Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Аравандагы кырдаал, алмашылган аймак


Кыргыз-өзбек чек арасы. Араван району.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Араван району.

Араван районундагы 407 гектар жер коңшулаш Өзбекстан менен алмаштырылганы маалым болду. Өкмөт бул маселени эртеби-кечпи чечүүгө туура келерин билдирүүдө. Ал эми адистер жер алмашуу тажрыйбасы элдин макулдугу менен ишке ашууга тийиш экенин айтышууда. 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти.

Мекемеден кабарлашкандай, мунун алдында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

12-сентябрда Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу маалыматтарды баштан-аяк тактап, билдирүү таратты.

Маалыматка таянсак, Керкидан (Керкидон) суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген.

Коллаждын сол жагында Төө-Моюн айылындагы Керкидан суу сактагычы, оң жагында Гүлбаар айылына жакын тилке. Ак сызык кыргыз-өзбек чек арасын түшүндүрөт, кызыл сызык алмашылган тилкенин болжолдуу чиймеси. Коллаж Google картадан алынган скриншоттун негизинде жасалды.
Коллаждын сол жагында Төө-Моюн айылындагы Керкидан суу сактагычы, оң жагында Гүлбаар айылына жакын тилке. Ак сызык кыргыз-өзбек чек арасын түшүндүрөт, кызыл сызык алмашылган тилкенин болжолдуу чиймеси. Коллаж Google картадан алынган скриншоттун негизинде жасалды.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер) бөлүнгөн.

Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Байыш Юсупов журналисттер менен жолукканда учурда ошол келишим аткарылып жатканын айтты:

«Биз азыр ошол компенсациянын эсебинен 307 гектарды Араванга бараткан жолдогу чек ара зымдарын 300-800 метрдей ичкери жылдырып алдык. 35 гектарын Жалал-Абад облусунун, 74 гектарын Баткен облусунун жанынан алууга макулдашканбыз».

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосуп, жол сала баштаганы ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин өзбек тарап аскерлери менен техникасын алып чыгып кеткен.

Азыр ал жерди кыргыз жана өзбек чек арачылар кайтарып, Керкидан айылынын тургундары маал-маалы менен чогулуп жатканын көрүүгө болот.

Юсупов делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек аймакка Өзбекстандын зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгонун белгиледи:

«Комиссиянын мүчөсү катары ишенимдүү айта алам: делимитация маселеси бүттү, демаркация бүтө элек. Келишим боюнча демаркация иштери бүтмөйүнчө, алардын жол салууга же аң казганга акысы жок. Биз өзбек тарапка бул мыйзамсыз экенин айттык. Алар техникасын алып чыгып кетишти. Жакынкы күндөрү эки комиссия жолугат. Ошондо «биз өзүбүзгө берилген 307 гектар жерде тосулган торду нары жылдырабыз, силер да ишти ошондо баштагыла» деген сунуш болот. Мен ачык айтышым керек, Керкидан боюнча бир да чарчы метр жер Өзбекстанга берилген жок. Алар да бизге берген жок».

Облус жетекчиси коңшу өлкөдөн ала турган 307 гектар жерди Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүнү сунуштаганын билдирди. Ал Гүлбаар айылынын жанындагы бул тилке дыйканчылыкка ылайыктуу экенин кошумчалады.

Бирок Керкидан айылынын тургундары өкмөттүн сунушуна макул эмес. Алар Гүлбаардагы тилке - суу жетпеген кайракы жер экенин айтышууда.

«Илгери көлдүн (Керкидан суу сактагычы-ред.) берки жагында биздин ата-бабалар жашаган. Кийин Өзбекстан суу сактагыч салганда бул жакка көчүшкөн. Биз ушул көлдө балык кармап эле чоңойгонбуз. Азыр бизди ал жакка жолотушпайт. Мына бул турган жердин баары бизге, үч айылга караштуу. 400 гектардан ашуун сугат жер оңой эмес да. Ушуну беребиз деп жатышат. Биз бул жерде кыйналып эле жашап келебиз. Жаанчыл болгондо суу сактагычтан суу ташып, биздин эгин талааны каптайт. Жайыт жок. Ноокат району менен талашып-тартышкан учурлар болду. Азыр эми бизди «Гүлбаарга көчкүлө» деп жатышат. Ал жакта суу тартыш, жашаганга ылайыктуу жер эмес», - деди Керкидандын тургуну Рашит Масытов.

Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашат
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:00 0:00

Учурда өкмөттүн жер алмашуу жолу менен чек ара маселесин чечүү аракети коомчулуктун сынына кабылды. Бирок айрым эксперттер бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган тынч ыкма экенин белгилеп келишет.

Кыргызстандын тарыхын карай турган болсок, чек ара маселесин чечиш үчүн учурунда кыргыз бийлиги Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыра жайлоосун Казакстанга берген.

Бирок бул экөө тең коомчулукту нааразы кылган. Айрыкча Үзөңгү-Кууштун маселеси саясатташып, ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийликтен кетишине жол ачкан.

Бирок эксперт Саламат Аламанов буга чейин «Азаттыкка» чек араны чечүү ишин саясатка айландырууга негиз берилбеши керек экенин айткан:

«Мындай иштен кийин ар түрдүү ача пикирлер сөзсүз чыга берет. Барак маселесин көп жылдан бери эле чече албай келбедикпи. Маселе чечилгенден кийин сынчылар, саясатка айландыргандар чыгат. Ошондуктан буга дайым даяр болуш керек. Каркыра деле ушундай болгон да, биз аны берип, өзүбүзгө эки эсе көп жер алганбыз. Биздин эл пайдаланып жүргөн жерди алганбыз. Ошол жердин чуусу азыр деле басыла элек».

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Ал эми Өзбекстан менен чектеш Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов бийлик маселени эл менен акылдашып чечиши керек деген пикирин ортого салды:

«Азыркы Аравандагы чыр элде маалымат жоктугунан болду. Өкмөт болсо сүйлөшүп, мурда эле чечилгенин айтып жатат. Кыргызстандын шартында чек ара маселесине кылдат мамиле кылбаса, кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн».

Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги чек ара тактоо ишин 2016-жылы жанданткан.

"Азаттыктын" архиви: Кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрүнүн тарыхы, 5-сентябрь, 2017-жыл

Ушул жылы эки тараптын расмийлери биргелешип, тактала элек 55 тилкени жеринде көрүп, изилдеп чыгышкан. Андан кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, атайын протоколго кол коюшканы кабарланып, бирок анын мазмуну тууралуу маалымат таратылган эмес.

2015-жылы да Аравандагы аталган суу сактагычтын тегерегиндеги 400 гектардай жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени айтылып, жергиликтүү бийлик бул маалыматты төгүндөгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG