Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

"Журтташтардан жүз сунуш": жеңүүчүлөр аныкталды


“Азаттыктын” чет өлкөлөрдө жашаган журтташтар арасында жарыялаган сынагы соңуна чыкты. Тазалык, экология, билим берүү, жол коопсуздугу, транспорт, туризм, миграция жана башка орчундуу тармактар боюнча ондогон кызыктуу баяндар, омоктуу сунуштар келип түштү.

Башында белгилеген эрежелерге ылайык, алардын айрымдары сайтыбызга чыгарылган жок. Иргелгенден кийин кыргызча-орусча барагыбызга жалпысынан элүүгө жакын материал жарыяланды.

Албетте тандоо оңой болгон жок. Сунуштар биринен бири өткөн кызыктуу, керектүү сезилди. Редакторлор талашып-тартышып отуруп акыры төмөндөгүдөй чечимге келишти.

Айыл чарба тармагындагы жаштардын ролун бекемдөө, Жаш фермерлер биримдигин түзүү боюнча омоктуу сунуштарын берген Сагындык Эмилбек уулунун блогу окурмандардын кызыгуусун жаратты. Иштешүүнү сунуштаган пикирлер келип жатты. Бул тармактагы адистер да кайрылышты. Теманын өзгөчөлүгү, кызыктуулугу, ой-пикирди жеткирүүдө аргументтер сынакты уюштурган топту да кайдыгер калтырган жок. Мына ушуларды эске алуу менен Сагындыкка башкы сыйлыкты ыйгарууну чечтик.

Ошондой эле кызыктуу төрт блогдун авторлоруна бирден электрондук китеп окуу куралы – букридерлер берилет.

Алар:

1. Осмоналиев Разак, Жапония. Жапондордой шарт түзүү кыйын эмес;

2. Айгерим Бирназарова, Прага. “Каково жить в чешском общежитии?”;

3. Эркинбек Нуралиев, Москва. Мигранттардын “Жүк-200” маселесин чечүү керек;

4. Мурат Эгембердиев, Дубай. Чет элдик мигранттын акчасы казынага түшсүн​.

Мындан тышкары дагы оригиналдуу сунуштар болду. Маселен, Камит Савайдын АКШдагы карыларга камкордук тууралуу баяны, Иззат Рашит кызынын акча базарындагы шылуундарды тыюу, акча алмаштыруудагы коопсуздук темасы, Жамиля Осмонованын туризмди тарыхыбыз аркылуу көтөрүү демилгеси, Назгүл Төлөбаеванын Кыргызстандагы мармар таштары аркылуу дүйнөгө таанылса болорун айткандары, Самаргүл Токтосунованын ээн-жайкын булактарды туура пайдаланып, картага киргизүү сунушу, Айбек Арстанбековдун бөтөлкөдөн акча жасаган немистер, Акыл Касымалиевдин тилди окутуудагы өзгөчөлүктөр тууралуу жазгандары бөлүп көрсөтүүгө арзыйт.

Аты аталбагандар деле таарынбасын, сайтка чыккан блогдордун баары ары кызыктуу, ары сынакка катышуу гана ниети эмес, мекениме пайдасы тиер деген максатта чын жүрөктөн жазылганы сезилип турду.

Буга байланыштуу сынакка кабыл алынган бардык баяндардын авторлоруна “Азаттыктын” символикалуу белектерин тартуулайлы деп чечтик.

Белектерди расмий тапшыруу аземи 3-октябрда саат 14:00до болот.

Бишкектеги кеңсебиздин дареги Фурманов көчөсү 12. (Тынчтык проспекти менен кесилишет). Сурап-билүү телефондору: +996 312 21 94 23
+996 312 21 94 24, +996 550 98 87 55.

Ар бир сынактын максаты болот эмеспи. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы эл турмушуна байланыштуу мыкты чечимдерди, кызыктуу табылгаларды, технологияларды көрүп-билүүгө бардык эле кыргызстандыктардын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошондуктан биринчиден, журтташтардын сунуштары аркылуу чет элдеги сонун тажрыйбаларды, чечимдерди элге жеткиргибиз келди. Сынактын жыйынтыгы аркылуу ошол максатыбызга аз болсо да жеттик деп ойлойбуз. Авторлор менен бирге айрым темаларды кененирээк талкуулоо да планыбызда бар.

Экинчиден, чет өлкөдө жашаган, “Азаттыкка” дайыма блог, же андан да тыгыз кызматташып макала жаза турган журтташтарды издегенбиз. Ошон үчүн чет элде жашаган журтташтарга кайрылганбыз. Эрежебизге туура келсе, жеңүүчүнү Прагадагы “Азаттыктын” баш кеңсесине чакырып, иш тажрыйбабыздан бөлүшмөкпүз. Бирок биздин жеңүүчү Сагындык Эмилбек уулу ушу тапта Кыргызстанга кетип калганына байланыштуу ага “Айфон 7” үлгүсүндөгү телефонду белек кылууну туура көрдүк.

Муну менен “Азаттыктын” журтташтар менен кызматташуусу токтобойт. Омоктуу ой, керектүү сунуштарыңар болсо баяндап жазып, дагы деле жөнөтө бериңиздер. Арасынан биз менен кызматташууга мүмкүнчүлүгү бар, каалоосу күчтүү талапкерди Прагадагы баш кеңсебизге чакырып, иштешүү маселесин талкуулайбыз. Журналистикага чындап кызыккан, жазган ойлору, сунуштары аркылуу биздин коомго туруктуу пайда келтиргиси келген жердештерге мындан ары да бизге блог, макала, сүрөт, видео салып турууну сунуштайбыз. Байланышабыз дегендерге эшигибиз дайыма ачык.

XS
SM
MD
LG