Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:36

Парламент ойгондубу же "оюн" көрсөттүбү?


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш кабыл алган акыркы чечимдерден улам "мыйзам чыгаруучу бийлик көз каранды эмес саясат жүргүзө баштады" деген пикирлерге жол ачылды.

Буга парламенттин Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жана Жогорку соттун судьяларын тандоодогу талкуулары негиз болду. Депутаттар өздөрү да тыштан кийлигишүү болбогону үчүн көз каранды эмес чечимдер кабыл алынып жатат деп ишендирүүдө.

Буга чейин "президенттик аппараттын буйругуна жараша иш алып барат" деп сындалып келген парламент эркин позицияны сактап кала алабы? Жогорку Кеңештин ишмердигине коомчулуктун кызыгуусу кийинки убакта парламентте каралган маселелерден улам күчөдү.

Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча жана Жогорку соттун судьяларын тандоодо парламентте кызуу талкуу жүрүп, көпчүлүк депутаттар мурдагы бийлик өкүлдөрүн сындап чыккан. Эксперттер депутаттардын мындай жигердүүлүгү азыркы чакырылыштагы парламент үчүн анча мүнөздүү эмес экенин айтып жатышат.

Буга чейин депутаттардын ичинде да азыркы парламентке ичи чыкпай жүргөндөр бар.

Маселен, өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттар өкмөттүн жетегинде калды деп баалап, парламент нотариалдык кеңсеге айландыбы деген собол таштаган.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев парламенттеги акыркы жанданууну саясий кырдаал менен байланыштырды:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу азыркы парламентте кандайдыр жандануу байкалып жатат. Муну парламенттик демократиянын бүчүрлөп, жалбырак ача баштаганы менен салыштырам. Муну биздин демократияга бараткан жолдогу бир белес катары айтсак болот. Ушул бойдон Жогорку Кеңеш парламентаризмдин үлгүсүн көрсөтчү маселелерди карап кетсе, өздөрү айткандай "легендарлуу парламенттен" кийинки демократияга салым кошкон парламент болуп калышы мүмкүн.

Парламенттеги акыркы абал саясатка байланыштуу экенин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да айтып чыкты. Бокоевдин пикиринде, көпчүлүк депутаттар президенттин позициясын байкап турат:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Президент кийлигишпегени үчүн ушундай кырдаал жаралды. Ал үстөлдү катуураак муштаса бул өзгөрүп кетиши мүмкүн. Президент ар дайым вертикалды күчөтүүгө аракет кылат. Бирок ага каршы туруу - парламенттин колунда. Азыр ал президенттин бийлигин күчтүү кылып жатканы белгилүү.

Анткен менен Жогорку Кеңештеги акыркы талкууларды, чечимдерди президенттин таасирине байлагандар да бар. "Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу талкуунун жүрүшүндө депутаттар кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсүн аткарды" деген божомолун мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да айтып чыккан.

- "Вотсап" аркылуу тиешелүү суроолор, көрсөтмөлөр берилип турганын депутат Дастан Бекешов айтып чыкты. Ким тарабынан болгонун мен билбей жатам. Бирөөнү ачык күнөөлөй албайбыз. Бирок муну уюштургандар президенттик аппараттан болушу мүмкүн. Азыр далилдей албаганыбыз менен кийин ачыкка чыгат.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары мындай пикирди жокко чыгарды, оппозициячыл фракциялар да президенттин аракеттеринен кынтык таба элек. Ошондуктан парламент ушул турумду канчага чейин кармай алат жана көз карандысыз саясат жүргүзөт деген суроо жаралууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул суроого жакын арада жооп табылат деген пикирде:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Жогорку соттун судьяларын өз алдынча шайлаганы жөнүндө сөз болуп жатат. Азыр бул сотко дагы жети судья жетишпейт. Ушуларды шайлоодо президент өз өкүлү аркылуу "ишенем" деп кысым көрсөтсө, биз акыркыдай баарын иликтеп, анан чечим кабыл алсак - эркибизди көрсөтөбүз. Эгер мурдагыдай эле кол көтөрсөк, эч нерсе өзгөрбөгөнү билинет.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттардын мындан ары өз позициясын коргоп, иш алып барышынан жалпы парламентаризмдин келечеги көз каранды экенин белгиледи:

- Депутаттарда мурдагыдай президенттин аппаратына чуркоо деген болбошу керек. Ал толук эркин болууга тийиш. Ушул багытта менимче маселелер бар. Бул эми башталышы гана. Колунан келеби же келбейби - бул парламентаризмдин келечеги үчүн маанилүү.

Кыргызстан 2010-жылдагы Баш мыйзамда парламенттик башкарууга өткөнүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө президенттин таасири күчтүү болуп жатканын адистер белгилешет.

Президент Сооронбай Жээнбеков "өлкө акырындык менен толук парламентаризмге өтүшү керек" деген пикирин билдирген.

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылы шайланган. Анын курамында КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол”, “Кыргызстан" жана “Ата Мекен” фракциялары бар.

"Азаттыктын" архиви: Парламент “кол тийбестикти” жоё алабы?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG