун таймаштары.

Алмустактан Жер эне тынчыбады,

Токтободу пенденин кармаштары.

Аппак үмүт - “Ак кеме” көлдө сүзгөн,

Нургазынын денеси оттой жанат.

Акыйкатты таба албай жашоодогу,

Балык болуп тереңге сүзүп барат.

Өлбөс кылып жаратса адамды эгер,

Жамандыктан таптакыр бүтмөк тажап,

Нургазыча а балким балык болмок.

Ак экен го өлмөгүн, атаганат.

Саманчынын жолдорунан көз таят,

Көк асман уч-кыйырсыз мелтиреген.

Адамдарга эрте жаз алып келген,

Ал жакта да турналар болду бекен?

Жер Эне маңкурттардан чоочуп турат,

Ааламда адам жалгыз жетим бекен.

Кечир өзүң энелердин күнөөсүн,

Эмбриондун коркунучун билбеген,

Балким бардыр кең ааламда Броктор,

Жамандыкты болтурбоону издеген.

“Адам уулу канткенде адам болот?!”-

деп ойлонуп, чарчадың деп эң эле,

коюнуна катып алып Чыңгызды,

Күндү айланып учуп жүрөт Жер эне,

Амангелди Мисиров ажы, мугалим-ардагер, Эл агартуунун мыктысы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG