Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Карамушкина кайрадан бийликке болушту


Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина азыркы жана экс-президенттин таламын талашып чыкты.

Ал социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын каралоо жүрүп жатканын айтып, УКМКны бул боюнча чара көрүүгө чакырды. Эл өкүлүнүн бул демилгесин колдогондор да, ашкере кошоматчылык деп сындагандар да бар.

Бул маселени КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин 26-декабрдагы жыйынында көтөрдү.

Депутат социалдык тармактардагы айрым топтордо президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатканын билдирди. Эл өкүлүнүн "Азаттык" радиосуна айтканына караганда, аларга чара көрүү боюнча бир катар жарандар арызданган.

- Акыркы убактарда президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатат. Буларга чара көрүү боюнча мага бир катар жарандар кайрылды. Мен болсо Коопсуздук жана коргонуу комитетинде бул маселени УКМКга жеткирдим. Алар чара көрүлүп жатканын айтышты. Мен сындаганга каршы эмесмин, мен жеке инсандын ар-намысына шек келтирүүгө каршы болуп жатам.

Ирина Карамушкина мындан тышкары социалдык тармактарда диний радикалдар, улутчулдар конституциялык түзүлүшкө шек келтирип, айрым жарандарды коркутуп-үркүтүп жатышканын кошумчалады.

Кечээги жыйынга катышкан УКМКнын төрага орун басары Рустам Мамасадыков Интернеттеги чектен ашкан деструктивдүү сайттарды жабуу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Бул мекеменин маалымат кызматы кандай иштер жүрүп жатканын ачыкка чыгарган жок.

Эл өкүлүнүн бул демилгесин колдогондор да, ашкере кошоматчылык катары сындагандар да болууда. Саясий эксперт Алмазбек Акматалиев андай сын пикирлер саясий күрөштө боло жүрчү көрүнүш деп эсептейт. Ошол эле учурда ал сын пикирлер конструктивдүү болушу зарыл экенин белгиледи:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Саясий күрөштө саясатчыларга сындар айтыла берет. Экс-президент тууралуу азыр эле эмес, иштеп турган учурда деле сын материалдар көп эле чыкпадыбы. Саясий адамдардын тагдыры ошондой, ошого чыдаш керек. Албетте, ачыктан-ачык каралоо болсо башка маселе. Бирок сын пикирлер жеке инсандык касиеттерге тийишпей, конструктивдүү болушу керек. Бул кыргыздын салтына деле туура келбейт. Азыр шарждар чыгып жатпайбы. Бир четинен басма сөздү конструктивдүү болууга коомчулук дагы чакырып турушу керек го. Албетте, биз демократиялуу өлкөдө жашайбыз. Бирок сын дагы обу жок болбошу керек.

Карамушкина экс-президенттин дарегине акаарат келтиргендерге чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга буга чейин дагы кайрылган. Анда УКМК соцтармактарда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тууралуу маал-маалы менен терс пикир жазып жүргөнү айтылган 40тан ашуун адамды аныктаганы, айрымдарын суракка чакырып жатканы айтылган. УКМКнын бул жоругу коомчулукта кызуу талкууланган.

Президентти каралагандарга чара көрүү сунушталды

Президентти каралагандарга чара көрүү сунушталды

Улуттук коопсуздук комитети президенттин беделине шек келтирген билдирүүлөрдү ырааттуу көзөмөлдөйт.

Жарандык активист Рита Карасартова учурда УКМК бардык бийлик бутактарынын жана бийликти сындагандардын тизгинин тартуучу куралга айланганын белгилейт. Ал эл көзүндө болгон мамлекет жетекчилери өз иши менен ар кандай сындарды жокко чыгара алат деп эсептейт.

- Улуттук лидер, эл башчы болом дей турган болсоңор силер жөнүндө жазылып жаткан сын пикирлерге өзүңөрдүн ишмердүүлүгүңөр менен гана жооп беришиңер керек. Аларды каралап эле отурганга элдин башка кыла турган иши жок бекен? Баарыбыз өз ишибизди жасагыбыз келет. Бирок укук, мыйзам сакталбагандыктан, ошол өкүнүчтүү болгондуктан биз дагы эле жаза беребиз. Мисалы, Сапар Исаков "ГАИ кызматкерлерин тартпагыла" деп жатпайбы, ошондой тыюу салса дагы биз жазып чыгабыз. Ошол эле Карамушкинага дагы айтабыз. Андан көрө жакшы мыйзам жазуу менен алектенишпейби.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мамлекет жетекчилерин катуу сындагандардын тизгинин тартуу аракетин авторитардык режимдин белгиси катары сыпаттайт.

- Ошондой сын айткандарды эле партиялаштары чыга калып, "биздин учурда КСДП алардын бардыгына чара көрүшүбүз керек" десе, мамлекетте кандайдыр бир оору пайда болгонунун, кайрадан диктатуралык, куугунтук мамлекетине айланып баратканынын көрсөткүчү. Кыргызстанды мен өтө эмес, жумшак авторитардык мамлекет деп эсептейм. Андай өлкөлөрдө кошоматчылар көп болот. Ошол аркылуу кандайдыр саясий упай топтойт, жеке маселелерин чечет. Ошол аркылуу ийгиликтердин үстүндө жүргөнгө аракет кылат. Ошол адамдын сөзү аркылуу куугунтуктар башталат. Укук коргоо органдары "бизге депутат кайрылды" деген шылтоо менен иликтөөнү баштап, кылмыш ишин козгойт.

УКМКнын социалдык тармактын колдонуучуларын суракка чакырган учур буга чейин да болгон. Өткөн жылдын соңунда чекисттер Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди "Фейсбуктагы" "Мурч" деп аталган шакаба баракчасына тиешеси бар деп суракка алган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG