Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:04

Апта: “Мегакомго” кардар табылды, шайлоо кызыды


30-сентябрда Бишкекте миңдей киши катышкан "Акыйкат шайлоо үчүн" акциясы өттү.

Узаган жумада кыргыз өкмөтү "Мегаком" уюлдук компаниясын сатып ала турган кардар тапканын жарыялады. Бул аптада президенттик шайлоо айланасындагы окуялар кызып, мыйзам бузуулар парламентте көтөрүлдү. Премьер-министр Сапар Исаков Орусияга расмий сапар менен барды.

Кардар чыккан "Мегаком"

Өтүп бараткан аптада өлкөдөгү эң ири жана кирешелүү мамлекеттик ишкана "Альфа Телеком" ("Мегаком") уюлдук компаниясын сатып алууга орусиялык ​ Елена Нагорная аттуу ишкер арыз бергени белгилүү болду. Аталган ишкер "Альфа Телекомду" Мүлк фонду аныктаган 13,5 миллиард сомго сатып алууга жана башка шарттарга макул болгон.

Елена Нагорная.
Елена Нагорная.

Бирок Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноолор, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштетет деген суроолор жаралды.

Маселен, коомдук ишмер Эдил Байсалов Duns & Bradstreet эл аралык маалымат базасын жана Орусиядагы "Таза бизнес үчүн" порталын иликтеген. Анда жазылгандарга таянуу менен Елена Нагорнаянын былтыр чай бизнесинен түшкөн соода жүгүртүүсү 60 миң доллардан араң ашканын айтып, анын "Мегакомду" сатып аларынан шек санады:

- Англисче Duns & Bradstreet деген эл аралык маалымат базасынан карадым. Андан сырткары Орусиянын "Таза бизнес үчүн" порталынан да маалыматтар, соода жүгүртүүлөрү чыгып атат. Мындай компанияны сатып алуу үчүн анын соода жүгүртүүсү жүз миллион доллар дебей эле коеюн, ондогон миллион доллар болушу керек. Мен жумурткадан кыр издеген жокмун. Былтыр чайды 63 миң долларга сатып, 3 миң доллар зыян тарткан адам 212 миллион долларга компания сатып ала алабы? Кения, Африка, Танзанияда чай-кофе менен иштеген кишинин Кыргызстанга кандай тиешеси бар, кантип келип калды?

Бирок Мамлекеттик мүлк фонду атайын комиссия орус ишкеринин сунушун карап көрүп, кабыл алганын билдирди. Учурда Мүлк фонду Елена Нагорнаядан керектүү документтерди сурап, ыктымал инвестор тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков "Азаттыкка" айтты:

- Учурда текшерип жатабыз. Алардан бир нече документ сураганбыз, дайындап жатышат. Келишимди түзүү боюнча юристтер иштеп жатышат. Сүйлөшүү толук кандуу жүрүүдө.

"Мегаком" деген бренд менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясы өлкөдөгү ири уюлдук операторлордун бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге жакын адамдар ээлик кылат делген компания Апрел ыңкылабынан кийин улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн.

Бул компанияны коррупциялык жана саясий жаңжалдар коштоп, бир нече адам камакка алынган.

Учурдагы бийлик алгач ирет "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын былтыр февралда 19 миллиард сомго сатыкка чыгарган. Бирок андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу чечими кабыл алынган.

Ушул шартта сатып алууну каалаган жалгыз адам - орус ишкери Елена Нагорная болуп отурат.

"Альфа Телеком" компаниясы мамлекетке караштуу ишканалар арасынан эң кирешелүү деп саналат. Расмий маалымат боюнча, ишкана былтыркы жылы 7 миллиард сом киреше таап, мамлекетке 1,5 миллиард сом салык төлөгөн. Ал эми акыркы беш жылда 9 миллиард сомдон ашык салык жана 6,5 миллиард сомдон ашык дивиденд берген.

Шайлоонун тегерегиндеги талаштар

Өлкө башчылыгына ат салышкан талапкерлер аймактарды кыдырып, үгүт өнөктүгүн улантышууда.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов көбүнесе мамлекеттик органдар административдик ресурсту колдонулуп жатканына даттанса, бийлик айрым талапкерлердин добуш сатып алуу аракети жүрүп жатканын айтууда.

Мындай сөздөр шайлоого даярдыкты талкуулаган парламент жыйынында да каралды. Маселен, депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, учурда Муфтият баш болуп үгүт өнөктүгүнө активдүү аралашып жатышат:

- Мыйзам бузулуп, ким акча берип, ким административдик ресурс колдонуп жатканын элдин баары эле көрүп турат. Ал гана эмес, муфтий баш болуп, Чүй облусунун казысын сөгүп, имамдарга чейин ар бириңер ондон адам алып келесиңер деп опузалап жатыптыр. Мындан сырткары мугалимдерди да коркутуп, адамдардын паспортторун алдырып жатышат.

Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Буга чейин эле экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун талапкер Жээнбековду, ал эми дагы бир дин аалымы Садыкжан ажы Камаловдун талапкер Бабановду сүрөп чыгышы көптөгөн талкууларды жараткан эле.

Үгүт өнөктүгүнө көз салып, сурамжылоолорду жүргүзүп жаткан социолог Самар Сыргабаев бул факторду быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү катары сыпаттоодо:

- Үгүт өнөктүгү боюнча азыркы шайлоо кампаниясынын мурдагыларынан көп деле айырмасы жок. Бирок бир өзгөчөлүк бар. Ал дин фактору азыр колдонулуп жатат. Маселен, дин ишмерлери кайсы бир кызматты ээелебесе да коомдук пикир жаратууга, кайсы бир бөлүккө таасир этерин саясатчылар түшүнүп, бул факторду колдонууга аракет көрүп жатат.

Бул маселеге орус медиасы да көңүл буруп, негизги талапкерлердин динди колдонуу аракеттери тууралуу бир нече макала жазды.

Бул жумада Өмүрбек Бабановдун Ошто шайлоочулар менен жолугушуудагы сөзү абдан көп талкууларга жем таштады.

28-сентябрда негизинен өзбек тектүү жарандар жашаган Амир-Темур конушунун жашоочулары менен жолуккан Бабанов шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга биргеликте каршы турууга чакырган. Бирок өзбек улутундагыларга кайрылган бул сөзү кыскартылып, интернетке тарап, улут аралык мамилеге доо кетирди деген таризде талкууларды жаратты.

Бабановдун штабы болсо жолугушуудагы сөздөр кимдир бирөөлөр тарабынан монтаждалып, атайын таратылууда деп маалымат берди. Өмүрбек Бабановдун бул сөзү жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган видеолор боюнча материалдарды УКМК текшермей болду.

Ошентсе да эксперттер талапкерлерди добуш алуу максатында улут аралык мамиле маселесин көтөрүүдөн алыс турууга чакырып жатышат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этнос аралык мамиле боюнча агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаевдин айтымында, мындай аракеттер өлкөдөгү туруктуулукка шек келтириши мүмкүн:

- Негизинен талапкерлер көп улуттар жашаган Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, анан этностор жыш жайгашкан Чүй облусунда, негизинен бир тектүү улут менен жолугуп жаткан учурда, айтыла турган сөздөрдү тандап, абайлап сүйлөш керек. Бир улутту бир улуттан өйдө коюу же ылдый коюу сөзсүз түрдө экинчи тарапты кемсинткенге алып келип коюшу мүмкүн.

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

​Ошол эле кезде эксперттер шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө президенттикке талапкерлердин динине, улутуна, жердигине, кала берсе сырткы келбетине асылып, кемсинткен каралоо күчөп, чектен чыкканын айтып чыгышты.

БШК менен өкмөт шайлоого байланыштуу ар бир мыйзам бузуу көңүл тышында калбайт деп ишендирүүдө. Бийлик буга Юридикалык академияда мугалим студенттерди Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөдү деген факт боюнча кылмыш ишинин козголгонун мисал тартууда.

Ал ортодо бир катар мамлекеттик ишмерлерден турган "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы БШК менен бирге шайлоодо мыйзам бузууларга каршы бир нече иш-чара өткөрдү.

Ал эми депутат Жанар Акаев жана жарандык активисттер 30-сентябрда Бишкекте ушундай ураан менен акция уюштурду. Алгач тынчтык жүрүшү катары пландалган иш-чараны өткөрүүгө борбордун Октябрь райондук соту тыюу салган соң, аны активисттер таза шайлоого үгүттөө акциясы деп атап Ботинакалык бакчада өткөрүштү.

1000ге чукул адам чогулган акция жарандык коомдун административдик ресурсту колдонууга каршы шайлоо алдындагы алгачкы массалык иш-чарасы болду.

Эксперт Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, шайлоо алдындагы мыйзам бузууларга жарандык коом позициясын билдиргени маанилүү:

- Мындай акцияны жарандык коомдун өткөргөнү абдан жакшы болду. Жакшы жышаан. Себеби шайлоо алдындагы мыйзамсыздыктарды көрүп туруп, ага карата ачык мамилесин билдирүү менен көпчүлүктү жоопкерчиликке чакыра алат. Менин пикиримде бул акцияны өкмөт да колдоп, таза шайлоого кызыкдар экенин билдириши керек болчу.

Узаган аптада буга чейин оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиев бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып, президенттик жарыштан чыкты.

Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, премьер-министрлик кызматты ээлөөгө макул болгон Бакыт Төрөбаев качан талапкерлигин алары белгисиз.

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, шайлоого чейин бир катар биригүүлөр болушу мүмкүн:

- Бакыт Төрөбаев жакын арада Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салат деп ойлойм. Мадумаровду байкасаңар, кайсы жакка барарын ойлонуп жатат. Ал кайсы тараптан ыңгайлуу сунуш болот деп күтүп жаткандай. Ал эми Темир Сариев да арсар абалда турат. Ал шайлоонун аягына чейин барууга аракет кылат. Бирок финансылык маселелер жаралып жатат.

Бирок "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев шайлоодон баш тартпай турганын жарыялады.

Буга чейин аталган талапкердин Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, шайлоодон баш тартышы мүмкүн деген маалыматтар тараган эле.

Буга кошумча шайлоо штабынын башчысы Элмира Ибраимова саясий көз карашы дал келбей калды деген жүйө менен штабдан кеткенин жарыялаган. Мунун баары Сариевдин айланасында ар кыл божомолдордун чыгышына себеп болгон эле.

Бул аптада Кыргызстандагы президенттик шайлоону Вашингтондогу эксперттер талдашты.

Ага катышкан эксперттер кыргыз шайлоосу Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү шайлоолордон кыйла артыкчылыктуу деп эсептеп, ким жеңерин алдын алуу айтуу мүмкүн эместигин, атаандаштык бар экенин жүйө келтиришти.

Бирок шайлоо системалары боюна эл аралык фонддун Борбор Азия боюнча программалык менеджери Энтони Бойер административдик ресурс, акчага добуш сатып алуу маселеси шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнө кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн эскертти.

- Мамлекеттик административдик ресурсту бир талапкердин пайдасына колдонуу - тынчсыздануу жараткан маселелердин бири. Андыктан эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө багытында Борбордук шайлоо комиссиясы менен жарандык коомдун алдында чоң сыноо турат. Ошондой эле үгүткө сарпталган каражаттын булагы да ачык көрсөтүлүшү керек. Мурдагы кыргыз шайлоолорунда ачык жарыяланбаган каражаттар боюнча шектенүүлөр болгон. Мындан тышкары добуш сатып алуу узактан бери маселе жаратып келет. Бул көйгөйлөр жаңы эмес. Бирок ири масштабда орун ала турган болсо шайлоонун тазалыгына коркунуч жаратат, - деп билдирди Шайлоо системалары боюна эл аралык фонддун эксперти Энтони Бойер.

Сапардын расмий сапары

Узаган аптада кыргыз-орус мамилелери Москвада талкууланды. Премьер-министр Сапар Исаков Орусияга расмий сапар менен барып, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууларды өткөрдү.

Сапар Исаков менен Дмитрий Медведев.
Сапар Исаков менен Дмитрий Медведев.

Жолугушуудан тышкары, Исаков Сколково инновациялык борбору, Москва шаарынын «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасы менен таанышканы белгилүү болду.

Жолугушууларда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланганы менен кайсы бир келишимге кол коюлган жок.

Жаңыдан ишке кирген премьердин Орусияга сапарынын макамына көбүрөөк көңүл бурулду. Өкмөттүн маалымат кызматы да эгемендиктен бери кыргыз премьеринин Орусияга алгачкы расмий сапары болгонуна басым жасашты. Эксперттер орус тараптын Исаковдун сапарына мындай макам беришин премьерге карата аванс колдоо катары баалашууда. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков:

- Жаңы Конституция боюнча премьер-министрдин макамы кеңейди. Бул жагдайды Орусия тарап да эске алып, премьер-министрди расмий сапар менен чакырды. Экинчиден, жаңы өкмөт башчы келди. Жаш, келечеги бар саясатчы деген мааниде дал ушундай сапар менен баруусуна макул болду.

Былтыр декабрдагы референдумда премьер-министрдин укугу кеңейтилген. Бирок Баш мыйзамдын бул жоболору быйыл декабрда күчүнө кирет.

Талаш жараткан күрт референдуму

Өтүп бараткан жумада дүйнөдөгү эң көп талкууланган окуя Ирактын Күрт автоном аймагындагы көз карандысыздык боюнча референдум болду. Бул референдум ички, тышкы каршылыкка карабай өтүп, аймак калкынын 90 пайызы автономиянын күнкорсуздугун колдоп добуш беришти. Бирок Ирактын бийлиги күрттөр менен эгемендик тууралуу сүйлөшүү болбой турганын эскертсе, күрттөр көп жашаган Түркия мындай аракетти чыккынчылык катары баалады. АКШ да бул референдумду тааныбасын жарыялап, ал Ирактын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирерин билдирди.

Ирактын Күрт автоном аймагынын өкмөт башчысы Нечирван Барзани элдин көз карандылыкка болгон ниетин эл аралык коомчулук таанышы үчүн аракет кыларын билдирип келет:

- Албетте, көз карандысыздык боюнча референдум Күртстан эртеси күнү эле эгемендик жарыялайт дегенди билдирбейт. Ошондой эле Күртстандын чек араларын аныктайт дегенди да түшүндүрбөйт. Бул эки маселе абдан маанилүү. Биздин коңшулар жана Багдад муну түшүнүшү керек. Биз болгону биздин эл демократиялык жол менен жана Багдад менен диалог аркылуу көз карандысыздыкка багыт алгысы келерин дүйнөгө көрсөткүбүз келет.

Ирак, Сирия, Түркия, Ирандагы күрттөрдүн жалпы саны кеминде 20 миллиондон ашуун деп эсептелсе, Ирактын күрт автономиясында беш миллиондон ашуун калк бар.

Күрт референдумун колдоочулар.
Күрт референдумун колдоочулар.

Буга чейин алар 2005-жылы да бейрасмий референдум өткөрүп, анда добуш бергендердин дээрлик 99% көз карандысыздыкты жактаган. Ал учурда мындай чечимдин күчү азыркыдай таасирдүү эмес эле.

Акыркы жылдары Ирактын басымдуу аймагын басып алган "Ислам мамлекети" террорчу тобунан тазалоого күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү негизги ролду ойноп, таасири күчөгөн эле. Көп улуттуу Киркук аймагы Ирак армиясы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен качып кеткенден бери Күрт автоном бийлигинин Пешмерга күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат.

Киркукка күрт күчтөрүнүн кириши “Ислам мамлекети” тобунун мунай кендерди ээлеп алышына жол берген эмес. Ошондуктан күрттөрдүн күчтөрү эл аралык коомчулукка жакшыраак билинип, өз аракетин күчөтүүдө. Бирок Ирактын өкмөтү болсо өлкөнүн түндүгүн байырлаган күрттөрдүн ыктымал бөлүнүүсү тууралуу сүйлөшүү болбой турганын эскертти.

- Биз референдумдун жыйынтыктары тууралуу талкууга же диалогго даяр эмеспиз. Себеби ал Конституцияга каршы келет, - деп билдирди Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади.

Ирак өкмөт башчысы.
Ирак өкмөт башчысы.

Аймактагы ири оюнчулардын бири Түркия ирактык күрттөрдүн референдумун башынан бери эле өз коопсуздугуна коркунуч катары эсептеп келген. Себеби бул өлкөдө Ирактагыдан бир нече эсе көп күрт азчылыгы жашайт. Референдум өтүп жаткан күнү да Түркия Күртстандан чыккан мунай куурларын бууп салабыз деп коркуткан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG