Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Коопсуздук кеңеши бир жылдык отчетун берди


Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотто көрсөтмө берилсе, ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирди.

Учурда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча Атамбаевдин бир нече жакын адамдары жоопко тартылып жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулуктун назарындагы маселеге байланыштуу мындай пикирин 7-февралда кеңештин бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча уюштурган маалымат жыйынында билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин «экс-президент Алмазбек Атамбаев кайсы бир иштер боюнча жоопко тартылышы мүмкүнбү?» деген суроосуна минтип жооп берди.

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча айтсам, Жогорку Кеңеш экс-президентке тийиштүү мыйзам долбоорун карап жатат. Кабыл алынган мыйзамдын негизинде кол тийбестиги боюнча тийиштүү чечим кабыл алынат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгерде тергөөнүн жүрүшүндө же сотто ал кайсы бир кылмышка тиешеси бар деген каршы көрсөтмө берилсе, жоопкерчиликке тартылат, - деген Дамир Сагынбаев азыр экс-президентке каршы көрсөтмө жок экенин кошумчалады.

Бирок Сагынбаев кайсы кылмыш иштерде Атамбаевге каршы көрсөтмө берилиши мүмкүн экенин так айткан жок. Ошондой эле ал таянып көз карашын билдирген мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда гана кабыл алынган.

Социал-демократтар партиясы Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин парламентте али кабыл алына элек мыйзам долбооруна таянып айткан көз карашына комментарий берген жок.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекеттик жогорку орган саналган Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий пикирлерди билдирүүдө абайлашы керек деп эсептейт:

- Өзгөчө мурдагы президентке байланыштуу пикирлерди ачык айтышы мамлекеттик кызматтын этикасына жатпайт. Анткени парламент коопсуздук кеңеши, укук коргоо органдарынан коркуп тураарын жакшы билебиз. Басым катары кабыл алынып калышы мүмкүн.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар деген пикирин билдирген.

Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баш болгон бир топ жогорку кызмат адамдарына айып тагылган.

Бул камоолор Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулгандан кийин башталган. Саясий айдыңда экс-президенттин оппоненттери тарабынан ЖЭБди модернизациялоо боюнча Атамбаевди дагы жоопкерчиликке тартуу талабы айтыла баштаган.

Андыктан саясат талдоочулар Алмазбек Атамбаевге ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иште каршы көрсөтмө болушу мүмкүн экенин болжоп жатышат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өлкөдө жогорку кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууда сөзсүз коомдук саясий кырдаал эске алынат деп эсептейт.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Биринчи өкмөт башчылар камалып баштаганда эле коомчулук Атамбаевдин дагы күнөөсү бар деп айта баштаган. Бирок, мурдагы жогорку кызмат адамдарын жоопко тартканда саясий кырдаал эске алынат. Атамбаев өзү деле айтып жатпайбы “мен Текебаевди кестирбей деле койсом болмок экен” деп. Бул эмнеден кабар берет? Соттор бийликтин айтканын аткарат.

2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салуу ченемин биринчи окууда жактырган.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе саясий оппоненттердин экөөнө тең опурталдуу болгондуктан азыркы бийлик кескин кадамдарга барбайт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бийликтин экс-президенттин кол тийбестигин алуу планы болсо мурдагы жылы ишке ашырмак. Ага бир нече себептер тоскоол болду. Биринчиден, өздөрү бийликтен кеткенден кийин дагы кесепети тийип калышы мүмкүн. Балким, бул Атамбаевди саясатка кийлигиштирбөө үчүн белги болсо керек. Ал эми Сагынбаевдин айтканы, ал журналисттерге жооп берип жатып юридикалык жагын түшүндүрдү окшойт.

Маалымат жыйында камакта отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча да кеп козголду.

Токтакунов парламент депутаттары Асылбек Жээнбековду, Каныбек Иманалиевди, Кожобек Рыспаевди, Курманбек Дыйканбаевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылган.

Адвокат Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда аты аталган депутаттардын тийиштүү комитеттерди башкарганы үчүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеген.

Дамир Сагынбаев адвокаттын бул сунушу иликтенбей турганын билдирип, себебин кылмыш ишин тергөө аягына чыкканы менен түшүндүрдү. Ал 53 томдук чоң көлөмдөгү далилдер топтолгонун, сот органдары тийиштүү чечимди кабыл аларын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын маалыматында 2018-жылы жогорку кызмат адамдары аралашкан коррупцияга байланыштуу 988 кылмыш иши козголуп, паракорчулуктан мамлекет 6 млрд. сомдон ашык чыгым тарткан. Бул боюнча 82 адамга айып тагылып, анын 44ү камакта жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG