Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Абылгазиев аймактык ажырымды айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түндүк-түштүк" деп бөлүнүүнү, уюшкан кылмыштуулук коркунучун чечилбеген маселелер катары баалады. Бул тууралуу ал 12-июнда Жогорку Кеңеште комитетте былтыркы жыл үчүн отчет берип жатып билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков элди "түндүк-түштүк" деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскерткен болчу. Кийинки убакта айыркча социалдык тармактарда президент, премьер-министр дайындаган кадрлардан улам аймактык жагдай көп талкуулана баштады.

Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде баяндама жасады. Анда чечилбеген маселелердин катарына аймактык чыр-чатакты козутуу аракетин кошту:

- Мамлекеттик башкарууда ийкемдүүлүк жана ыкчамдык жетишсиз. Конституциялык негиз, экономикалык эркиндик, социалдык адилеттик жана жарандык катышуу сыяктуу маанилүү багыттарда канчалык күч-аракеттер жумшалса да кайтарым аз болуп жатат. Өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук коркунучтары, улут аралык, ал түгүл түндүк-түштүк болуп бөлүнүшкөн аймактык чыр-чатакты козутууга аракет кылгандар дагы эле бар. Булар боюнча биздин укук коргоо органдарыбыз иштеп жатат.

Сооронбай Жээнбеков жана Өткүрбек Жамшитов.
Сооронбай Жээнбеков жана Өткүрбек Жамшитов.

Түндүк-түштүк маселесин өткөн айдын башында президент Сооронбай Жээнбеков да кеп кылган эле. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда ал элди атайлап бөлүп-жарууга аракет кылган топтор бар экенин айткан жана аларга катуу чара көрүлөрүн эскерткен:

- Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт! Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт.

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаевдин баамында, аймактык жагдайды козгогон мындай топтор айрыкча социалдык тармактарда жандуу болуп жатат:

- Менин оюмча булар бийлигин кокусунан тарттырып жиберген адамдар, реваншисттер эле болуш керек. "Президент маанилүү орундарга түштүктөн чыккан адамдарды коюп жатат" деп атайын материалдарды даярдап, жалган-чыны аралаш соцтарматар аркылуу таратып жатышат. Жалпы элдин арасында андай маанай жок. "Коррупция боюнча камалгандардын көбү түндүктөн" деп, аны да колдонуп жатышпайбы. Кеп анын түндүктөн же түштүктөн болгонунда эмес. Кайсы жактан болсо да коррупцияга барганы аныкталса - ал камалышы керек.

Анткен менен талдоочу Турат Акимов "улутту бириктире алган идеяларды көтөрбөй, майда маселелер менен алектенип жатат" деп бийликти сынга алды:

- Биздин саясатчылар чоң, олуттуу идея алып чыга албай эле, майда-барат нерсени маселе кылып, көбүртүп-жабыртып, "бизди иштетпей жатат, бул-тигил тоскоол болуп жатат" деп жатышат. Андан көрө чоң-чоң, өлкөнүн келечегин аныктаган, багыт берген нерселерди алып чыгып, ошолорду айтпайбы? Чоң саясатта жүргөн адамдар мындай сөздөр менен алектенбеши керек. Мындай учурда органдар бар, идеологдор бар. "Элди бөлбөгүлө, андай кылган болбойт" деп идеологдор айтсын. Биз премьер-министрден чоң идеяларды күтүп жатабыз да.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чечилбеген маселенин бири деген "каралар" темасы өткөн апталарда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отчет берип жатканда да көтөрүлгөн. Жамшитов депутаттарга тиешелүү иштер жүрүп жатканын айткан:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун 523 жигердүү мүчөсү турат. Камчы Көлбаевдин тобунда 424, Алмаз Бокушевдикинде 49 адам бар. Мындан сырткары, жогорудагы топторго тиешеси жок ар кандай ар кандай кылмыштуу топтордун 941 мүчөсү каттоодо турат. Былтыр ар кандай кылмыштары үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун 241 мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кармалгандардын арасында кримчөйрөдө жогорку тепкичин ээлеген үч адам бар.

Бирок КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев кримтөбөлдөр ээн-эркин жүргөнүн сынга алган:

- Камчы Көлбаев ОПГ (уюшкан кылмыштуу топ - ред.), туурабы? Бирок ал жөн эле жүрбөйбү? Айрым бийлик өкүлдөрү ага баш ийип жүрбөйбү. ОПГ деген ээн-эркин жүрбөшү керек да? Алар менен сөзсүз күрөшүшүбүз керек. Сиз "Көлбаев кылмыш кылган жок" деп жатасыз. Ооба, ал керек болсо мыйзам боюнча урматтуу киши, ал Конституциялык палатадан утуп алган. Алар эч качан өздөрү кылмыш кылбай турганын, тапшырма гана берип турарын силер билишиңер керек да? Кыргызстанда "караларга" жашоо кыйын болушу керек эле. Азыр болсо аларда бейиш жашоо болуп жатат. Көп кемчиликтер бар.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 120 адам кармалды. Алардын ичинен төртөө кылмыш дүйнөсүндөгү чоң макамды алып жүргөн адамдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG