Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Оппозициялык биригүүдөгү арасат абалдар


Ак үй. Бишкек шаары.
Ак үй. Бишкек шаары.

Президенттик жарышка чыккан саясатчылардын бирдиктүү оппозициялык алъянстын алкагында бир талапкерге токтолуу демилгесинен майнап чыга элек.

Талапкерлердин бири Адахан Мадумаров жогорку кызматты убадалашуу аркылуу тандем түзүү бирдиктүү платформанын астына кеңейтилген оппозициялык альянска биригүүгө тоскоол болгонун билдирди.

Муну менен ал буга чейин президенттикке талапкерлер Бабанов, Төрөбаев, Мадумаров жана Сариевдин ортосундагы бирдиктүү талапкерге токтолуу демилгеси үзгүлтүккө учурап жатканын белгиледи.

Буга чейин Бабанов менен Төрөбаев биригип "президент-премьер-министр" тандеми түзүлгөнүн жарыяланган.

Кызмат үчүн биригүүнүн кыяпаты

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоодо кеңири конфигурациядагы бирдиктүү оппозициялык биримдикти түзүү жана бирдиктүү талапкерге токтолуу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын билдирди. Анын айтымында, айрым президенттикке талапкерлердин жана оппозициялык күчтөрдүн ортосунда шайлоодо бирдиктүү платформа аркылуу бир талапкерге токтолуу демилгеси натыйжа бере элек.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликтин талапкерине туруштук берип, күчтүү атаандаштыкты камсыздоо үчүн кеңири оппозициялык альянсты түзүү демилгесинин оош-кыйыштарына токтолду:

- Биз "Кыргызстандын кайсы жол менен алып кетебиз" деген альтернативалуу идеянын айланасында биригишибиз керек эле. Инсандын же кызматтын айланасында эмес, идеянын айланасында баш бириктиришибиз зарыл экенин айтып келгенбиз. Эми алар ошентип "Мен -президент, сен - премьер" деген ураанды көтөрүп, "сиз - мугалим, мен - студент" деген ырдагыдай болбошу керек эле. Бул жерде шашылыш болуп кеткен сыяктуу болуп жатат. Андай болбошу керек эле. Тилекке каршы, мына ошондой болуп кетти. Анан эми бул сөзсүз түрдө жанагы биз айтып жаткан саясий күчтөрдүн кеңири коалициядагы союзун түзүүгө терс таасирин тийгизет. Тилекке каршы мен ойлоп жүргөн конфигурациядагы биригүү болбой калды. Ошол жагы өкүнүчтүү. Бирок эми кеңейтилген конфигурациядагы биримдикти түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр баары бир жүрө берет. Бул эми чоң саясий күрөш. Эгерде мына ошондой бирдиктүү талапкер катары бир лидер чыгып, программалык негизде иш алып барып, өз ара шартташкан болсок, анда мен мына ошондой өзгөрүүлөр үчүн, өзүмдүн талапкерлигимди алып салып болсун, мына ошондой программаны ишке ашырам деген инсан менен кол кармашып, үзөңгүлөш болгонго даяр элем.

Төртөөнүн ордуна эки саясатчы

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев жекшемби күнү Жалал-Абад шаарындагы жолугушууда башка бир талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыялаган. Ал экөөнүн көз карашында көптөгөн окшоштуктар бар экенин айткан менен, эки талапкердин биригүүсү кандайча жүрө турганы жана ага башка оппозициялык күчтөр кошулушу мүмкүнбү деген суроолор азырынча жоопсуз турат. Буга чейин талапкерлер Төрөбаев, Бабанов, Мадумаров жана Сариевдин ортосунда биригип, бирдиктүү талапкерге токтолуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган эле. Бирок Бакыт Төрөбаев Бабанов менен бириккен тандем тууралуу гана жарыялаган болчу:

- Бабанов-Төрөбаев саясий тандемине макул экенимди расмий түрдө билдирем. Биздин Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү боюнча саясий программаларыбыз окшош. Эң негизгиси биз реформалар жасалышын, кадрдык саясатта, сот тутумунда жана элдин өзүндө өзгөрүү болуусун тилейбиз. Учурда коррупция күндөн-күнгө өсүп, кадр саясатында башаламандык болууда. Булардын баарына менин ичим ачышып жатат. Биздин Кыргызстаныбыз баткакка батып баратат. Биздин максаттарыбыз көп жагынан окшош жана жакын экен.

Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов. Жалал-Абад шаары, 17-сентябрь, 2017-жыл
Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов. Жалал-Абад шаары, 17-сентябрь, 2017-жыл

Бабанов программасында премьер-министрлик кызматты жоюп, аткаруу бийлигинин башында президент турган башкаруу системасын колдой турганын айткан. Эми болсо ал президент болуп калса, анын парламенттеги фракциясы Төрөбаевди премьер-министрлик кызматка сунуштарын жарыялады.

Биригүүнүн предмети

Оппозициялык күчтөрдүн биримдигин түзүү жана бирдиктүү талапкерге токтолуу демилгеси шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта эле айтылып келе жаткан. Бирок кайсы саясий топтордун ортосунда биригүү боло турганы так аныктала элек болчу.

Саясат таануучулар оппозициялык топтор биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдө жогорку кызмат орундарын гана соодалашып, бирок биригүүнүн негизги идеясы менен программасын иштеп чыгууну унутта калтырып жатышканын белгилешүүдө. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- "Бабанов - президент, Төрөбаев - премьер-министр" деп жарыялап жиберишти. Анда буга кошула турган башка оппозициялык саясатчылар эмне болот деген маселе келип чыкты. Анан эми алар ар кимиси ар башка жол менен барганда шайлоодон утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аябай эле төмөн. Булар тандемге барганын жарыялап, премьерлик орунга чейин бөлүштүргөнүн айткан жагдайда бул альянска кошулуу ниети бар башка күчтөр "эми мунун ары жагы кандай болот" деп кетенчиктеп туруп калышты да. Анан эми булар "биз биригип жатабыз, 2-3 жылдан кийин жыргатабыз" деп курулай убада беришкени менен, эл азыр андай жомокторго эбак ишенбей калган. Булар бириккенде өлкөнү башкаруунун жана өнүктүрүүнүн конкреттүү долбоорлору боюнча эмнени сунуш кыларын аныктап алышы керек болчу.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Президенттик жарышта оппозициялык күчтөр акырында кайсы бирдиктүү талапкерге токтолуп, кандай идеянын астына биригет жана альтернативалуу кандай программа иштелип чыгары азырынча белгисиз.

Буга чейин талапкерлер Мадумаров, Төрөбаев, Келдибеков жана Ташиев союзу түзүлүп, бирок ал бир чечимге келе албай жатып, кайра бузулган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG