Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:02

Үмөталиева: Саясий куугунтукка кабылгандарды айттым


“Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

Варшавада өтүп жаткан ЕККУнун жыйынында Кыргызстанда саясий негизде соттолгондордун маселеси көтөрүлдү.

10-21-сентябрда Польшада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) адам укуктары жана демократия боюнча жылдык чоң жыйыны өтөт.

Ага уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Ушул тапта Варшава шаарында жүргөн “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева "Азаттык" радиосуна эл аралык жыйындын жүрүшү тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Варшавадагы жыйында кандай маселелерди көтөрдүңүз?

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Токтайым Үмөталиева: Эң оболу адам укуктарын коргоо, сот системасынын жана укук коргоо органдарынын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукту көтөрдүм. Көбүнчө Кыргызстандагы саясий куугунтукка басым жасадым. Акыркы үч жылда биздин канчалаган белгилүү саясий инсандар ар кандай себептер менен камалып отурат.

Алардын сот иштерине токтолуп, соттордун бийликке көз каранды экенин билдирдим. Соңку кезде оперативдүү кызматкерлердин күбө катары өткөнүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын түз басымы алдында экспертиза уюштуруунун формасы түзүлгөнүн түшүндүрдүм. Эксперттер, айрыкча тилчилер бийликтин басымы менен корутунду чыгарып калганын айтты.

Саясий куугунтукка кабылган Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Толубай Колубаев, Дастан Сарыгулов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусеев, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков башында турган “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрүн, жалган жалаа менен кесилген Максат Кунакуновду атадым.

Ошондой эле шайлоонун “шайтан оюндарына” байланышкан Өмүрбек Бабановдун, Канат Исаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун, Аида Салянованын иштери боюнча ой-пикиримди билдирдим. Бабановго каршы атайын кызматтар эки ишти удаа ачышып, ага жалган айып тагылганын белгиледим. Бакиевдердин тушундагы "Матрешкагейт" чуусунун сценарийи менен Текебаевге коррупцияга байлап иш ачылганын, анын максаты президенттик шайлоо алдында таасирдүү коомдук ишмерди жарыштан чыгаруу болгонуна токтолдум.

Биздин мамлекетте саясий куугунтук катуу ишке ашты. Кыргызстанда белгилүү ишмерлер менен инсандардын кыска убакытта мынчалык камакка алынганы Борбор Азиянын башка бир дагы жеринде болгон жок.

Ошол жерде туруп жаңы бийликке сунуштарымды дагы айттым. Жогорудагы аты аталгандардын сот иштерин калыс жана адилет кайра карап чыгуу үчүн саясий иштерге илээшпеген адвокаттардын, укук коргоочулардын тобун түзүп, президент өзү башында туруп, иштерди бир сыйра карап чыкса деген сунушту киргиздим. Анан ошол көз карандысыз топтун ой-пикирлерин сот системасындагылар эске алса дедим.

Анткени биздин мамлекетте саясий куугунтук катуу ишке ашты. Кыргызстанда белгилүү ишмерлер менен инсандардын кыска убакытта мынчалык камакка алынганы Борбор Азиянын башка бир дагы жеринде болгон жок. Парламент камакта, абакта отургандардын иштери боюнча өз алдынча бир иликтөө жүргүзсө деген тилегимди билдирдим.

Дагы бир көтөргөн маселем – учурда кабыл алынып жаткан Кылмыш-жаза жана Кылмыш кодекстерин президент Жээнбеков эл аралык трибунада айтылган сынды эске алып, 2019-жылы күчүнө киргизүүнү токтотуп турса деп сунуш кылдым.

"Азаттык": Варшавадагы жыйынга Кыргызстандан Мира Карыбаева башында турган делегация, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү дагы катышып жатат. Сиздин сөзүңүздү алар кандай кабыл алышты?

Менин таң калганым – башка өлкөлөрдүн делегациялары жыйын башталгандан бүткүчө такай отурушат. Кыргызстандын делегация мүчөлөрү болсо башында катышат дагы, анан чыгып кетишет. Маселен, Жогорку Соттун төрайымын көргөн жокмун.

Токтайым Үмөталиева: Тилекке каршы, Мира Карыбаева кечээги жыйында болгон, бүгүн катышкан жок. Жогорку Соттун өкүлү гана отурду. Кыргыз делегациясы тарабынан өзгөчө бир көңүл буруу жок. Биздин урматтуу эжелерибиздин бири Төлөкан Исмаилова жалпы жыйын ачылып жатканда сүйлөп, "маркум Улан Эгизбаевдин ишин иликтөө өзгөчө көзөмөлгө алынсын деп кыргыз бийлигине сунуштасаңар" - деп эл аралык коомчулукка кайрылып, эрдик кылды. Ошол маселе биздин делегацияга жакпай калган өңдүү.

Менин таң калганым – башка өлкөлөрдүн делегациялары жыйын башталгандан бүткүчө такай отурушат. Кыргызстандын делегация мүчөлөрү болсо башында катышат дагы, анан чыгып кетишет. Маселен, Жогорку Соттун төрайымын көргөн жокмун. Бүгүн бир сессия отуруп эле кетти дешти. Тескерисинче ал киши ошол жерде отуруп, жарандык коомдун пикирин, дүйнөлүк тажрыйба кандай экенин угуп кетсе максатка ылайык болмок.

Мисалы сот системасына байланыштуу ал киши кеткенден кийин канча деген кызыктуу пикир, сунуштар айтылып жатты. Сот системасы кантип көз каранды болуп каларын, аны ачык-айкын таза кармоо үчүн башка өлкөлөр кандай иштерди жасап жатышканын укса болмок. Анан жыйынтыктоо бөлүгүндө ага атайын сөз берилет, ошондо биздин айтып өткөн сөздөрдүн баарына кыска, так жооп берип салса болбойбу? Ал буга кайдыгер эмес экенин көрсөтүшү абзел болчу.

"Азаттык": Варшавадагы жылдык жыйын ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн расмий бийлигинин, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын маңдай-тескей отуруп, маселелерди көтөрүп, аны чечүүнүн жолдорун талкуулай турган платформа эмеспи?

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

Токтайым Үмөталиева: Албетте, эл аралык деңгээлдеги эң чоң баарлашуу плаформасы. Дүйнө жүзү боюнча ар кыл, көптөгөн талылуу маселелерди талкуулаган жыйын өтүп жатат. Бул жерде эң биринчи көңүл мамлекеттик органдардын катышуусуна бөлүнөт. Алар болсо жөн гана отурбай, жарандык активисттер, эл аралык эксперттер айткан сунуштар тигил же бул өлкөнүн системасына, реалдуу турмушуна туура келеби же жокпу – ошону тастыктап бериши маанилүү. Максат ошол.

"Азаттык": Саясий өңүттө иш козголгон делген ишмерлердин маселесин сиз буга чейин деле көтөрүп жүргөнсүз. Варшавадагы трибунадан туруп дагы айтыптырсыз, эми эл аралык коомчулуктан кандай реакция күтсө болот?

Токтайым Үмөталиева: Менин сунуштарым ЕККУнун жылдык баяндамасына кирип калса, жогоруда аталган инсандарга жалган айыптар тагылып, алардын күнөөлөрү күчкө салып далилденгени тууралуу мен берген бааны негиз катары колдонсо болот. Анткени аны эл аралык коомчулук окуйт. Ушул жагдайдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек жана кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деген сунуштар кошо камтылат. Андан кийин ал документти ЕККУ биздин бийликке жөнөтөт.

Эл аралык бийик деңгээлде маселе көтөрүлүп, аны башка мамлекеттердин элчилери, дүйнөлүк коомчулук уккандан кийин, кыргыз бийлиги тиешелүү чара көрүүсү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG