Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 19:04

“Коопсуз шаар” эки органды соттоштурду


Бишкек шаары.

Алты жылдан бери ара жолдо башы ачылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорун кезектеги чыр тооруду. Буга чейин долбоорду ишке ашыргысы келген жеке менчик компаниялар менен өкмөт соттошуп келсе, бул жолу эки мамлекеттик орган соттошкону турат.

Бул ирет долбоорду ишке ашырууда жооптуу орган болгон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия кабыл алган чечимге каршы Бишкектин район аралык сотуна кайрылды.

Өткөн аптада бул комиссия буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык "Вега" концерни тууралуу "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган эле.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети "Вега" концерни мыйзамдуу тандалган деп эсептейт. Ошондуктан талашты сот аркылуу чечүүнү көздөп жатканын аталган органдын басма сөз катчысы Зирек Асанова "Азаттыкка" билдирди:

- Комиссиянын айрым мүчөлөрү, эксперттери "туура эмес" дегендей пикирин билдирген. Ошого жараша чечим чыккан. Ал чечимге байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети макул эмес экенин билдирип, аны жокко чыгарууну өтүнүп район аралык сотко кайрылды.

Бирок Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаменти "Коопсуз шаарды" ишке ашырыш үчүн тандалган "Вега" компаниясынын чама-чаркы чектелүү экенин билдирүүдө.

Департаменттин директору Улан Өзүмбековдун айтымында, мындай чечимге "Коопсуз шаар" боюнча сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Бул арызды департаменттин алдында түзүлгөн комиссия карап, негиздүү деп тапкан эле.

Эми Өзүмбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылууга укугу бар экенин билдирүүдө:

Улан Өзүмбеков.
Улан Өзүмбеков.

- Көз каранды эмес комиссия өз чечимин чыгарган. Бул чечимге Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети каршы. Алар "талапка жооп берет" деп жатат. Сотко кайрылып жатыптыр.

Бишкек район аралык соту бул арызды качан карай баштары азырынча белгисиз.

"Бишкек, Ош шаарларына жана өлкөдөгү кан жолдорго көзөмөл камераларын орнотуп, жол кырсыктарын азайтууга шарт түзөт" деген долбоор ушуну менен жетинчи ирет ишке ашпайт отурат.

Негизи "Коопсуз шаар" долбоору акыркы алты жылда ар бир өкмөттүн ишин, тагдырын аныктоочу көрсөткүчкө айлангандай. Алгач ирет аны 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ишке ашырууга белсенип, андан бери алты жолу сынак өтүп, бирок "багы ачылбай" келет.

Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү да бул долбоорду ишке ашырууга убада берип, быйыл жыл аягына чейин алгач Бишкек шаарындагы көчөлөрдө көзөмөл камералары орнотуларын жарыялаган.

Эми акыркы кырдаал "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу азыркы өкмөттүн деле колунан келбейт" деген пикирлерге жол ачты. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев - дал ушундай пикирди кармангандардын бири.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Долбоордун шарты, өткөргөн абалы өкмөттүн деңгээлин көрсөтүп отурат, - деди депутат Нурбаев. - Ушул долбоор аркылуу жалпы өкмөттүн деңгээлин көрсөк болот. Министрликтердин, вице-премьерлердин баарынын абалы айгинеленди. Жаңы келгенде эле "ишке киргизебиз" деди эле, канча ай өттү - ушул кырдаалга кептелди. Колунан келбесе Дүйнөлүк банктын IFC деген уюму бар, ошолорго берсе эл аралык деңгээлде ишке ашыра алат. Болбосо аутсорсингге берсин. Элди кыйнап жатышат. Бир адамдын өмүрү кымбат. Жол кырсыктарынан канча адам өлүп жатат? Бул жерде атайын "Коопсуз шаарды" ишке ашырууну каалабагандар өкмөткө каршы саботаж кылгандай сезилип жатат. Себеби, эки орган соттошуу аркылуу убакты созуп, мурда кандай акчаны алып келсе, ошондон ажырагысы келбейби деген ойго түртөт.

Ал эми ишкер Темирбек Ажыкулов "Коопсуз шаар" туш болгон акыркы кырдаалдан кийин президент жана премьер-министр өзү киришип, саясий чечим кабыл алышы керек деген пикирде:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Жогору жакта саясий эрк болуп, акыркы чечим кабыл алынууга тийиш. Президентпи, премьер-министрби, "жыйыштыргыла, жакшылап жасагыла" деген өңүттө буйрук кылса, каалаган мекеме долбоорду ишке ашырат. "Кыргызтелеком" да жасай алат. Бирок мекеме аралык көрө албастык, бут тосуу болбошу керек. Маселен, "Кыргызтелеком" жасай баштаса, башкалар тоскоолдук кылбашы зарыл. Бул соттошуу биринчи чыккан мүшкүл эмес. Буга чейин деле мекеме аралык талаш-тартыш болуп жатпайбы. Ар ким жуурканды өзүнө тарта бербей, иш жооптуу бир органга жүктөлүшү абзел. "Бул мекеме ишке ашырат, тигил ишкана жардам берет" деген чечкиндүү кадам, чечим зарыл болуп турат.

Чынында эле "Чубактын кунундай чубалган" "Коопсуз шаар" долбоору кептелген кырдаалга президент жана премьер-министр позициясын айта элек. Бирок жыл сайын миңдеген адамдар жол кырсыгынан каза тапкан Кыргызстанда бул маселени чечүүнүн жоопкерчилиги президенттин жана өкмөттүн мойнунда экени айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG