Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 04:46

Тарыхты күчтөндүрүү идеясы сынга кабылды


Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият комитети Кыргыздардын байыркы тарыхын изилдеген мамлекеттик институт түзүү жөнүндө токтомдун аткарылышын талкуулап, демилгечилер өкмөттү сынга алды.

Ал эми илимпоздор мындай демилге каражатты көп талап кыларын айтышып, анын ордуна иштеп жаткан тарых институтун каржылык колдоого алууга чакырып жатышат.

Жогорку Кеңеш кыргыздардын байыркы тарыхын изилдөө институтун түзүү жөнүндө 2017-жылы ноябрь айында кабыл алган токтомду аткарууга үч ай мөөнөт берген. Аны ишке ашыруу үчүн 40 миллион сом талап кылынары белгиленген.

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Токтомдун демилгечиси, парламент депутаты Зиядин Жамалдинов комитет жыйынында токтомду ишке ашыруу зарыл деп, ага өзүнүн төмөнкүдөй жүйөсүн келтирди:

- Ар бир мамлекеттин тарыхы болушу керек да, туурабы? Союз мезгилинде жашап жүргөндө бизде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ушул тапта биз өзүбүздүн беш жүз жылдык тарыхыбызды билбейбиз. Бул II кылымдан VI кылымга чейинки мезгил. Ал доорлор тууралуу азыр ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Мисалы, биздин кыргыздар ал кезде Европага чейин барган деген сөздөр айтылып жүрөт. Атилла биздин Адыл хан болгон деген божомолдор бар. Буларды биз кантип тактайбыз? Албетте бул үчүн биздин мамлекет кыргыздын байыркы тарыхын изилдөө институтун түзүш керек.

Жамалдинов бул институт өз максатына жетип, тарыхтын актай барактарын толуктагандан кийин жоюп салуу керектигин айтууда. Бирок мындай демилгени тарыхчылар менен окумуштуулар жамааты колдогон жок.

Кыяс Молдокасымов. 19.10.2016.
Кыяс Молдокасымов. 19.10.2016.

Президентке караштуу "Мурас" фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов бул демилгени илим тармагын жакшы түшүнбөгөндүк деп баалады:

- Институт түзгөндө эле баары өзгөрүп кетпейт. Даяр институттар бар. Аларды күчөтүп, жаңы адистерди алса болот. Илим изилдөөгө мамлекеттен эч кандай каражат бөлүнбөй калган. Андыктан дагы бир жел араба ойлоп таппай эле тарых институттарына ошол каражатты жумшасак эле маселе чечилет.

Чынында эле жаңы институтту түзүү тууралуу токтомду аткаруу үчүн өлкө казынасынан кырк миллиондон ашык сом керек экен. Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев Кыяс Молдокасымовдун пикирин улап, буларды кошумчалады:

- Депутаттардын тарыхты күчтөндүрүү идеясын көтөрүп жатканы жакшы. Бирок ошол эле учурда биздин академияда Тарых жана маданий мурас институту бар. Биз ал институтка археологиялык казууларды, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча жыл сайын каражат сурайбыз. Бирок акча берилбейт. Эгер ошол бөлүнө турган акчаны жаңы институт түзбөй эле академиянын ичиндеги институтту күчтөндүрүүгө же жаңы борбор түзүүгө жумшасак майнаптуу болот эле. Жаңы институтка жаңы директор, жаңы кызматкер, жаңы имарат керек дегендей... Биз өкмөткө Улуттук академия бул демилгени атайын борбор түзүп, долбоор түрүндө ишке ашыралы деген сунуш бердик.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жуматаев учурда Улуттук академияга караштуу Тарых жана маданий мурас институтуна жылына өкмөттөн 7-8 миллион сом сарпталарын, эгер жаңы институтту түзүүгө бөлүнө турган 40 миллиондун жарымы берилсе эле көтөрүлгөн маселе чечилерин айтты.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу "Манас таануу" институтунун негиздөөчүсү жана директору Топчубек Тургуналиев болсо депутаттын демилгесин колдоду:

- Мунун зарылчылыгы бар. Себеби биздин Улуттук илимдер академиясында кыргыздын байыркы доорундагы тарыхын чала билгендер же билбегендер отурат. Кытай тарыхынын атасы саналган Сыма Цян биздин доорго чейин III-II кылымда кыргыздар Борбор Азияда эң байыркы элдердин бири деп койгон экен. Андан аркысын биз таптакыр билбейбиз да. Эгер ошол кылымдарда "кыргыздар Борбор Азияда эң байыркы эл" деп айтылган сөзгө маани берсек, анда кыргыз эле ошол эле доордо пайда боло калган жок да. Демек кыргыздар ага чейин эле болгон.

Тарых тактыкты сүйөт

Тарых тактыкты сүйөт

Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

Өлкөдө кыргыз таануу: улуттун тарыхы, маданияты жаатында иштеп жаткан бир нече коомдук уюмдар, институттар, жазуучулар, тарыхчылар бар. Кыргыздын байыркы тарыхын жазгандардын айрымдары Атилланы Адылхан, Чыңгызханды кыргыз кылып, арийлик тууралуу кеп козгоп келишет.

Жазуучу Олжобай Шакирдин пикиринде азыркы тапта кыргыз таануунун оң жагына караганда терс жагы арбып баратат:

- Карапайым калк улуттук баалуулуктар боюнча көтөрүлгөн демилгелерге таза ишеними менен берилет. Кыргыз таануу жаатында институттар, уюмдар ачылып жатыптыр дейт. Аны "ура-патриоттор" дүңгүрөтө колдойт. Мына, бизге ушул жаатта канчалаган майрамдар уюштурулуп жатат. Элдин көңүлү ошол нерселер менен алагды болуп жатат. Биз улуттук баалуулуктарды жалган иллюзиялар менен тааныйбыз. Кыргызды тааныганыбыздын деңгээли ушул болду: биз азыр Эне тил күнүн, калпакты майрамдап жатабыз. Чынында булардын баары шорлогон элдин майрамы да.

Олжобай Шакир кыргыз таануу багытында жүрүп жаткан айрым иш-чаралардын артында, анын ичинде тарыхты тактоодо сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгы бар деген пикирде.

Жогорку Кеңештин кыргыздардын байыркы тарыхын изилдөө институтун түзүү токтому качан аткарылары тууралуу өкмөт билдирүү жасай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG