Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Апта: Түрк кеңешинин жанданышы, Лондондун жаңы айыбы


3-сентябрь, 2018-жыл.
3-сентябрь, 2018-жыл.

Түрк тилдүү мамлекеттердин cаммити өттү, Лондон орус тыңчысын ууландырган эки офицердин атын-жөнүн жарыялады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияга узатылды.

Дүйшөмбүдө Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитине мүчө мамлекеттердин лидерлери толук катышты.

Буга чейин маданий-гуманитардык байланышты чыңдоого багытталган кызматташтык уюму эми таасирдүү саясий бирикмеге айланабы деген негизги суроого айланды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабакка байланыштуу жагдайды козгоп, жалпы эле коопсуздук маселелерин талкуулоону сунуш кылды.

Илхам Алиев жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл.
Илхам Алиев жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Алиевдин мындай сунушуна Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган гана көңүл буруп, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сактоого көмөктөшүүгө лидерлерди үндөдү. Саясий аналитиктер Тоолуу Карабак маселесинин бул саммитте көтөрүлүшүн уюмдун ичинде саясий-аскердик кызматташтыкты кароого түрткү берчү фактор деп сыпатташты.

Президент Эрдоган кызматташы Жээнбеков менен жолугушканда, андан соң саммитте Фетхуллах Гүлендин кыймылы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч экенин эскертти. ​"Бизде болгон төңкөрүш аракети Кыргызстанда болбосун. Булар аскер, полиция жана мамлекеттин бардык тармактарына кирип төңкөрүш кылат", - деди түрк президенти.

Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиялык "Хүрриет" басылмасы Эрдоган кыргыз бийлигине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин бергени тууралуу жазып чыкты. Кыймылдын жергиликтүү 13 лидерин Анкарага дароо өткөрүп берүү талабын койгону айтылат. Маалыматка караганда, тизмеде Гүлен кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, Борбор Азия боюнча имамы бар. Кыргызстандагы "гүленчилердин" аты-жөнү ачык айтылбаганы менен алар түрк жарандары экени маалым болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк медиасындагы айтылган маалыматты бышыктаган жок.

Ал эми саммитти өткөрүп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков кызматташтык уюмунун географиясынын кеңейишин кубаттап, ​Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга өзгөчө көңүл бурду. "Өзбекстан Республикасынын мүчө-мамлекет катары Түрк кеңешине кошулуу ниетин бийик баалап, өзүнчө колдогум келет. Бул кадам Түрк кеңешинин кеңейишине жана анын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүүгө жакшы шарттарды түзөт деп ишенем. Европанын чордонунда орун алган Венгрия өзүнүн түрк тилдүү тарыхын, каада-салтын жана тууган-достугун унутпастан, бүгүнкү саммитте Түрк кеңешинин байкоочу мамлекет статусун алып жатканы кубандырат" - деди Жээнбеков саммиттин ачылышында.

Виктор Орбан жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл
Виктор Орбан жана Сооронбай Жээнбеков, 3-сентябрь, 2018-жыл

Түрк тилдүүлөрдун жыйынына алгачкы жолу катышып жаткан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан венгрлердин тарыхый тамырына кайрылды. ​"Глобалдашкан дүйнөдө Венгрия өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенет. Өз түбүбүздү жакшы билебиз, XXI кылымда ушул сыяктуу мамлекет болуп, улуттук өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктаныбыз. Бул чындык. Батыш бул чындыкты кабыл албайт" - деген Орбан түрк тилдүүлөр менен "жакындыгына сыймыктанарын" белгиледи.

Чолпон-Атага келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин өзүн оолак кармап келген Ташкенттин уюмга толук кандуу мүчө болуу ниетин билдирди. Борбор Азияда “бейтарап” макамын жарыялаган Түркмөнстан бул уюмга кирбейт.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык саммити 2010-жылы түзүлүп, ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө болуп кирген.

Бул жолу Чолпон-Ата саммитинин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды.

Чолпон-Ата: президенттер саммитке даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешмесинин баш катчысынын мурдагы орун басары, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикиринде, уюмдун мүчөлөрү бирдиктүү саясат жүргүзсө таасирдүү уюмга айланмак. "Бирок ага тишелүү мамлекеттердин өздөрүнүн күчү жана эрки жетпейт. Анткени андагы ар бир мамлекет ар башка жакка байланган. Алар бири-бирине карама-каршы тарапта турган эл аралык аянтчада жайгашып калышкан. Ошондуктан алар маданий кызматташык сыяктуу маселени карагандан ары карай жыла алышпай келишти" - деген Мадумаров уюм маданий-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен гана чектелерин кошумчалады.

Дипломаттар түрк тилдүү мамлекеттердин күчтүү уюмга биригүүсүнө тоскоол болчу бир катар жагдайларды тизмектешет. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кызматташтык уюмунун геосаясий таасири солгун бойдон калганынын себептерин мындан көрөт.

"Анткени түрк тилдүү мамлекеттерде саясий системасы, экономикалык абалы, реформалардын жүрүшү, чарба жүгүртүүсү ар башка болду. Ал мамлекеттердеги тышкы саясат лидерлеринин көз карашына байланыштуу болуп келди. Ар бир мамлекет өз улуттук кызыкчылыгына келгенде жалпы жыйындагы идеялар колдоо таппай, токтоп калган учурлар болгон" - деп түшүндүрдү экс-министр "Азаттыктын" талкуусуна катышканда.

Алгачкы саммит 2011-жылы Алматыда, кийинкиси Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Кийин лидерлер Азербайжандын Гебели шаарында, андан соң Түркиянын Бодрумунда чогулушкан.

2015-жылы Астанада өткөн жыйындан соң уюмдун иши үч жылдык тыныгууга туш болду. Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү пландаганы менен эки жыл бою уюштурбай келди.

Кыргызстандын ички саясатына абай салгандар Чолпон-Атада президент Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн кеңешмесине кирген лидерлерди чогулутуп, жогорку деңгээлде саммитти уюштуруп, өзүнө “саясий упай” топтоду деп баалашты. Бул жолу Ысык-Көлгө экс-президент Алмазбек Атамбаев менен ачык жана тымызын кер-мур айтышып, ортодо мамилеси бузулган лидерлер келишти.

Лондон ГРУнун эки офицеринин изин тапты

5-сентябрда британ полициясы Орусия Британиянын аймагында химиялык курал колдонгонун айгинелеген жаңы далилдерди жарыялады.

Англиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга шектүү делген эки орусиялыктын аты-жөнүн, сүрөттөрүн жарыялап, Лондонго кантип келип кеткенин чечмеледи.

5-сентябрда британ прокуратурасы Скрипалдарга кол салуу боюнча Александр Петров менен Руслан Бошировго айып тагууга жетишерлик негиз бардыгын билдирди.

"Алар Сергей Скрипалды өлтүрүү үчүн кутумга, Сергей Скрипалдын, Юлия Скрипалдын жана Ник Бейлинин өмүрүнө кол салууга, химиялык куралга каршы мыйзамга карабай “Новичокту” алып жүрүүгө жана колдонууга, Юлия Скрипаль менен Ник Бэйлиге атайын оор жараат келтирүү үчүн жогорудагыдай кылмыштарга барышкан" - деди британ полициясынын өкүлү Сью Хэмминг. Аны менен катар эле Скотленд-Ярд 40тар чамасындагы эки орусиялыктын сүрөттөрүн жарыялады.

Британдардын атайын кызматтары Орусиянын Аскердик башкы чалгын башкармалыгынын эки офицерин эбак эле аныктап, бирок маалыматты чыгарбай кармап турганын маалымат каражаттары жазды.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй шектүүлөр Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгы - ГРУнун кызматкерлери экенин айтты. ​

Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

"ГРУ акыркы жылдары Орусиянын кооптуу иштеринде чечүүчү ролду ээлеп келгенин билебиз. Бүгүн биз Солсберидеги чектен чыккан химиялык чабуулдагы алардын ролун ашкере кылдык. ГРУнун аракеттери бардык жарандарыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө коркунуч туудурат" - деди Мэй. Ал ошондой эле “орус бийлиги жалган жоопторду узатып, күнөөнү бирде террорчуларга, бирде Юлия Скрипалдын болочок кайненесине оодарууда. Бул алардын күнөөсүн гана тереңдетет” деп кошумчалады.

Москва Лондондун айыптоосуна дароо реакция жасады. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Биринчи каналга" берген комментарийинде ​Лондон "жарыяланган ысымдар жана сүрөттөр бизге эч нерсени билдирбейт" деп так кесе айтты. "Британ тарапты ачык айыптоо жана маалыматтык манипуляциядан баш тартып, укук коргоо органдарынын алкагындагы иштиктүү жана кадимкидей кызматташууга кайрадан чакырабыз", – деп жооп узатты.

Бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Лондондун өтүнүчү менен Скрипалдарды ууландыруу ишин талкуулап, ага катышкан орус жана британ элчилери кайым айтышты. Британиянын БУУдагы өкүлү Карен Пирс Лондондун буга чейинки билдирүүлөрү эми ишенимдүү далилдер менен бекемделип жатканы белгиледи.

БУУдагы элчи Василий Небензя ​"Орусия Федерациясы бардык негизсиз айыптоолорду толук четке кагарын" кайталады.

Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов
Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов

Коопсуздук кеңешиндеги жыйынды утурлай Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, ошондой эле Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Алар Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландыруу операциясы "орус өкмөтүнүн деңгээлинде макулдашылган" деп эсептейт.

"The Sun" гезити Солсберидеги мурдагы орус тыңчысына кол салууга байланыштуу кызыктуу маалымат чыгарды. Гезиттеги макалага караганда, агенттер операцияны ишке ашырууда осол ката кетиришкен. Алар Скрипалдын үйүнүн эшигинин туткасына ууну сыйпаардан мурун Англиянын жаан-чачындуу аба ырайын эске алышкан эмес. Жаан жаап, андан улам туткага сыйпалган уулуу заттын күчү кетип, Сергей Скрипал менен кызы аман калган.

Британия аларды ууландырууга шектүү Александр Петров менен Руслан Бошировду экстрадициялоо жөнүндө Москвага өтүнүч жибербейт. Орусия мыйзам боюнча кылмышка шектүү жарандарын башка өлкөгө өткөрүп бербейт. Лондон эки орусиялыкты кармоого эл аралык ордер берилгенин жарыялады.

Британ бийлиги Скрипалдарга кол салган эки киши Лондонго жогорудагы ысымдарга берилген жасалма паспорт менен учуп келген деп санайт. Алар Санкт-Петербургадагы британ консулдугунан “ишкерлербиз” деген негизде тийиштүү документтердин баарын көрсөтүп, виза алышкан.

Британ чалгынчыларына алардын чыныгы аты-жөнү белгилүү экени гезиттеги макалада айтылат. Скотленд-Ярддын маалыматына ылайык, эки орусиялык 2-мартта “Аэрофлоттун” каттамы менен Лондонго учуп келишкен. Алар 4-мартта Москвага кайра учуп кеткиче кайда барып, эмне кылганын аныктоо үчүн 250 тергөөчү жалпысынан 11 миң сааттык видео тасмаларды карап чыгышкан.

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал кызы экөө быйыл 4-мартта Солсбери шаарында Советтер Союзунда чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууландырылган. Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Бул кол салуу үчүн Лондон башынан эле Кремлди айыптап келе жатат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияга узатылды

2-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Салтанаттуу аземге Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер ханзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки, эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы ордуна басым жасады. ​"Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы - дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт" - деди Жээнбеков Чолпон Атада оюндардын ачылышында сүйлөп жатып.

Серепчилер Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен саясий, экономикалык, маданий жана туризм жагынан көп утуштарга ээ болгонун белгилеп жатышат. Эл аралык иш-чараны өткөрүүнүн концепциясын жазууга катышкан окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушевдун айтымында, Көчмөндөр оюндары негизинен үч багытта жүрөт. "Биринчиси - көчмөндөр оюндарынын мелдеши, экинчиси - көчмөндөрдүн маданиятын көрсөтүү, үчүнчүсү - көчмөндөрдү изилдөө маселелерине арналмакчы. Ушул максаттардын баары Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга, туристтердин келишине кеңири шарт түзөрүндө шегим жок" - дейт тарыхчы илимпоз.

Философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов Көчмөндөр оюндарын ​дүйнөдө болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн бири деп санайт. "Бул иш-чараны экзотикалык жеңил-желпи окуя катары кароого болбойт. Тескерисинче, бул окуянын философиялык, тарыхый идеологиялык жактан терең анализге алышыбыз керек" - деп, Батыштагы илимде “номадология” деген өзүнчө тармак пайда болгонун мисал келтирет. ​Философ иликтөөчү Көчмөндөр оюндарынын улуттук биримдикти ширеткен маанисин таасын белгилеп, анын программасына Кыргызстанды мекендеген башка улуттардын дагы маданияты, оюндары кошулушу керек деген көз карашта.

Көчмөндөр оюнуна Шотландиядан келген тоолуктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин пикиринде, Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясын көтөрүп, аны үч жолу уюштурганы - глобалдык процесстерге дагы таасир этип жатканынын далили. "Байыркы антикалык доорду алсак, анын мисалы Грециядагы Олимп оюндары. Кыргызстанда пайда болгон бул оюндар ааламдашууга үн кошот. Аны менен катар эле ааламдагы көчмөн тектүү элдердин интеграциясына алып келет" - деген тарыхчы ошол элдердин кайрадан биригип жатышы "ааламдашууга позитивдүү таасир" этет деп чечмелейт.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарын утурлай Бишкекте эл аралык алтаистика конференциясы өттү. Дүйнөгө таанымал илимпоздор катышкан иш-чарада Алтай цивилизациясынын маданияты, тили жана ага байланыштуу соңку изилдөөлөр талкууланды.

III Көчмөндөр оюндарына катышууга 77 өлкөдөн үч миңден ашык атлет келип, спорттун 37 түрү боюнча таймашты. Жалпы иш-чараны уюштурууга бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүндү жана ага демөөрчүлөрдүн көмөгү дагы кошулду.

2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Спорттун 10 түрү боюнча таймаштар өткөн. Ал эми 2016-жылкы мелдештерге 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Алар спорттун 26 түрү боюнча таймашкан.

III Көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлдү. Жалпысынан 56 өлкөнүн маалымат каражаттарынын 604 өкүлү көчмөн элдердин майрамын чагылдырды.

8-сентябрдын кечинде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Анда сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Көчмөндөр оюндары улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганына токтолду.

2020-жылы көчмөндөрдүн төртүнчү мелдештери Түркияда өтөт. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий эн белгиси Кыргызстанга таандык жана ал кийинки мелдештерде өзгөртүлбөй колдонулмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG