Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Өкмөт кызматтан кетти (Видео)


Сапар Исаков парламентте. 17-апрель, 2018-жыл.
Сапар Исаков парламентте. 17-апрель, 2018-жыл.

Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле кескин начарлаганы айтылып жаткан учурга туш келди. Бул мындай жол менен эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ишеним көрсөтпөө жолу аркылуу кетирилген экинчи өкмөт болду.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду. “Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн кызматтан кетирди”, - деп жазылган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жиберген кабарда.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өз милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Парламенттин маанайы

Парламенттик азчылыктагы “Ата Мекен", “Республика - Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөт курамына ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү.

Жыйында “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоду.

- Конституциянын талаптарына ылайык жалпы депутаттардын үчтөн бири кол койгондо бул күн тартибине чыгышы керек. Тийиштүү колдор топтолгон, процедура сакталды. Ошондуктан бул маселени бүгүн чечели. Мамлекет, саясат, саясий туруктуулук үчүн бул маанилүү маселе.

Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайрылууга Жогорку Кеңештин 40тан ашык депутаты кол койду.

Натыйжада парламенттин 102 депутаты бул чечимди колдоду. Төрт депутат каршы добуш берди. Колдогондордун арасында Сапар Исаков мүчө болгон КСДПнын парламенттик фракциясынын көпчүлүк депутаттары да болду.

Буга чейин жалпы саны 50дөн ашык парламенттик азчылык Исаковдун өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишин "канааттандыралык эмес" деп тапкан.Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБдеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болду.

Өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары караган жана экөө тең оң баа берген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.

Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн тагдыры тууралуу маселе акыркы жумаларда Кыргызстандын саясий күн тартибинин алдыңкы сабына чыккан. Бул маселе айрыкча президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамилеси солгундап, мурдагы өлкө башчы учурдагы президент Жээнбековдун дарегине сын айткандан кийин күчөгөн.

Сапар Исаков - Алмазбек Атамбаевдин эң жакын жана ишенимдүү шакирттеринин бири. Ал акыркы саясий тиреште Атамбаев тарабында болуп жатканы айтылып келген.

Ошондуктан "парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесине акыркы саясий кырдаал себеп болду" деген пикирлер арбын.

"Тирешке жол бербейли..."

Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын мүчөлөрүнүн бир топтору өкмөткө ишеним көрсөтпөө аракетин саясий оюн катары баалашты. Маселен, социал-демократ депутат Дастан Бекешов дал ушундай ойдо:

- Бул жерде маселе Сапар Исаковдо деле эмес. Бул жерде саясий оюндар болуп жатат. Анын таасири Кыргызстан үчүн жакшы болбойт. Эми жаңы өкмөт келгенче, ал куралып башталганча Кыргызстан бери дегенде жарым жылды жоготот.

​Бирок социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламент президент менен өкмөттүн ортосундагы саясий тирешти жок кылыш үчүн ушундай кадамга барганын билдирди.​ Анын айтымында, премьер Исаков президент менен тирешке барбашы керек болчу:​

Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин стабилдүүлүгү турат. Мына ушундай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси.
Иса Өмүркулов

- Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин туруктуулугу турат. Мындай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз парламент президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине пикирин билдирип, "бул маселени көпчүлүк коалиция көтөрүшү керек болчу" деген оюн айтты:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Негизи коалициялык көпчүлүк жакшыраак иштеши керек эле. Ал өзүнүн өкмөтүн мындайга жеткирбей алдын-ала сүйлөшүп, алардын өз ыктыяры менен кетишине мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек болчу. Саясатта чыңалуу болгону үчүн ушундай болуп жатат. Азыр кырдаал оор. Ишеним көрсөтпөөнүн өзү саясий күчтөрдүн мамилелери татаалдашып калганын көрсөтүп турат. Саясий күчтөрдү бириктирүү - премьердин милдети, анткени көп маселелер өкмөт башчыдан көз каранды, өзгөчө кадр маселеси. Чыңалуу болбосо өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси чыкмак эмес. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө деген өтө чоң, олуттуу маселе.

Азырынча Сапар Исаков баштаган өкмөт парламенттин чечими боюнча эч кандай позициясын билдире элек. Ал буга чейин парламенттик азчылыкка отчетко келгенде өкмөткө иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.

"Эки дөөнүн кармашы..."

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев мындай кырдаалдын келип чыгышын эки өңүттөн карайт:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Бул маселени эки өңүттөн караса болот. Биринчиси - мурдагы президент менен учурдагы президенттин ортосундагы мамиленин курчушу. Өкмөт башчысы мындай кырдаалда саясий этиканы карманбай социал-демократтардын курултайына барып, экс-президентти сыртка чыкканда узатып барганы айтылды. Экинчиден, бул өкмөт жеңил-желпи пиар-кадамдарга жакын болуп, чыныгы стратегиялык, өндүрүштүк маселелерге көңүл бурбай койду.

Ошол эле учурда эксперттер бул кырдаалда президент Сооронбай Жээнбековдун позициясы маанилүү болгонун белгилешүүдө.​

Атап айтканда, талдоочу Марс Сариев президент Исаков баштаган өкмөт менен иштешүүгө макул болбогону үчүн окуя дал ушундай сценарий менен өнүктү деген пикирде:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Бул азыркы саясий кырдаалда кадыресе көрүнүш. Жээнбеков өз позициясын күчөтүп, күч органдарындагы жетекчилерди алмаштыра баштаган. Эски командадан өкмөттүн курамындагы ички иштер министри эле калган. Эми болсо ушул көрүнүш уланды. Жээнбеков бийликти толугу менен колго алып, өзү убада берген реформаларга барам деген ниетте болуп жатса керек.

Бүгүнкү жыйындан видео

​Сапар Исаковдун өкмөтү эгемен Кыргызстандын тарыхында парламент ишеним көрсөтпөй кызматтан кеткен экинчи өкмөт болду. Алгачкы жолу 1993-жылы декабрда Кумтөрдөгү "алтын чырынан" улам Турсунбек Чыңгышев жетектеген өкмөткө ал кездеги "легендарлуу парламент" деген аталыш менен белгилүү Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Аны парламент толугу менен менен колдогон. Ал учурда Исаков баштаган өкмөт "реформатор-технократтардан куралды" деп сыпатталган. Вице-премьерлик орундарга жана айрым министрликтерге жаштар дайындалган.

Бирок убакыттын алты айга жетпеген учурда өкмөт курамындагы бир топ вице-премьер жана министрлер алмашууга дуушар болгон.

Эми жаңы өкмөттү куроо боюнча аракеттер башталат. Айрым депутаттардын айтымында, жаңы премьер жана өкмөт курамы боюнча мунаса табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG