Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Жогорку Кеңеш ЕККУ өкүлдөрүн териштирет


ЕККУ 2003-жылдан бери кыргыз милициясын реформалоо программасын ишке ашырып келет.
ЕККУ 2003-жылдан бери кыргыз милициясын реформалоо программасын ишке ашырып келет.

Кыргыз парламенти ЕККУнун полиция тобу Кыргызстанга кантип келип, ким мандат бергенин териштиргени жатат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги алар аталган министрликтин долбоорунун негизинде эксперт-кеңешчи катары келгенин, милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртууга гана көмөктөшүп жатканын айтууда.

Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунан 23 өкүл ушул жылдын январь айында келген экен.

Ички иштер министрлигинин Укук жана криминалдык анализ башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Шамшыбек Мамыров чет өлкөлүк эксперттер Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы ички иштер бөлүмдөрүндө милициянын ишин жакшыртуу боюнча гана кеп-кеңештерин берип жатат деп айтты:

- Мен дароо тактап койсом, булар полиция күчтөрү деп аталбайт. Булар эксперт-кеңешчилер деп аталат. Булар милиция үчүн гана келишти. Булар өзүнчө эл менен барып жолугушпайт, кылмышты тергөө иштерине кийлигишпейт, кайгуул-күзөт кызматына аралашпайт.

Алардын кеңеши биздин жумушту мыйзам чегинде алып баруу, эл менен шериктеш иштөөгө катары багытталат. Булардын отчетторунун баары биз менен кошо даярдалып жатат. Биз менен кошо чогулуш болуп жатат. Күн сайын биздин кызматкерлер менен чогулуп, чогуу иштеп жатышат.


Ош шаарында ОБСЕнин полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акциядан бир көрүнүш, 11-август, 2010-жыл
Мамыровдун айтымында, ЕККУнун өкүлдөрү жалпысынан үч багытта: милицияга адам укугун сыйлоону үйрөтүү, жарандык коом менен байланышын чыңдоо жана ички иштер кызматынын курамына кадрларды улуттардын санына жараша тартуу сыяктуу иштерди алып барып жатат.

Жалал-Абадга ЕККУнун беш өкүлү бөлүнгөн экен. Облустагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров чет өлкөлүк кеңешчилер өздөрүнө тиешелүү озуйпаны аткарып жатат деп билдирди:

- Алар эл менен милициянын ортосундагы байланышты күчөтүү максатында кээ бир чогулуштарды өткөрүп жатат. Эл арасында милиция тууралуу жакшы ойлор болушу керектигин түшүндүргүсү келип жатат. Экөөнүн ортосундагы мамилени оңдоого аракет кылып жатышат. Милициянын жеке ишине алар эч кийлигишкен жок, кеңеш берүү максатында гана жүрүшөт.
Булар өзүнчө эл менен барып жолугушпайт, кылмышты тергөө иштерине кийлигишпейт, кайгуул-күзөт кызматына аралашпайт.


ЕККУнун Кыргызстанда жүргөн тобу тууралуу сөз 2-июнда парламенттик талкууда козголгон эле. Анда “Ата Журт” фракциясынан депутат Садыр Жапаров өкмөт өкүлдөрүнөн ЕККУнун Кыргызстанда жүргөн тобу кантип келип калганын сураган, алардан келишинен чочулоо бар экенин айткан:

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча ЕККУдан келген өкүлдөр Ошто Лермонтов 17а көчөсүндө 16-17 киши болуп иштеп жаткан экен. Алардын 12си Косоводо иштеген уюмдун кызматкерлери экен деген маалымат бар. Муну сурап жаткан себебибиз, баягы эл аралык комиссияга окшоп булар бул жакта иштеп, кийин чыгып алып дүйнөлүк коомчулукка кыргыздарды каракчы катары көргөзбөйбү деген чочулоо бар.

"ЕККУ биринчи болуп үн каткан"

Кыргыз бийликтеринин билдиришинче, июнь коогасынан кийин күч структураларына карата сын-доомат арбый баштаганда алар эл аралык уюмдарга кайрылып жардам сураган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин билдиришинче, алардын ичинен ЕККУ биринчи үн каткан:

- Биринчи жолу биз 20-июнда кайрылганбыз. Полиция-кеңешчи топтун киргизүү боюнча кайрылганбыз. Ал кабар чыккандан кийин, өзүңүздөр билесиздер, элдин арасында талкуу жүрө баштады. Эл каршы балып жаткандан кийин президент “эгер эл каршы болуп жатса полиция күчтөрүн киргизбеш керек” деген сунушу менен аларды киргизбөө чечими кабыл алынды. Бирок ал долбоор иштеп жаткандан кийин Тышкы иштер менен Ички иштер министрликтери биригип коомдук коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча демилге деп өзгөртүлдү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков министрлерге мындай укукту ким бергенине кызыкты:

- Элдин пикирин ойлоп президент болбойт десе, кыргыз элинин атынан айтканга министрге ким укук берди? Депутаттык комиссия түзүп иликтөө кылып, ким укук берди, кайсы мыйзамдын негизинде министрлердин укуга бар экенин иликтешибиз керек.

Оболу ЕККУ түштүктөгү июнь окуяларынан кийин тартип коргоо органдарынын ишине байкоо салуу үчүн 50дөн ашуун полиция кеңешчисин жөнөтүүнү чечкен экен. Бул кыргыз коомчулугунда катуу каршылык жараткан соң анын форматы өзгөртүлгөн. Баштапкы маалымат боюнча жалпысынан 30дай эксперт-кеңешчи мурункудай төрт айга эмес бир жылга келишкен.

ЕККУ 2003-жылдан бери кыргыз милициясын реформалоо программасын ишке ашырып келет. Ага жылына 1 миллиондой евро бөлүнүп турат.

XS
SM
MD
LG