Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Православдар Исанын туулган күнүн белгилешүүдө


Бишкектеги православдардын чиркөөсүндө. 2021-жылдын 7-январы.
Бишкектеги православдардын чиркөөсүндө. 2021-жылдын 7-январы.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы православдар 7-январда Исанын туулган күнү (Рождество) майрамын белгилеп жатышат. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Бишкек шаарынын тургуну Виктория таң эрте үй-бүлөсү менен чиркөөгө келген. Бул жерде ал шам жагып, Жаратканга сыйынды.

«Менин апам ооруп жатат. Мен анын саламаттыгына кабатыр болуп жатам. Ошондуктан бүгүнкү майрамдын урматына шам жагып, апам тезирээк сакайып кетиши үчүн дуба кылып жатам. Кудай бизге жардам берет деп үмүт кылам».

Исанын туулган күнүн белгилөө үчүн борбор калаадагы чиркөөлөргө Виктория өңдүү жүздөгөн ортодокс христиандар (православдар) келишкен. Бул жерде майрамдык кудайга сыйынуу жөрөлгөлөрү өттү. Чиркөө кызматкерлери да майрамга карата өз милдеттерин аткарды.

Караколдогу Ыйык Троицк православ чиркөөсү.
Караколдогу Ыйык Троицк православ чиркөөсү.

Бул күнү православдар дасторкон жайып, бири-бирине мейманга барышат. Жакындарга белек-бечкек беришип, жакшы каалоолорду арнашат.

Бишкек шаарынын Нина аттуу дагы бир тургуну шам жагып жатканынын себебин түшүндүрдү.

«Мен ыйык энеге сыйынып жатам. Балдарым жана жакындарымдын өмүрүн тилейм. Ал эми бул шамдарды бардык эл үчүн коюп жатам. Неберелерим оорубаса дейм. Мен чиркөөгө дайыма келип турам. Ыйык саналгандардын бардыгына чын жүрөгүмдөн сыйынам. Бүгүн - биздин майрам».

Рождестводогу үмүттүн шамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00


Исанын (Ыйса; мусулмандар үчүн - Иса пайгамбар) туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ушул тапта православ, католик, протестант багыттарындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.

Талант Мамытовдун куттуктоосу.
Талант Мамытовдун куттуктоосу.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстандагы православдарды диний майрамы менен куттуктап, алар жалкы коомдогу ынтымакка салым кошуп келатканын айтты.

«Кыргызстандагы православдык чиркөө улут аралык жана дин аралык ынтымакты чыңдоого, баалуулуктарды урматтоого салым кошуп келе жатат. Мамлекеттик саясаттын маанилүү принциптеринин бири - бул жарандардын диний сезимдерине карата аяр жана этият мамиле», - деп жазылган president.kg сайтына жарыяланган куттуктоодо.

Юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов Кыргызстандагы мусулмандардын суннит агымы менен христиан дининин православ жамаатынын мамилеси тууралуу буларды айтты.

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

«1896-98-жылдары Орусия падышачылыгы кыргыздар менен казактар мусулман элдери деген чечим чыгарган. Ушундан улам алар кыргыздарды өзүнүн динине бурабыз деп аракет кылышкан эмес. Диний баалуулуктарга да кийлигишкен эмес. Ошондуктан кыргыздардын орустарга болгон тарыхый ыраазычылыгы бар. Борбор Азияда ислам дининин суннит агымындагы элдер православдар менен эч убакта диний чатакташууга барган эмес. Бул эки диндин башында турган адамдардын мээнети менен ишке ашкан. Бүгүнкү күндө дагы бул эки жамаат ар бир маселеде тез тил табышат. Мындан көрүнүш Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык мамилесин чыңдаганга өбөлгө түздү».

Исанын туулган күнү (орусча - Рождество Христово) Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар башка өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Юлий жылсанагы боюнча 7-январда белгилешсе, дүйнөдөгү католиктер менен протестанттар XV кылымда киргизилген Григорий жыл санагына ылайык 25-декабрда өткөрүшөт. Кыргызстандык протестанттар менен католиктер да Исанын туулган күнүн былтыр 25-декабрда майрамдашкан.

XS
SM
MD
LG