Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:45

Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги ачылган кылмыш иштеринин саны, алардын убактылуу жана биротоло токтотулушуна байланыштуу бири-бирине доомат артып киришти.

Өткөн айда Коопсуздук кеңешинин коррупция боюнча жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков кылмыш иштери, алардын козголуп-тергелиши, убактылуу жана биротоло токтотулушу тууралуу тартип коргоо органдарына ачууланган.

Бир жума мурун Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана эсептөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бактияр Осмоналиев маалымат агенттиктеринин бириндеги маегинде ИИМдин ишин сынга алган.

Тактап айтканда, милициядагы ачылган кылмыш иштеринин санын жасалма көбөйтүү жана жөнгө салуу сыңары терс өнөкөттөн арылуу аракети болуп жатканын сөз кылган.

Башкы прокуратуранын өкүлү "бул жагдай ИИМ прокуратура органдары өңдүү эсептөө саясатын уюштурууга жөндөмсүз болгонун көрсөттү" деп бүтүм чыгарган.

ИИМ "прокуратуранын мындай билдирүүсү коомчулуктун калың катмарынын терс пикирин жаратат, маселени чечпейт, тартип коргоо органдарына ишенбестикти күчөтөт" деп билдирүү таратты.

Анда мыйзамга ылайык, ички иштер органдары прокурорлордун макулдугу менен гана кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу жана биротоло токтотуу тууралуу да чечим кабыл алаары көрсөтүлгөн. Билдирүүдө "көзөмөлдөөчү, жөнгө салуучу орган өзү кетирген катаны жалаң гана ИИМге жүктөп жатат" деп айтылган:

"Кылмыш ишин иликтөөнүн жалпы жыйынтыгына прокуратура органдары көзөмөл жүргүзөт. ИИМдин маалымат базасына кирген статистиканы да прокуратура органдары текшерип, мөөр басат. Ошондуктан өзү кетирген катаны ыйгарым укугу жок ИИМге жүктөй салуу туура эмес. Ушундан улам Башкы прокуратура өзү мындай терс агымдын пайда болушуна шарт түздү" деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ кылмыш иштеринин эсеп-кысабын алууда, статистикасын чыгарууда укук коргоо органдарынын чогуу иштөө тартибине, буйруктарга, мыйзам жоболоруна байланыштуу да алешемдиктерди көрсөткөн. Мында да ИИМ Башкы прокуратуранын күнөөсү бар экенин айткан. Андан сырткары, Башкы прокуратурада былтыр түзүлгөн Укуктук статистика жана эсептөө башкармалыгында ушул тушта ИИМден барган жети кызматкер иштеп жатканы, айрымдары жетекчи да болгону жана алардын мурдагы кесиптештерин минтип сындап чыкканы кесиптик-этикалык нормадагы жагдай экени белгиленген.

Керкисинде да, кемигинде да бар

Башкы прокуратура ИИМдин билдирүүсүнө азырынча расмий жооп кайтара элек. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев милицияга айтылган дооматтар жүйөлүү деген ойдо:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Мисалы, буларда былтыр баңгизат боюнча 50 киши кармалып соттолсо, быйыл дагы сөзсүз 50 киши кармалышы керек, былтыр кылмыш ишинин 80 пайызы ачылса, быйыл андан кем эмес кылмыштын бети ачылышы керек. Эгер андан кем болуп калса, жетекчиси иштен алынат. Эми прокуратура ушул жагын айтып жатат да. Айрым учурда булар пайызын көбөйтүү максатында ар кандай жолдорду колдонушат, муну прокуратуранын кызматкерлери билет. Токтотулган кылмыш иштерин массалык түрдө жандандырып жиберип, анан ошого карточка коюп, "кылмыштардын бети ачылып жатат" деген сыяктуу ыкмаларды колдонушат. Ушундай ар кандай жолдорду жасап эле жүрүшөт. Буга чычалап кереги жок.

Эгер туура эмес статистикалык маалымат келсе анда аны тууралаш үчүн тапшырма бериши керек болчу. Кызылдай эле жамандай берген болбойт. Алардын дагы күнөөсү бар.
Султан Жоошбаев

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев болсо милицияга эле доомат коюлуп жатканын сынга алды жана прокуратура органдарынын да жоопкерчилигине токтолду:

- Мурда статистикалык маалыматтын баары биздин маалымат борборубузда болчу. Азыр эми Башкы прокуратурада атайын башкармалык ачылды. Катталган кылмыш иштерине карточка коюлат. Анан кылмыш ишинин ачылышын, сотко жиберилишинин - баарын прокуратура көзөмөлдөйт. Анан көзөмөл өздөрүндө турса, башкаларды жамандай берген туура эмес. Бул алардын деле милдети, көзөмөл кылып жатышат. Эгер туура эмес статистикалык маалымат келсе, анда аны тууралаш үчүн тапшырма бериши керек болчу. Кызылдай эле жамандай берген болбойт. Алардын да күнөөсү бар.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов тартип коргоо органдарында сандан сапатка өтүү зарылдыгы тууралуу сөз кылды:

- ИИМде, башка жактарда деле "мынча пайыз болушу керек, мынчасы ачылышы керек" деген статистика бар да. Бул туура эмес, муну тыйыш керек. Реалдуу фактылар менен иштөө зарыл. Бул көрүнүш илгертен бери эле бар экен. Ар бир ички иштер бөлүмдөрүндө план коюлган. Эми жок болсо жок да. Ошондуктан жок нерсени алып чыгып, ар кандай күнөөнү илген көрүнүш ушундан чыгып жатпайбы.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тартип коргоо, көзөмөл органдары айткан дооматтан тыянак чыгарышы керектигин белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Милиция деген саны да, күчү да көп орган. Жасалган иштин, козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү ИИМге туура келет. Булардын жакшы кылган иштери да бар. Эми сындаса булардан ар дайым чыга берет. Кемчилик деген толтура. Ошондуктан ИИМ муну туура кабыл алышы керек. Алар прокуратура менен эч качан тиреше албайт.

Расмий маалымат боюнча, ички иштер органдары соңку эки жылда 65 миӊдей кылмыш ишин козгогон. Бирок жарымынан көбү “кылмышка шектүү адамдар табылган жок, аныкталган жок" деген негиз менен кыскартылган жана токтотулган.

Сотко алардын 30 пайызы гана жеткен жана анын теңине жакынында айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Болгону ондон ашыгыраак пайызы боюнча гана кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын жарымынан азында гана эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG