Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Апта: Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши тереңдеди


Экс-президент Атамбаев менен азыркы президент Жээнбековдун тиреши тереңдеди. Кытайда туугандары кысымга кабылган кыргыздар Алматыга барышты. Украинада Евромайдан окуяларына беш жыл болду.

Туура бир жыл мурун бийликтен кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель ТВ" каналына берген интервьюсу 19-ноябрда элге көрсөтүлүп, мурунку жана азыркы президенттердин тирешинин бир топ жагдайлары ачыкка чыкты.

Атамбаев адегенде эле миллиондогон доллар байлыгынын кайдан келгенине токтолуп, анан коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берүүгө өттү. Азыркы бийликти "жалган жалаа жапты" деп айыптап, президент Сооронбай Жээнбековду “эски бийликтин жолоюна түшүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат” деп сындады.

"Мен Жээнбеков менен 24 жыл дос болдум. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон, анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам, - деди экс-президент. - Шайлоо алдында 3% рейтинги бар Сооронбай Жээбековду президенттикке чейин жеткиргем".

Ал ошондой эле "өлкөдөгү парламенттик системаны сактап калуу үчүн" чоң саясаттан кетпей турганын түшүндүрдү.

Экс-президент мурдагы кеңешчиси, эл арасында “шоопур” деген каймана аты бар “Икрам Илмияновду оозун жабуу максатында камашты" деген доомат койду. "Ал тирүү турса бир күнү түрмөдөн да чыгат, ошондо ал болгон чындыкты айтат деп ишенем" - деди Атамбаев.

Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Башкы прокуратура ал былтыр президенттик шайлоо өнөктүгү маалында "Дизель комплект" компаниясынан 150 миң доллар пара алган деп айыптап, кылмыш ишин ачкан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы, саясий оппоненти, ушул тапта сегиз жылдык жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевге байланыштуу суроого "Мен андай кылбай деле койсом болмок экен... Мен күч органдарына баарын мыйзам чегинде жасагыла деп талап койчумун", - деп, демин бир топко ичине алып, өкүнгөн таризде жооп берди.

Өмүрбек Текебаевге жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго "бир миллион доллар пара бергем" деген орусиялык Леонид Маевский 17-ноябрда Москвада «опузалап акча өндүргөн» деген кине менен кармалды.

Экс-президент ошондой эле бийликте турган кезинде “журналисттерге туура эмес кылгандырмын. Анткени азыр карасам, чындыкты жазгандардын оозун жапканга курал кылып алышты" - деп өкүнгөнүн билдирди. 2017-жылы башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо тууралуу арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайты 27 миллион сом, укук коргоочу Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырды. Президент Сооронбай Жээнбековду "Матраимовго болушкан" деп ачык айыптады.

Исаков менен Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында быйыл жайында камакка алынган.

16-ноябрда президент Жээнбеков да Атамбаев менен мамилеси жөнүндө пикирин айткан. ​"Ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт" - деп жооп берген жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюда.

Атамбаев – Жээнбеков тиреши күчөгөн сайын мурда бүдөмүк ойду жараткан айрым иштер ачыкка чыга баштады. Мамлекетти башкарган мурунку жана учурады лидерлердин кармашын коомчулуктун баасы да ар кыл.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров экс-президенттин айткандары "Кыргызстандын бийлигинин эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына, экинчиден, президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетирет" - деп эсептейт. Саясатчы Атамбаевдин Жээнбековду бийликке "сүйрөп келдим эле" деген сөзүнө өзгөчө маани берет.

Коомдук ишмер Эмил Каптагаевдин пикиринде, эки лидер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ачык тирешти токтотушу керек. "Эң башкысы сөз, айтыш менен эмес, иш менен кимдин ким экени далилдеши керек" - деди Каптагаев.

Коңшу өлкөлөр дагы кыргыз саясатындагы соңку окуяларга жакындан көз салып, кызыгып турган кези. Казакстандык саясат таануучу Амиржан Косанов Кыргызстандын жетекчилеринин тирешин өлкөнүн ички саясаты деп баалап, бирок Атамбаевдин казак лидеринин дарегине мурдагы айткандарын кайра кайталаганын "осол иш" деп баалайт.

"Казакстан менен карым-катнаш – эки саясатчынын ортосундагы айтышта козголбошу керек. Достук, коңшулук, туугандык деген терең, бирок өтө назик нерсе. Ошондуктан андай нерсени сөзгө аралаштыруунун кереги жок" - деди алматылык эксперт "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Кыргыз демократиясынын тажрыйбасы Борбор Азия чөлкөмүнө өзгөчө маанилүү. ​"Демократия, сөз эркиндиги, акыйкат шайлоо - бардыгы жакшы. Казактар бул жагынан кыргыздардан артта калып баратат. Сиздерде бир нече президент алмашса, бизде баягы эле президент" - деген Косанов демократия өлкөнүн ичиндеги эле талаш-тартыш эмес, жалпы саясий курс экенин эскертет.

Кытайда камалгандар көбөйдү

Кытайда жакындары камалган кыргызстандыктар 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарына чогулду. Кыргызстандык бир топ кайрылмандар бийлик органдарынан расмий жооп болбой жаткандыктан, жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. Бишкектин тургуну Муслихиддин Салимов эки жылдан бери досу, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Улуу-Чат ооданында туулуп-өскөн Турдакун Аблеттин кабарын билбей убара.

Турдакун Аблет 2015-жылы апрелде Кыргызстанга келип, кыргыз жарандыгын алган. ​"Кыргыз жарандыгын алгандан кийин Кытай тараптан чакыруулар келип, үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлгөн жана атасы туткунга алынган. Ага "качан балаң келгенде гана бошотуласың" деген шарт коюшкан. Ошентип Аблет Турдакунду кайра Кытайга барууга аргасыз кылышкан. Бирок ал жакка барганда эле кармалган. Азыр атасы да, өзү да камакта" - деди Салимов чет элдик журналисттер катышкан басма сөз жыйында.

Активист Серикжан Билаштын айтымында, Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналдардын журналисттери, редактору камалган. Активист жыйында ​"1980-жылдардан тартып китеп чыгаргандардын баарын "чыпкадан" өткөрүп, улуттук тарых, улуттук маданият тууралуу макала жазгандарды тегиз кармап жатат деп уктум" - деп билдирди.

Кытайлык кыргыз-казактар менен байланышы бар адамдардын маалыматына караганда, Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашса, казактардын саны 500 миңден 700 миңге чейин жетиши мүмкүн.

1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланды. "Эркин Азия" радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен маалымдады.

Кайрылманды кайгырткан Кытай саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:37 0:00

Расмий Бишкек Кытайдагы укугу бузулган кыргыздарга байланыштуу кандайдыр бир дипломатиялык аракеттерди баштай элек. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кытайдагы кыргыздардын маселесин Бээжин менен "талашып-тартышпай эле, дипломатиялык жол менен сүйлөшүп, чечсек болот" - деп ишенет.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашуун.

Ар кайсы маалыматтарга ылайык, "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жаткандардын эң көбү - уйгурлар. "Дүйнөлүк уйгур Конгресси" деген уюмдун президенти Долкун Иса Шинжаңдагы ​"концлагерлерде 1 миллиондон 3 миллионго чейин адам отурарын" айткан. "Мен куугунтукта жүргөн уйгурлардын 99 пайызынын үй-бүлөлөрү менен байланышы үзүлгөн деп айта алам" - деген активист Женевада өткөн нааразылык акциясында.

Шинжаңда миңдеген мусулмандардын жана улуттук азчылыктардын "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу кабар акыркы айларда көп тарап жатат.

Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

Украина Москвадан ажырап, НАТОго ыктады

Украинада Евромайдан окуяларынын башталганына беш жыл болду. 2013-жылы 21-ноябрда украиндер ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Үч айга созулган нааразылык акцияларында полиция менен элдин кагылышынан 100дөй киши курман болгон.

Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге ошол кездеги президент Янукович 2013-жылдын ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин андан баш тарткан.

Ноябрда башталган нааразылык акциялары кышы менен токтобой, февраль айында Янукович бийликтен кулатылган. "​Алар биздин келечек үчүн күрөштү. Майдан аяктай элек. Революция уланып жатат", - деди Киевдеги эскерүүгө катышкан аялдардын бири.

Куралсыз элге ок атуу боюнча козголгон кылмыштардын көбүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын атайын иликтөө башкармалыгынын башчысы Сергей Горбатюк 21-ноябрда Киевдеги басма сөз жыйынында митингчилерди аткан фактылар боюнча 56 кишиге айып коюлганын билдирди. "​30 миңдей тергөө амалдары жүргүзүлүп, 15 миңдей адамдын ага катышы бар-жогу текшерилген. 442 шектүү катары саналып, анын ичинен 279 адамга айып коюлган. Ушул күнгө чейин 52 адамга өкүм чыгарылган" - деди украин прокуратурасынын өкүлү.

8-декабрь, 2013-жыл
8-декабрь, 2013-жыл

Айып тагылгандардын бири - өз мекенинен качып кеткен мурдагы президент Виктор Янукович. Башкы прокуратура ага “мамлекеттик чыкынчылык” беренеси менен айып тагып, 15 жылга эркинен ажыртууну суранган. 2014-жылдан бери Орусияда жашаган Янукович эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, сот жараянына сырттан, видео байланыш аркылуу катышып келет. Ага декабрда сот өкүмү чыгышы мүмкүн.

Москва украин бийлигине батышчыл күчтөр келгенден кийин март айында Крым жарым аралын өзүнө каратып алган. Ага удаа эле Орусия колдогон жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарында өз алдынча "республика" жарыялашкан. Батыш Орусияга Крымды аннексиялап, украин өкмөтү менен согушуп жаткан жикчилдерди колдогону үчүн бир канча жолу санкция салган. Кремль болсо өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келе жатат.

Ушул тапта Украина НАТО жана Еврошаркетке умтулуп, Москва менен “түбөлүккө айрылышканын» ишара кылды. Киев Орусия “агрессор өлкө катары биздин НАТО же Евробиримдикке кошулуубузга вето кое” албайт деген ниетин билдирди.

Москва менен Киевдин мамилеси Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди колдой баштаган 2014-жылдын жазынан бери начарлаган.

22-ноябрда Конституциялык сот Украинанын НАТО жана Еврошаркетке багыт алган курсун баш мыйзамда бекитүү демилгесин жактырган. Эми бул документке Жогорку Радада добуш берүүгө жол ачылды.

Киев менен НАТО 1992-жылы расмий алака түзүшкөн. Ошондо Украина Евроатлантикалык өнөктөштүк кеңешине кошулган. 1994-жылы Украина КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп Тынтчык үчүн өнөктөштүк программасына камтылган жана Түндүк альянстын Балкандагы операциясын колдогон.

Украинада келерки жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. “Евромайдан окуялары өз максатына жеттиби?” деген суроого украиндер так жооп бере алышайт. Анткени беш жылдын ичинде Донбасстагы уруштарда 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылса, өлкө экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип, саясий реформалар ийгиликтүү ишке ашып кеткен жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG