Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Акун: Орусияда кыргызстандык мигранттардын көйгөйү көп


Акыйткатчы Турсунбек Акун Москвага барып, Орусияда жоопко тартылган кыргызстандыктардын тагдырын талкуулап келди.

“Азаттык”: Соңку учурда Орусияда кылмышка аралашкан кыргызстандыктар көп деп маалымдалды эле. Азыр орус түрмөлөрүндө канча кыргызстандык жаран жатат?

Турсунбек Акун: Былтыркы маалымат боюнча жана быйылкы жылдын башына карата 90дон ашуун болчу. Азыр 74төй адам калды. Дагы толуктап, тактап жатабыз. Акыркы төрт-беш айдын ичинде мыйзамсыз соттолду деген алты жаранды биздин Орусиядагы элчилик менен биргелешип чыгардык.

Сапарымда Орусиянын омбудсмени, анын орун басарлары, аппараты менен жолугуштум. Кыргызстандык жарандарга жардам берүү маселелерин талкууладык. Андан сырткары Орусиядагы биздин элчилик менен биргелишип орус түрмөлөрүндө канча адам жатат, кантип жардам беребиз деп иштеп келдик.

“Азаттык”: Орусияда соттолгон кыргызстандыктарды мекенге алып келүүнүн кандай мыйзамдуу жолдору бар? Орусиянын адам укуктары, ыйгарым укуктары боюнча өкүлдөрү кантип жардам бере алышат?

Турсунбек Акун: Бизде Минск макулдашуусу бар. Москвада биздин жетекчилер бул маселе боюнча жолугушкан. Ошонун негизинде экстрадиция кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жылдын башынан бери Кыргызстанга 13 жаранды алып келдик. Азыр дагы бир жаранды алып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Кыскасы Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, Орусиядагы биздин элчилик жана Акыйкатчы институту чогуу иштеп жатабыз. Көп аракеттер көрүлүп атат. Бирок маселе абдан оор.

“Азаттык”: Орусиядагы кесиптештериңиз кантип жардам берип жатышат?

Турсунбек Акун: Алар Кыргызстандан барган акыйкатчынын өкүлдөрүн жана дипломаттарын түрмөлөргө киргизип бергенге милдеттеме алышты. Журналисттер барса аларды да киргизип берүүгө макул болушту. Орусияда биздин жарандарга бөтөнчө мамиле кылып жатышат. Тажиктерди депортацияласа, биздин жарандарга жакшы мамиле жасап жатышат.

“Азаттык”: Орусияда кырызстандык мигранттардын укуктары басмырланат деп айтылат. Абал кандай экен? Сиз мигранттардын өзү менен жолуга алдыңызбы?

Турсунбек Акун: Мигранттардын укуктары басмырланып жаткан учурлар бар, жок эмес. Бирок Москвада кыргыздарга башкаларга салыштырмалуу жакшы мамиле жасалат экен. Москвада көп профилдүү медициналык борбор бар экен. Биз ошол борборго барып келдик.

Кыргыздар өздөрү жакшы шарттарды түзүп алышыптыр. Дарылануу үчүн төрт кабаттуу имаратты алып, аябай жакшы бейтапкана ачып алышкан экен. Кыргызстандык жарандарга гана жеңилдетилген жардам берилет экен. Айрыкча Орусиядагы Кыргызстандын элчиси көп иштерди жасап атыптыр. Мурун консулдук кызматта 1 эле терезе болсо, азыр 13 болуптур. Эми жакшы ишти жакшы деш керек.

“Азаттык”: Бизге Орусиядан мигранттар укуктарга байланыштуу бир топ көйгөйлөрдү айтып кайрылышат. Акыйкатчынын ал жакта өкүлчүлүгүн ачуу пландар барбы?

Турсунбек Акун: Эми муну бюджетке депутаттар киргизип койсо болот эле. Бирок коомдук башталгычта иштеп жаткан биздин өкүлдөр бар. Ошол жакта “Замандаш” партиясынын өкүлдөрү жардам берип жатышат.

“Азаттык”: Казакстандагы кыргыз мигранттардын абалынан качан кабар аласыз?

Турсунбек Акун: Ал жактагы да “Замандаштын” өкүлдөрү бар, ошолор менен кызматташып атабыз. Казак акыйкатчысы да бизге жакшы жардам берип жатат. Бирок проблема аябай көп.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG