Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Раатбек Санатбаевди эскерген эл аралык мелдеш


17-октябрда Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Азиянын эки жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши төртүнчү ирет өткөрүлдү. Мында 9 өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси, жаштар арасында дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков утуп, алтын медаль тагынды. Жалалабаттык Хасан Сулайманов экиничи орунду ээледи. Казакстандык Жансейит Шаршенбиев менен Руслан Утегенов коло байгелүү болушту.

60 кг. салмакта кыргыз балбаны Тимур Надыров жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Финалда Тимур казакстандык Нургалым Куандыкты 6:0 эсебинде жеңип алды.

66 кг. салмакта баш байге үчүн Бишкектеги “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Руслан Царев менен Азия чемпиону Атай Койчукулов күч сынашып, бул ирет Руслан ийгиликке жетти.

74 кг. салмакта баш байге үчүн кыргыз жигиттери Самат Шырдаков менен Бекзат Малаканов килем үстүндө күч сынашты. Жыйынтыгында бир упай айырма менен Самат биринчи орунду камсыз кылды. Акчалай жана баалуу белектердин ээси болгон Самат Шырдаков таймашуулар курч өткөнүн айтып, маркум Раатбек Санатбаев сыяктуу өлкөнү даңазалоого аракет кылышаарын “Азаттыкка” айтты.

Раатбек Санатбаевди эскерген эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде уюшулганын, мыкты жигиттер сындан өткөнүн башкы калыс Болот Акматов “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

84 кг. салмактагы балбандардын мөрөй талашуусунда Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт клубунун балбаны Бактияр Көбөнов айырмаланып, жеңүүчү деп таанылды. Казакстандык балбан Асет Адилов экинчи орунду камсыз кылды.

96 кг. салмакта Казакстандын чемпиону Жасулан Сыдыков килем үстүндө күрөшкө чыгып, баардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда кыргызстандык балбан Камбар Жоробековду да утуп алды.

Оор салмакта мелдештин баш байгесине Бишкектеги “Бүркүт” спорт клубунун балбаны, Азия чемпиону Мурат Рамонов татыктуу болду. Финалда украиналык Александр Петренко Муратка утулуп, күмүш байгенин ээси аталды.

Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалал-Абат шаарында туулган. Бабалары «Каман алп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, Кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин "Алтын ордени" менен бааланган. Кыргызстанда XX кылымдагы эң мыкты балбан деп аталып, урмат-сыйга арзыган.

Раатбек Санатбаев Казакстандын «Кайсар» медалы менен дагы сыйланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Орто-Сай базарында дүкөн ачып, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Иниси Орунбек Санатбаевдин айтымында, Бишкектин Свердлов районунун “Чыгыш-5” кичи аймагындагы балбан спорт мектебине жана Жалал-Абад шаарындагы балдар спорт мектебине да Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылып, эстелиги тургузулган.

Маркум Раатбек Санатбаевдин уулу Даулет жана агасы Нурландын уулу Абдыганы да учурда грек-рим күрөшү менен машыгып жатышат.

Ош технология университетинин доценти, маркум Раатбек Санатбаев таякеси Маматали Кенжебаев жээни кыргызстандык балбандарга үлгү болуп келгенин, ал элдик уул болгонун айтып, эскерүү мелдешинин деңгээли жогорулап баратканын “Азаттыкка” билдирди.

Эки күнгө созулган эл аралык мелдешке 9 өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны катышты.

Турнирдин ачылыш аземинде вице-премьер министр Ибрагим Жунусов, жаштар министри Алиясбек Алымкулов, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Умбөталы Кыдыралиев, Атланта олимпиадасынын чемпиону Юрий Мельниченко жана башка спорт ишмерлери катышып, Раатбектин балбандык, адамкерчилик бийик сапаттарын эскеришти.
XS
SM
MD
LG