Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштырууга байланышкан талкуулар көшөгө артында кызуу жүрүп жатканын бир катар маалымат сайттары жазды.

Божомолдорго караганда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин Чыныбай Турсунбековду төрагалыктан кетирүү боюнча маселе көтөрүлүп, анын ордуна бир нече адамдын талапкерлиги каралышы ыктымал.

Парламенттик чөйрөдө саясий ушундай жүрүштөр тууралуу кеңири сөз болуп жатканын атын атагысы келбеген бир нече депутат ырастады. Алардын айтымында, төрагалыкка ыктымал талапкерлердин катарында парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы Аскарбек Шадиев, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Дастан Жумабековдун аттары аталып жатат.

Бирок төрагалыкка талапкер делгендердин бири Төрөбай Зулпукаров мындай сөздөрдөн кабары жоктугун айтты:

- Бул маселе бир да фракцияда көтөрүлө элек. Биринчи жолу угуп жатам. Ал эми төраганы алмаштыруу боюнча маселенин негизи барбы же жокпу, аны депутаттар ойлонуп көрүп, чечим кабыл алат.

Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат кызматы да мындай маселе талкууланбаганын билдирип, айтылып жаткан маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

Анткен менен бир катар саясий эксперттер өлкөдөгү акыркы окуяларга сереп салуу менен парламент төрагасын алмаштыруу аракети толук болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Эксперт Сейтек Качкынбайдын баамында, буга президенттик шайлоо алдындагы Чыныбай Турсунбековдун саясий жүрүштөрү себеп болушу мүмкүн:

- Турсунбековду алып койсо таң калбайм. Алып коюшу мүмкүн деп божомолдосок болот. Анткени андай ыктымалдуулук жогору. Себеби Турсунбеков КСДПнын курултайы учурунда президентке баа берип, альтернатива керек экенин айтып жиберди. Президенттин мүнөзүн эске алганда Турсунбековду болду эми деп коюшу мүмкүн. Экинчиден, шайлоо учурунда төрага нейтралитетти сактап берди. Башка партиялаштары сыяктуу бирөөнө жан тартпай, ортодо турууга аракет кылды окшойт. Мындай нерселер бийлик партиясына жакпашы толук мүмкүн.

Чыныбай Турсунбеков быйыл жайында КСДПнын курултайында Сооронбай Жээнбековду расмий аттандырганына карабай президенттик жарышка катышуу ниетин билдирген. Ал бийлик партиясынын эки талапкер чыгарышы зарыл экенин ачык айткан эле.

Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Турсунбековдун мындай аракеттерин жактырбай, өз мүдөөсүнөн баш тартпаса, партиядан чыгарыларын эскерткен.

Бул окуялардан кийин Турсунбеков президенттик орун үчүн күрөшүү ниетинен баш тарткан эле. Бирок шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Чыныбай Турсунбеков башка партиялаштары сыяктуу Сооронбай Жээнбековду кызуу колдоп, сүрөгөнү байкалган жок.

Саясий эксперт Марс Сариев бийлик мындай кадамдар менен өз позициясын дагы бекемдөөнү көздөйт деген пикирде:

- Чыныбай Турсунбеков өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракет кылганын шылтоо кылып президенттин жанында тургандар оюн башташы мүмкүн. Себеби бийлик шайлоодогу жеңишин улантып, парламенттеги позицияны да күчөтүүгө кызыкдар.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын үчтөн экисинин макул деген добушу керек. Буга кошумча добуш берүү жабык жүрүп, көзөмөлдөө кыйын болот. Ошондуктан эркин депутат Жанар Акаев Турсунбековду спикерликтен кетирүү аракети оңой-олтоң ишке ашпай турганын билдирүүдө:

- Чыныбай Турсунбеков парламентте калыс төрагалык кылып, көптөгөн депутаттардын купулуна толуп турат. Өзгөчө президенттик шайлоо сыяктуу чоң саясий өнөктүктө арбитр катары калыс туруп бергени жакшы болду. Азыр Турсунбековду кетирип, анын ордуна башканы алып келебиз деген саясат менимче ишке ашпайт. Аны кетирүү үчүн 81 депутаттын добушу керек. Мынча сандагы добуш топтоо кыйынга турат. Анткени “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү”, “Ата Мекен” фракциялары менен катар Социал-демократтардын ичинде деле Турсунбековду колдогон бир нече депутат бар. Ошондуктан төраганы кетирүү боюнча аракет кылган күчтөр планы ишке ашпай калып, уят болушу да мүмкүн.

57 жаштагы Чыныбай Турсунбеков саясатка келгенче өлкөдөгү ири ишкерлердин бири болчу. Ал 2010-жылы Социал-демократиялык партиянын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланып, фракцияны жетектеген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да социал-демократчылардын тизмесин жетектеп барып, былтыркы жазга чейин кайрадан фракция лидери болгон.

2016-жылы ал кездеги спикер Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке бекигенине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткенде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG