Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Урушкан кыздар үчүн мугалимдер иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы районунда окуучу кыздардын мушташына байланыштуу бир топ жергиликтүү жетекчилер кызматтан алынды. Милиция Таш-Көмүр шаарындагы окуучу кыздардын урушун да териштирип жатат.

Аксыдагы кыздардын мушташы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталганы кабарланды. Окуяга байланыштуу отуздай мугалим жана окуучу тергөөгө катышып жатат.

- Жоруктар кодексинин 266-беренеси менен иш козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 30дай окуучу кыз, мектеп мугалимдери суралды. Мында 9-10-класстын кыздары менен 11-класстын кыздарынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Мушташтан жараат алып ооруканага кайрылган же милицияга арыз жазгандар болгон эмес, - деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурдин Жээнтаев.

Кыянбек Сатыбалдиев Аксыдагы жыйын учурунда. 21-ноябрь.
Кыянбек Сатыбалдиев Аксыдагы жыйын учурунда. 21-ноябрь.

Жогорудагы окуяга байланыштуу 21-ноябрда Аксы районунда мугалимдер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өтүп, ага облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кыздардын мушташына түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун билдирди.

- Окуучу кыздардын мушташканы өтө жаман көрүнүш. Интернетке тараган видео бизди бүтүндөй өлкөгө уят кылды. Жеринде агай-эжелер барып токтотуп койсо мынчалык уят болбойт элек. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн тийиштүү органдар, мугалимдер менен ата-энелер биргеликте иш алып барышы зарыл, - деди Сатыбалдиев.

20-ноябрда социалдык тармактарга Аксы районундагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучу кыздарынын мушташы тартылган видеотасма тараган.

Буга байланыштуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова кызматынан алынды.

Андан тышкары Мамытбеков атындагы орто мектептин директору, анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класстан жана мектептен тышкары иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог да кетирген кемчиликтеринин негизинде иштен бошотулган.

Жаңы-Жол айылындагы 850дөй бала окуган №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектеп Аксы районундагы эң алдыңкы билим уяларынын катарында. Анда 50дөн ашык мугалим иштейт.

Окуучулары жыл сайын олимпиадаларга катышып, алдыңкы орунга илинип келген мектептин мугалимдеринин жумуштан алынганын колдобогондор да арбын. Айталы, чечимге нааразы болгон Аксыдагы жаштар коому билим берүү жана илим министринин атына кайрылуу жолдошту.

Ал Жаңы-Жол айылындагы аксакалдар кеңешинин төрагасы Куштарбек Мамытбеков иштен алынган мугалимдерди кайра ордуна кайтарууну талап кылууда. Анын айтымында, балдарды тарбиялоо ата-эненин милдети.

- Албетте, мугалимде окуу жана тарбия иштеринде кемчилик болушу мүмкүн. Бирок кечээги окуяга байлап төрт педагогду иштен алганы туура эмес. Кыздарга туура тарбия бере албаган ата-энелер күнөөлүү. Мен иштен алынган мугалимдерди кайра ордуна кайтаруу үчүн болгон күч-аракетимди жумшап, бардык тараптарга кайрылам. Бул жерде мугалимдер жөн гана кордолуп жатат. Мушташкан кыздардын ата-энесин да жоопкерчиликке тартуу кажет. Ошол кыздарды милиция өзгөчө балдардын каттоосуна алып, ата-энелерине айып пул салышы керек, - дейт Куштарбек Мамытбеков.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызкан Осмонова болсо айылдагы маселелерди сотко жеткирбей чечүү максатында жергиликтүү кеңеш менен биргеликте жаңы устав бекитишерин билдирди.

Буга удаа эле Таш-Көмүр шаарындагы №1 Николай Островский атындагы мектепте 9-класста окуган кызды жогорку класстын окуучусу коридордо сабап жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

3-ноябрда болгон бул окуя “Ээнбаштык” беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин алып барууда.

"Жабырлануучунун апасы 15 жаштагы кызын башка кыздар уруп койгонуна арызданып, милицияга кайрылган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучусу мектепте кезметте туруп, 11-класстын кыздарынын кемчиликтерин жазып кеткени белгилүү болгон. Андан кийин Аделя аттуу кыз менен жолугуп, аны менен мушташа кеткени аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылган Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү​ тараткан билдирүүдө.

Соңку жылдары мектеп окуучуларынын, өзгөчө өспүрүм кыздардын өз ара чатакташып, мушташкан тасмалары Интернетке байма-бай жарыяланып келет. ​

Коррупциянын күчөшү, акчасы барлар алдыга чыгып, билимдүүлөр артта калып жатканы да зомбулукка себеп.
Дилбар Чокоева.


Филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева мектептеги өкүмзордуктун күчөшүнө ар кыл себептер түрткү болуп жатканын белгиледи.

- Биринчиден, миграциянын таасири. Жакындарынын колунда калган балдарга туура таалим-тарбия жетишсиз болуп жатат. Экинчиден, чет өлкөлүк ар кандай тасмалардын Интернет аркылуу тоскоолдуксуз жайылганы да балдардын психологиясына терс таасирин тийгизүүдө. Үчүнчүдөн, коррупциянын күчөшү, акчасы барлар алдыга чыгып, билимдүүлөр артта калып жатканы да себеп. Бизде кыздарга туура тарбия берген мектептер жок. Татыктуу кадрлар да аз.

"Азаттыктын" архиви: "Чоң муштум" кыздар. 20-май, 2018-жыл.

"Чоң муштум" кыздар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:32 0:00

Ал эми балдар менен иштеген атайын адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырат. Ошондой эле мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анонимдүү кат салган кутучуларды уюштуруу да мындай көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG