Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:40

Апта башынан бери Чүй аймагында үч өспүрүм дайынсыз жоголду. Алардын бири 11 жаштагы кыздын денеси Чоң-Чүй каналынан табылды. Эки бала изделип жатат.

Балдар менен иштеген адис-психологдор кыргыз коомунда балдардын коопсуздугуна көп маани берилбестигин, наристелер сыртта жүргөндө өз коопсуздугун сактоонун жөнөкөй эрежелеринен кабарсыз экенин белгилешет.

Жоголгон балдар

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, дайынсыз болуп жаткан Асел Төрөбекованын сөөгү Пархоменко көчөсүнө жакын жерде Чоң-Чүй каналынан табылды. 3-апрель күнү ал түшкү саат 12лерде үйдөн чыгып, мектепти көздөй кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча экспертиза дайындалат.

Бул күндөрү дагы эки өспүрүм изделип жатат. Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылында эки өспүрүм 2-апрель күнү түнкү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Таенеси тарбиялап жаткан эки өспүрүм - 14 жаштагы Ислам Куттубек уулу жана 11 жаштагы Байболот Мырзабаев элдин баары уктаганда, үйдөн качып чыгып кетишкен.

- Кечинде таенеси аларды жаткырат, алар уктап калышкан. Бирок түнү качып чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Бишкекте жүрүшү мүмкүн. Азыр аларды көрдүк деген да кишилер чыгууда. Бирок маалымат так эмес, текшерилип жатат, - дейт Москва районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өкүлү Эрмек Мырзакматов.

Анын айтымында, эки өспүрүмдүн тең аталары жок, биринин апасы Бишкекте, экинчисиники Москвада жүрөт. Буга чейин жыл башында Ислам Куттубек уулу үйдөн качып чыгып, апасын издеп Бишкекке бара жаткан жеринен табылган.

Ислам Куттубек уулунун шаарда турган апасы Дамира уулу 1-класстан баштап өзүнүн инисинин карамагында болуп, таенесинин тарбиясында экендигин билдирди.

- Мурункусунда мени издеп Бишкекке келгенде Бишкектин ГАИ-постунан милициялар токтотуп, "кайда кетип баратасың" десе, "мен апама баратам" деген экен. Анан милициялар "кичинекей бала экен" деп, өздөрү мага жеткирип келген эле. Бул жолу болсо, эртең мектепке барабыз деп, дем алыш күнү жуунуп таранышыптыр. Анан эле жок болуп жатат, эч бир дайыны чыга элек. Мен дагы тегерек четтен келип калбадыбы деп сураштырып жатам өзүм.

Адистердин кеңеши

Психолог Айгүл Кызалакова кыргыз коомунда балдардын коопсуздугу маселесине анчейин маани бериле бербестигине токтолот. Бүгүнкү күндө көпчүлүк балдар сыртта жүргөндө өзүн кантип алып жүрүшү керек, чоочун адамга кандай мамиле кылышы керек, аны кандай коркунучтар тоорушу мүмкүн деген өңдүү түшүнүктөрдөн кабарсыз:​

- Сөзсүз балага айтыш керек. Кантип коргонуу керек, бирөө сени кармаса, эмне деп айтыш керек, эч кимге жолобош керек, чоочун машинеге отурбаш керек деген эрежелер топтомун үй-бүлөдө жана мектепте балага айтуу керек. Анан ата-эне ошого көңүл бурбай жатат. Кыргыз үй-бүлөлөрүндө көбүнчө ата-эне баланын курсагы ток болсо болду, кийими бүтүн болсо болду деген ой менен эле баланын башка психологиялык жагына, коопсуздук жагына көп көңүл бурбай калып жатат. Бирок балдарына буларды айткан билимдүү ата-энелер да бар азыр. Баары бир коом азыр өзгөрүп жатат.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө көбүнчө ата-эне баланын курсагы ток болсо болду, кийими бүтүн болсо болду деген ой менен эле баланын башка психологиялык жагына, коопсуздук жагына көп көңүл бурбай калып жатат.

Мындан тышкары адис балдардын үйдөн чыгып кетип, жоголушуна үй-бүлөдөгү абал таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт. Көпчүлүк учурда кароосуз калгандар, ата-эне мээриминен өксүгөн же үй-бүлөдө кандайдыр бир зомбулукка туш болгон балдар сырттан жылуулук издеп жөнөшөт. "Бул учурда алар сыртта күтүп турган коркунуч, зомбулукту аңдай албайт", - дейт психолог:

- Мээрим көрбөсө бала энесин издейт. Ата-эненин мээримин, тарбиясын албаган бала ошону күтөт, издейт, эшикке чыгат. Үй-бүлөсүндө кабыл албаса, таенеси, чоң апасы ал мээримди бербесе, ал сыртка чыгып кетет. Жакшы көргөн адамын, балким атам, апамды издейм деп ойлойт. Бала бир жолу үйдөн кетип көргөн соң, кийин эч нерседен коркпой калат. Эки-үч жолу чыккандан кийин адат болуп, көчөгө чыккысы келип калат.

Ички иштер министрлиги жоголгон балдардын басымдуу бөлүгүн өткөөл курактагы өспүрүмдөр түзөрүн белгилейт. Бул учурда үй-бүлөдө ата-эне урушуп койгон балдар өчөшүп сыртка чыгып кетип, тааныштарынын үйлөрүндө же туугандарыныкына кетип калган учурлар көп. Алардын айрымдары белгилүү убакыттан соң кайра келсе, көпчүлүгүнүн жүргөн жерин милиция кызматкерлери аныкташат. Ал эми кенже курактагы балдардын жоголушу, адашып кетиши негизинен ата-эненин карабай койгондугуна байланыштуу.

2016-жыл ичи Кыргызстанда жалпы ар кандай себеп менен 686 бала жоголуп, алардын 650сү аман-сен табылган.

Ал эми 15 жылдан бери дайынсыз болуп, табылбай келе жаткан 36 бала бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG