Линктер

ишемби, 16-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

Нарында бузулган түтүк ажалга себеп болду


Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары.

"Нарын суу канал" ишканасынын жумушчусу иш учурунда топурак басып калып каза тапты. Анын жанындагы дагы бир жумушчу жеңил жараат алып, ооруканага түштү.

Облустагы тийиштүү мекемелер атайын комиссия түзүп, окуяны иликтей баштады.

3-октябрда кечке маал «Нарын суу канал» ишканасынын эки жумушчусу Райымбеков көчөсүндөгү жарылган суу түтүгүн оңдоп жатып кырсыкка кабылган.

Алар туурасы эки метрдей казылган аңдын ичинде иштеп жатканда, капталдан топурак көчүп басып калган.

Жумушчулардын бири ошол жерден жан бергенин Нарын шаардык куткаруу кызматынын башчысы Талант Асымкулов билдирди:

- Биз барганда эки адамды топурак басып калыптыр. Биздин өздүк курам аларды алып чыгып, бирин "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Экинчиси тилекке каршы каза болуп калган экен.

Каза болгон 29 жаштагы Айдарбек Авазбековдун ​Нарын шаарында сантехник болуп иштеп жатканына үч жылдай болуп калды.

- Көртириликтин айынан Нарында иштеп жаткан. Мындай болуп кетерин билген жок да. Болбосо айылда эле калбайт беле, - деди маркумдун айылдашы Эркин Орозоев.

Айдарбек Нарын районунун Кайыңды айылында туулган. Ата-энеден эрте ажыраган жигит өзү да жашоодон эрте кетти. Артында үч баласы жетим калды.

Окуяны иликтөө үчүн азыр Нарын облусундагы тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү. Эми алар фактынын негизинде Нарын суу канал ишканасындагы коопсуздук эрежелерин текшерет.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө кенемте берүү жагдайы каралат.

Ал эми ишкананын башкы инженери Ашырбек Мамбеков мекемеде жумушчулардын коопсуздугу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн айтып, болуп өткөн окуяны кырсык деп атады.

- Техникалык коопсуздук сакталганбы же жокпу аны комиссия иликтеп чыгат. Бирок ишкана тууралуу айтсам, "Суу каналда" керектүү жабдыктар жетиштүү. Жумушчулар 100% камсыз болгон.

Нарын шаарындагы жер астындагы түтүктөр союз маалында салынган.

2018-жылдан тарта суммасы 25 миллион еврону түзгөн Европа реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын “Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу иши жүрүп жатат.

Суу түтүктөрү алмаштырылып жаткан жолдун узундугу 2,5 чакырымга жакын.

Бирок долбоорго кырсык катталган аймак кирбей калган. Түтүктөр эски болгондуктан бир айдан он чакты жолу бузулуп, элди убайымга салып келет.

- Суу түтүктөрү өткөн кылымдын 1984-85-жылдары салынган. Чирип калды. Кээ бир түтүктөрдүн башына жыгач уруп коюшкан. Буларды эбак алмаштыруу керек эле. Өкмөт каякты карап жатканын билбейм, - деди райондун жашоочусу Турсунбек Коңурбаев.

Айлыгы арзыбага​н мээнет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Мындан үч жыл мурда, тагыраагы 2016-жылдан июнь айында аталган ишкананын үч жумушчусу канализация түтүгүн тазалоо үчүн түшкөндө ууланып каза болушкан.

Алардын жанындагы эки кызматкер ооруканага оор абалда түшүп, дарыланып чыккан.

Ошол кездеги айтылган маалыматтар боюнча, кайгылуу окуяга түтүк жарылганда чыккан биогаз себеп болгон.

Суу канал ишканасы маркумдардын жакындарына 9 миллион сом кенемте төлөп беришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG