Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

"Акыркы коңгуроодо" ашыкча чыгым азайса...


Бүтүрүүчүлөр
Бүтүрүүчүлөр

Быйыл Кыргызстандагы 2200дөй мектепти 43 миңге жакын улан-кыз аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты мектептерде 25-майда белгиленди. Билим берүү жана илим министрлиги "Акыркы коңгуроону" майрамдоого акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды. Салтанат учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилиги мектеп директорлоруна жүктөлгөн.

Бирок бүтүрүүчүлөр тыюуга карабай кафе-ресторандарда кызуу майрамдап жатканы баарыбызга белгилүү. Мектепти бүтүрүү салтанаты айрым окуучулар, ата-энелер үчүн кайгылуу окуя менен аяктаган учурлар жок эмес. "Азаттык" бул маселени "Арай көз чарай" берүүсүндө талкуулады.

Талкууга: ИИМдин жашы жетелектер менен иш алып барган кызматынын башчысы Марат Сапаев, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова жана "Балдарды коргоо борборунун" адиси Кумар Эргешова катышты.

"Азаттык": Чынара айым, Билим берүү министрлиги жыл сайын эле "Акыркы коңгуроону" ашыкча шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салат. Быйыл да министрдин колу менен атайын токтом кабыл алынган. Эми ага баш ийбей акча чогултуп, кафе-ресторандарда майрамдаган окуучу, мугалим, ата-энелерге кандай чара көрүлөт?

Исакова: Билим берүү жана илим министрлигинин токтому менен жалпы республика боюнча "Акыркы коңгуроо" аземи мектептерде гана салтанаттуу түрдө өтүп келет. Башка жакта өткөрүүгө тыюу салынган. Ошентсе да салтанаттуу аземден тышкары, мектептерди бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө күнү-түнү күзөт уюштурулуп, ал эртең таңга чейин созулат.

Айта кетүү керек, министрликтин тыюу салганына карабай, айрым мектептерде ата-энелер комитети жоопкерчиликти, акча чогултууну да өз мойнуна алып, балдарга кече уюштуруп жатышат. Бирок алардын кылганы үчүн мектеп жетекчилигин же мугалимдерди күнөөлөө туура эмес. Мугалимдер да, мектеп жетекчилиги да окуучулардан белек-бечкек, акча талап кылууга укугу жок.

"Азаттык": Кечээ, 24-майда Бишкекте бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен жол кырсыгы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаалар кагышкан, алардын экөөндө тең шаардагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү болгон. Бактыга жараша бардыгы жеңил жараат алышканы айтылууда. Мындай жагымсыз окуялар уланбашы үчүн ИИМ кандай чара көрүп жатат?

Сапаев: Сиз айтып кеткен кечээги көрүнүш боюнча айтып коеюн. Эки машина бири-бири менен кагышкан. Автоунааларды башкарып келе жаткан балдардын айдоочулук күбөлүктөрү болгон. Балдар текшерүүдөн өттү, каны таза чыкты. Бири-бирине доосу жок. Бирок ошого карабай алардын ата-энелери административдик жоопко тартылат. Балдар өздөрү жашы жете элек балдар менен иштөөчү кызматтын каттоосуна алынат.

Ал эми жалпы өлкө боюнча бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна төрт миңден ашуун милиция кызматкери көз салууда. Бүгүн-эртең алар күчөтүлгөн режимде иштейт. Мындан тышкары биз ар бир облуста мобилдик топторду түзгөнбүз. Алар машина менен жүргөн өспүрүмдөрдү, жалпы эле бүтүрүүчүлөр коомдук тартипти же коопсуздукту бузса, ошолорду көзөмөлдөп, тиешелүү мыйзам чегинде чара көрүшөт.

"Акыркы коңгуроо”: жыл сайын жаңырган шаани
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

"Азаттык": Кумар айым, балдарына өмүрүндө бир жолу мектепти бүтүрүү майрамын уюштуруп берели деген ата-энелердин жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Эргешова: Ар бир ата-эне үчүн баланын орто мектепти бүтүрүп, чоң турмушка аттанганы чоң майрам. Бирок ата-энелер аны чоң тойго айландырып жибербеши керек. Бизде ата-энелер атаандашып жатып, балдарын өздөрү бузуп жатышат. Бул ошол кеченин уюштурулуусу, ага окуучунун кийип барган кийими, минип барган машинасына чейин бүгүнкү күнү жалаң атаандаштык менен өтүп жатканын көрсөтүп турат.

Ооба, майрам. Бирок, ошол майрамды жакшынакай кылып үй-бүлөдө эле белгилеп койсок болот. Бүгүн мектепти эмес, жогорку окуу жайын бүтүрүп, бир кесипке ээ болуп жаткан студент мынчалык майрамдабайт. Ата-энелер ар бири өз баласын "Акыркы коңгуроону" майрамдоодо катуу көзөмөл кылып, көз жаздымынан чыгарбашы керек. Кымбат баалуу автоунаанын ачкычын берип жатканда ата-эне ойлонушу зарыл.

(Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз)

"Акыркы коңгуроодо" ашыкча чыгым болбосо...
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:41 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG