Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 10:18

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту өткөн айда Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү танк радиаторлору уурдалган факт боюнча мурунку беш аскер кызматкерин беш жылга абакка кесүү тууралуу өкүм чыгарды.

Аскердик бөлүктө 72 радиатор мындан алты жыл мурда уурдалып, кылмыш иши козголгон жана алгачкы сот өкүмү 2015-жылы чыккан. Башкы прокуратура бул ишти былтыр жазында кайра жанданткан эле.

Кыргызстанда буга чейин аскер бөлүктөрүндө курал-жарак, аскердик техника, буюм-тайым уурдалган бир канча факт орун алган.

Алты жылдан кийинки өкүм

"Танк радиаторлорун уурдап сатып жиберген" деп соттолгондордун бири сержант Азат Жакыпов 2012-жылы Кой-Таш аскер бөлүгүндө контракттык негизде иштеп жатканына бир жыл гана болгон. Анын аялы Чынара Качкын кызынын айтымында, Жакыпов ошондо күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, материалдык чыгымды төлөп берген. Былтыр иш кайра жанданганда сот камакка алуу тууралуу өкүм чыгарат деп эч ким күткөн эмес. Чынара Качкын кызы соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт:

Калган радиаторлорду өздөрү жоготконбу же пайдалануудан чыгарганбы, "ошонун баарын силер төлөшүңөр керек, же болбосо соттолосуңар" деп жөндөн-жөн эле жалаа жаап жатат. Жок нерсени кандай төлөйт?

- Биринчи берген көрсөтмөсү боюнча сот ачылып, кайра жабылган, биз 50 миң сом материалдык чыгымын төлөп бергенбиз. Ал иш мыйзамдын негизинде бүткөн. Анан бул иш кайра ачылып, азыр миллиондогон акчаны кайра мамлекетке төлө деп жатышат. Туура эмес өкүм чыгарып, камап алып кетишти. Алардын жанында эч ким жок болчу, болгону адвокаттар менен эле барышкан. Азыр эми калган радиаторлорду өздөрү жоготконбу же пайдалануудан чыгарганбы, "ошонун баарын силер төлөшүңөр керек, болбосо соттолосуңар" деп жалаа жаап жатат. Жок нерсени кандай төлөйт? Эгер биз ошончолук миллиондорду алсак минтип квартирада жашабайт элек да. Баарыбыздын иштегенибиз кара жумуш, бирөөсүнүн да диплому жок...

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чынара Качкын кызы күйөөсү ушул тушта Бишкектеги №1 тергөө абагында жатканын, камалгандан бери тууган-уруктарын жолуктурбай жатышканын айтып берди. Ал камалгандардын үй-бүлөлүк, социалдык абалын судья эске албаганына нааразы болду.

- Ал жерде камалып отурган бир кишинин беш баласы бар, аялынын дагы боюнда бар. Аялы төрт миң сом айлык менен иштейт. Мен үч балам менен калып жатам, кенжебиз үч айлык. Дагы бирөөнүн төрт баласы бар, кичинекейи эки жашта. Мейли, жалган жалаа менен камашса да жаза жеңилирээк болушу керек эле. Жаш балдары бар, үй-бүлөсүн жалгыз өзү баккан адамдардын үй-мүлкүн конфискациялап, беш жылга кесип салганы мыйзамсыз.

"2012-жылы танк радиаторлорунун уурдап сатып жиберген" деп беш адамга - 1975-жылкы прапорщик Эрнистбек Кокешовго, 1985-жылкы старшина Мирлан Зарыпбековго, сержанттар, 1990-жылы туулган Бекжан Кубаныч уулу менен 1981-жылы туулган Талгат Сүйүналиевге жана 1986-жылы туулган Азат Жакыповго айып тагылган. Соттолгондордун адвокаты Мурат Ирискуловдун маалыматы боюнча, алар май-июнь айларында каражаттан кыйналып 16 радиаторду уурдап сатып жиберишкенин моюнуна алышкан. Бирок калган 56 радиаторду уурдоого алардын тиешеси бар экени тергөөдө да, сотто да далилденген эмес.

Сотто айыпталгандардын 56 радиатор уурдаганы далилденген эмес, айыпталгандар да муну башынан баштап эле мойнуна алган эмес.

- Аларды мыйзамсыз соттошту. Ошондуктан биз Чүй облустук сотуна доо арыз жаздык. Биз райондук соттун чечимине макул эмеспиз. 2012-жылы аларды радиатор уурдоо фактысы боюнча кармашканда алар күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алышкан. Тактап айтканда, алар 16 радиаторду уурдаганын моюнуна алышкан. Аларга ошол 2012-жылы эле ачылган кылмыш ишинин көрсөткүчүн жогорулатуу, материалдык зыяндын ордун толтуруу максатындабы же кандай, "жалпысынан 72 радиатор уурдаган" деп айып тагышкан. 72 радиатордун баасы бир миллион сомго бааланган. Бишкек гарнизондук прокуратурасы бул ишти 2012-жылы 13-сентябрда Бишкек гарнизондук сотуна өткөргөн. Сотто айыпталгандардын 56 радиатор уурдаганы далилденген эмес, айыпталгандар да муну башынан баштап эле моюнуна алган эмес. 2015-жылы 31-октябрда 56 радиатор боюнча иш өзүнчө бөлүнүп алынган. Бир айдан кийин айыпталгандардын кылмыш иши мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу токтотулган.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, аталган аскердик бөлүктө 2012-жылы жазында инвентаризация болгондо танк радиаторлорунун баары ордунда деп аныкталган. Бирок радиаторлорду баалуу металл катары сатып алып жүргөн адамдар тергөөдө танк радиаторлорун жыл башынан бери эле алып жатышканы тууралуу көрсөтмө беришкен.

Соттолгондордун адвокаты Мурат Ирискуловдун айтымында, бул иш Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен 2017-жылы май айында кайра козголгон. Аны радиаторлордун жаңы баасы менен негиздешкен. Ага ылайык, жалпы зыяндын көлөмү 25 миллион сомдон ашкан:

Алардын дагы 56 радиатор уурдаганы далилденген жок. Бул ошол кезде эле аныкталган эмес.

- Башкы прокуратура кылмыш ишин токтотуу тууралуу соттун чечимин мыйзамсыз жокко чыгарган. Өзүнчө бөлүнүп алынган 56 радиатор боюнча иш кайра бул ишке кошулган. Анда радиаторлордун баасы тууралуу жаңы маалымдама келген. Ага ылайык, сумма эки миллион сомдон ашкан. Сот биздин "айыпталган адамдар ошол техниканы тейлегени менен баарынын эле ал жакка эркин кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес, алар "алдык" деп мойнуна алган 16 радиатордун чыгымын төлөгөн" деген жүйөлөрүбүздү караган жок. Сот аларды беш жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, зыяндын ордун толтуруу тууралуу өкүм чыгарды. Биз буга макул эмеспиз. Анткени алардын дагы 56 радиатор уурдаганы далилденген жок. Бул ошол кезде эле аныкталган эмес. Ишти токтоту тууралуу аскер прокурорунун орун басары өзүнүн токтомунда "бул кылмышка байланыштуу далил, күбөлөр аныкталган жок" деп көрсөткөн. Аламүдүн соту айыптоо өкүмү менен мамлекеттик айыптоочуну жактады. Ал болсо "булар 56 радиаторлорду алган эмес дегенинде шектенүү бар" деп айтты. Сот ушунун негизинде эле күбөлөргө, далилдин жоктугуна карабай кыска убакыттын ичинде тез-тез карап соттоп салды.

56 радиаторду ким уурдаган?

Соттун материалдарына ылайык, андан Т-72 үлгүсүндөгү 21 танктын май куя турган 62, суу куюлчу 10 радиатору жок экени аныкталган. Прокуратура органдары бул буюмдардын жалпы баасын эки миллион сомго жакын деп эсептеген.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев "сот мыйзамсыз, негизсиз жанданды" деген дооматты жокко чыгарды:

Нуркамал Набиев.
Нуркамал Набиев.

- Ал иш тергелип, сотко барып кайра соттон "тергөөнү толуктагыла" деп кайтып келген. Кийин өкүмдү сот бузган. "Жалпы бавсын чыгаргыла" деп сот өзүнүн өкүмүн бузган. Ошол ар кайсы убактарда техниканы караган жана материалдык жоопкерчилиги бар ушул бешөө болгон. Башка адамдарга айып угузулган эмес.

Маалыматтарга караганда, аскер бөлүктөрүндөгү курал-жарак, буюм-тайымдар жоголгон фактылар тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз болгон. Анда кылмыш иштерин аягына чыгаруу, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу, зыяндын ордун толтуруу тууралуу тапшырма берилген.

"Азаттык" Кой-Таштагы радиаторлордун уурдалышы жана андан кийинки фактылар, көрүлгөн чаралар, соңку сот өкүмү тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан коментарий алууга аракет кылды. Макала жазылып жаткан чакта штабдын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев убактысы жоктугун, маалыматтык бөлүмгө кайрылышыбыз керек экенин айтты. Штабдын маалымат катчысы Майрамбек Мусиев расмий кат менен кайрылуу керек экенин айтып, ал дагы суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

2015-жылы аскер прокурору болуп турган Марат Эшперов менен байланышып, алгачкы тергөөнүн жагдайлары, бул иштин алты жылдан бери бүтпөй жатканы боюнча пикирин сурадык:

Марат Эшперов.
Марат Эшперов.

- Мен ошондой иш болгонун билем. Бирок азыр толук эсимде жок, мен ал жакта 2015-жылдан бери иштебейм да. Эми иш топтолгон далилге жараша болот. Биринчи тергелгенден демек ошол 16 радиатор боюнча далил болгон. Ошол боюнча айып угузулган. Калган радиаторлор боюнча өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергөө улантылат да. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы далилдер табылса керек. Кылмыш иши толук ачылбаса тергөө улана берет.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов танк радиаторлору уурдалган Кой-Таш аскер бөлүгүндө 2000-2003-жылдары командир болгон. Ал жаңы дайындалган кезде комиссия түзүп текшерткенин, ошондо да аскердик буюм-тайымдар жоголгон факт болгонун айтып берди. Анын айтымында, жаңы келгенде бардык бөлүмдөр бир айга чукул текшерилген.

Курманакун Матенов.
Курманакун Матенов.

- Бардык бөлүмдөрдү, бөлүктөрдү бир айга чукул текшергенбиз. Анда бир топ нерселер жок болуп чыккан. Бирок мынчалык чоң радиаторлордой буюм-тайымдар эмес эле. Анан ар бир бөлүктүн командирлери, техникага жооптуулар менен сүйлөшкөм, эч кимиси билбей турганы аныкталган. Мен ошондо 50дөн ашык кишинин мойнуна илгем. "Ишине шалаакылык кылган" деп өзүмдүн буйругум менен материалдык жоопкерчиликке тарткам. Суммасы да чоң акча болуп кеткен экен. Андан кийин өзүмдүн буйругумду прокуратурага "укуктук баа бергиле" деп жөнөткөм. Ал кезде аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев эле, ошонун орун басары келип текшерген. Мен ага "эгер кылмыш ишин козгосоңор козгогула, бирок анда 50 адам жоопкерчиликке тартылышы керек, алар иштебей калат. 50 адамдын баары офицерлер, демек бүтүндөй бригада иштебей калат. Ошондуктан менин буйругумду жокко чыгарбагыла, ошол боюнча эле иш алып баралы" деп келишкенбиз. Ошол кезде офицерлердин айлыктары эки миң сомдой болгон. 50 адамдын алдыңкылары 60 миң сомдон айыппул төлөгөн. Биз офицерлерге канчалык айтып тарбиялаганыбыз менен, эгер анын үй-бүлөсү ачка болсо, кие турган кийими болбосо анан ал аргасыз ошону жасайт да. Ошол кезде айлыктары да эки-үч ай кечигип, убагында берилчү эмес.

Анткен менен Курманакун Матенов көп сандаган радиаторлордун уурдалып-сатылып кеткенин "төбө чачты тик тургузган" көрүнүш катары баалады.

Бул мамлекетке эле чоң зыян келбестен, аскерлердин согушка жарактуулугуна олуттуу зыян келтирди. Анткени радидаторлору уурдалган танкалар жүрбөйт.

- Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ички уставына ылайык аскер бөлүктөгү куралга, техникага жана анын абалына бригаданын командирлери жооптуу. Бригаданын командири бир жылда кеминде эки жолу бардык техниканы текшерип турушу керек. Башка деңгээлдеги командирлер белгиленген мөөнөттө текшеришет. Маселен, батальондун командири ар бир үч айда, ротанын командири бир айда бир, ал эми взводдун командири эки жумада бир, бөлүмдүн командири болсо күн сайын текшериши керек. Командирлер көпчүлүк убакта курал-жарактын, аскердик техниканын абалын, эсебин текшербейт. №73809 аскер бөлүктөн 72 радиатордун жоголушу жогорудагы адамдардын жоопкерчиликсиз, көз жумду мамилесинен, ошондой эле кароолдук жана ички кызмат өтөөгө көзөмөлдүн начардыгынан улам болушу мүмкүн. Бул мамлекетке эле чоң зыян келбестен, аскерлердин согушка жарактуулугуна олуттуу зыян келтирди. Анткени радидаторлору уурдалган танкалар жүрбөйт.

Кыргыз армиясында, аскер бөлүктөрдө, түзүмдөрдө курал-жарак, аскердик техника, буюм-тайым уурдалган бир канча факт болгон.

2016-жылы Мамлекеттик чек ара кызматында ири өлчөмдө курал жоголгон факт ачыкка чыккан. Аскер прокуратурасы бул кылмыш ишин былтыр жазында сотко өткөргөн. Тергөөдө 2014-жылдан 2016-жылга чейин аскердик бөлүктөгү бир нече кызматкер өз ара сүйлөшүп алып, кампада сакталган курал-жарактарды уурдап чыгып, сатып жүргөнү аныкталганы маалымдалган. Натыйжада 13 адамга ок атуучу курал-жарак, ок-дары уурдоо, мыйзамсыз алуу, сатуу өңдүү Кылмыш-жаза кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылган. Арасында мурдагы аскер жана милиция кызматкери менен кошо жөнөкөй жарандар болгон.

2013-жылдын аягында Кант шаарындагы №33665 аскер бөлүгүндө Орусиядан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ыкчам тобундагы жоокерлери үчүн берилген формалар уурдалганы маалым болгон. Аскер прокуратурасы анын баасын 15 миллион сомго эсептеген. Бул аскер бөлүгү өлкөнүн түндүгүндөгү аскердик түзүмдөргө бериле турган тамак-аш жана буюм-кече сакталган ири кампа болуп саналат. Мындан көп өтпөй бир жоокер асынып өлгөнү кабарланган. Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Ошол кездеги депутат Исмаил Исаков “кызматы аяктап, үйүнө кетерине аз гана убакыт калган маркум жоокер формаларды уурдагандарды билип калып, ушундан улам киши колдуу да болушу мүмкүн” деп айтып чыкты. Аскер прокуратурасы бул кылмыш иши боюнча аскердик бөлүктүн командири баштаган үч кишиге айып таккан.

Былтыр ошондой эле “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунан калган бир топ мүлктүн дайыны чыкпай жатканы маалым болду. Аскер прокуратурасы буюм-тайымдардын таланып-тонолушу боюнча жыл башында кылмыш ишин козгогон. Анын аягы эмне менен бүткөнү белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG