Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Жогорку сот тууралуу "жоромолдор"


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Кыргызстанда Жогорку соттун кийинки төрагасы боло тургандардын аты атала баштады.

Сот тармагынын азыркы жетекчиси Айнаш Токбаеванын үч жылдык мөөнөтү туура бир айдан кийин аяктайт. Анын тушунда судьяларга байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар орун алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасын ишке ашырууга убада берип келгени менен мындан күмөн санагандар да чыгат.

Сот чөйрөсүндө Жогорку соттун төрагалыгына келе турган адам катары 2012-2015-жылы сот тармагын башкарган Феруза Жамашева менен 2003-жылдан бери Жогорку соттун судьясы, бир кезде Жамашеванын орун басары болгон Бактыгүл Аманалиеванын аты көбүрөөк аталып жатат.

"Азаттыктын" соттогу ишенимдүү булактарынан ушул тушта Жогорку сотто төрага шайлоого байланыштуу интрига күчөгөнү, жамаат бир канчага бөлүнүп, тымызын күрөш башталганы маалым болду.

2016-жыл жаңыраар алдында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Феруза Жамашеваны II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жамашева сот реформасын ишке ашырбаганын айтып, мамлекеттик сыйлыктын ага берилишине нааразы болуп акция уюштурган. Ал Жамашеванын кайра сот бийлигинин башына келишине каршы:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

- Орой айтканда, ал бул кызматка кайра кайсы арына барат? Жогорку сотто төрайым болуп турганда деле жарытарлык иш кылган эмес. Эч кандай эмгеги өтпөй туруп "Манас" орденин алган. Эмне реформа кылыптыр? Эгерде ал кайра төрайым болсо, анда мен азыркы президентке каршы чыгам. Биз "сот реформасы" дейбиз, реформа ушундай болобу?

Бул макала жазылып жаткан чакта Жамашеванын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

"Төрайым болушу ыктымал" деп айтылып жаткан Бактыгүл Аманалиева азыр Жогорку сотто админиcтративдик жана экономикалык иштер боюнча судья. Аманалиева тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Анын аты буга чейин Жогорку соттун төрайымынын экономикалык иштер боюнча орун басары болуп турганда басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга байланыштуу дооматтарда айтылган. Аманалиева өзү мындай сөздөр негизсиз экенин билдирген. Ал дагы төрагалыкка аракет кылып жатат деген сөздөр боюнча үн ката элек.

Жогорку сотто төрагасын, анын үч орун басарын кошкондо 35 судья бар. Төрага алардын арасынан үч жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен эки ирет шайланууга мыйзам жол бербейт.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, мурдагы судья Курманкул Зулушевдин пикиринде, сот реформасын ишке ашырууда Жогорку соттун жетекчисинин ролу чоң:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Жогорку соттун судьялары өз арасынан бирөөнү төрагалыкка шайлайт. Сот системасы, Жогорку соттун төрагасы бүгүнкү күндөгү мамлекеттин саясатына, адам укуктарын калыбына келтирүүдө эң биринчи орунда турат. Эгер Жогорку соттун төрагасы болуп эрктүү, адилет адам шайлана турган болсо, мамлекет утат. Президент айткан сот реформасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Тергелген иштердин баары сотко келет. Иш туура эмес тергелсе, күнөөсүз адамдарга айып тагылса - анда эч кандай саясатка карабай туруп, аны акташы керек. Сот системасынын жалпы принциби ушундай болушу зарыл. Ушундай талапты, тартипти кое билген адам төрага болуп шайланса бизде реформанын алга жылышына, ийгиликке жетишине чоң өбөлгө болот.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов соттордун өз алдынчалыгын камсыз кылган мыйзамдардагы алешимдиктерге токтолду. Ал Жогорку сотту башкарган адам ириде саясаттан алыс болушу керек экенин билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Азыр "сот системасы саясатташып кетти, саясий чечимдерди көп чыгарчу болду" деген дооматтар көп айтыла баштады. Ошондуктан Жогорку соттун төрагасы биринчи кезекте саясаттан алыс болушу абзел. Экинчиден, мыйзамда кандай жазылса, ошондой өкүм чыгышы керек. Сотторго мындан башка эч кандай талап жок. Соттордун көз каранды эместигине соттор өздөрү жооп бербейт. Аны камсыз кылган президент жана биз, Жогорку Кеңеш. Ошондой мыйзамдарды кабыл алып беришибиз зарыл. Ошондуктан аларга "эркин болгула" деген талап олдоксонураак. Дагы көптөгөн мыйзамдар иштелип чыгышы керек. Азыркы мыйзамдар соттордун толук көз каранды эмес болушун камсыз кыла албайт. Мисалы, азыр Тартип комиссиясы деген бар. Бул комиссия соттордун өз алдынча болушуна шарт түзбөйт. Тил албаган сотторду Баткенге, Ат-Башыга, Ак-Талаага айдап жиберет. Ошондон коркуп алардын, Ак үйдүн буйругун аткарган учурлары аз эмес. Биз ошондой механизмдерге бөгөт коюп, алып ташташыбыз керек. Алмазбек Атамбаев сотторду көз каранды кылгысы келип, ошондой мыйзамдарды киргизген. "Колду-бутту толгоп" Конституцияны өзгөрткөн.

Жазында адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген деген соттордун "кара тизмесин" да түзгөн.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева Жогорку соттун төрагасын шайлоо кадр саясаты боюнча дооматтарды күчөтпөшү керек экенин эскертти:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Биринчиден, эң негизгиси - моралдык жактан таза адам келиши керек. Көз каранды эместикти биринчи орунга койгон, өз алдынча адам болушу абзел. Бийлик жактан кимдир-бирөө чалса, ошолордун көзүн карап, ошолор айткандай чечим чыгарса - анда сотко ишеним ого бетер азаят. Ошондуктан Жогорку соттун төрагасы абдан кылдаттык менен тандалышы керек. Ансыз деле бизде кадр саясаты туура эмес болуп жатат. Ар бир жаңы дайындоо элди иренжитип жатат. "Президенттин сөзү менен иши дал келбейт" дегендей терс пикирлер көбөйүүдө. Сот реформасы ордунан жыла элек. Президент өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттор адилетсиз иштеп жатканын айтканы менен ага каршы эч кандай чара көрүлгөн жок. Бир-эки гана судьяны кызматтан алып койду. Негизги терс чечимдерди чыгаргандар, Атамбаевдин бийлигинин тушунда буйрутманы аткаргандар ошол эле бойдон иштеп жатат.

Анткен менен президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден бери эле сот реформасын ишке ашырууга такай убада берип келет. Ушул жылы 27-июнда мамлекет башчы Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө "коомчулук реформанын үзүрүн келерки жылдан баштап көрө баштай тургандыгын" да айтканы бар:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Адам укуктарын бузгусу келгендерге аёосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл. Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. Алардын эӊ маанилүүсү — сот реформасы. Бул өлкөбүздүн келечегин жана жарандардын жашоосун өзгөртө турган, адилет коомду түптөй турган реформа. Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат. Сот реформасы — коомду жакшы өзгөрүүлөргө алып келет. Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз — соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт. Сотторду реформалоо боюнча кеӊештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик органдарга ушул жылдын аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча так тапшырмалар берилген. "Үлгүрбөй калдык" деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чара көрүлөт. Талап катуу болот. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева мөөнөтү дээрлик аяктап калган Айнаш Токбаева ушул күндөрү Ош менен Жалал-Абад облустарына кеткенин билдирди:

Сюита Соурбаева.
Сюита Соурбаева.

- Биринчи Ошто сот кызматкерлери менен жыйналыш болот. Экинчи жыйналыш Жалал-Абад шаарында өтөт. Андан кийин 24-августта Чаткалда жаңы салынган соттун имаратынын ачылышына катышат. Буга чейин кышында биз аймактардын баарын, жети облусту тең кыдырып, бир жылдык иштин отчетун чыгарып келгенбиз. Азыр болсо алты айлыктын жыйынтыгы менен эки облуска баратат.

Айнаш Токбаеванын тушунда эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку соттун судьяларына биринчи ирет кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура үч судьяга "кылмыш ишин кароонун мөөнөтүн өткөрүп жиберген" деген айып такты. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева "бул судьялардын эмес, аппараттын катасы" деп түшүндүргөн. Бирок сот системасын жакшы билгендер бул тармакта башкаруунун начарлап кеткенин сапатсыз иштеген судьялардын көбөйгөнү менен байланыштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG