Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Шахматчылардын талашы ырбады


Кыргызстандын шахмат чөйрөсү эки жаатка бөлүнүп жаңжал чыкты. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун федерация президенти болгону мыйзамсыз деп сындалууда.

Жаатташкан эки тараптын бири Бабановдун шайланышы мыйзамсыз десе, экинчиси мыйзамдуу деген пикирде. Бөлүнүп-жарылып келаткан шахматчыларды эми премьер бириктире алабы?

13-апрелде Кыргызстандын Шахмат федерациясынын курултайы өтүп, федерация президенти Алишер Сакебаев кызматын тапшырган. Жалпы жыйында уюштуруу маселеси каралып, федерацияны жетектөөгө Өмүрбек Бабанов көпчүлүк добуш менен шайланган.

Бирок шахматчылардын курултайы мыйзам бузуу менен өткөнүн, жетекчилер отчет бербей, атүгүл добуштар саналбай, эсептөө комиссиясы түзүлбөгөнүн, Бабанов мыйзамсыз президент болгонун шахматчы Курманбек Турумбеков айтып чыкты.

Журналист, шахмат ышкыбозу Олжобай Шакирдин пикиринде, шахмат чөйрөсүнөн алыс кишини жетекчи кылып, федерациянын аткаруу комитети каалаганын жасап, мыйзам бузуп, талаш-тартышууну ырбатып келүүдө.

"Кыргыз шахмат федерациясына бир жыл жетекчи болгон Алишер Сакебаев 400 миң сомдон ашуун каражат берген. Бирок бул каражат кандай максаттарга жумшалганы белгисиз. Эч кандай отчет берилбейт. Он жылдан бери өлкөдө эл аралык мелдештер да өткөрүлгөн жок", - дейт экинчи тараптагы Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын мүчөсү Динара Калпаева.

Шагы сынган Айжаркын

Кыргызстан Эл аралык шахмат федерацияга 5-6 жылдан бери 4 миң евро мүчөлүк акы төлөгөн эмес. Ошонун айынан Бразилияда өткөн өспүрүмдөр дүйнө чемпионатына барып, Шынгыз кызы Айжаркын катыша албай, ыйлап келгенин айткан Анархан Багышова федерациянын ишине нааразычылыгын билдирди.

- Баары башаламан. Шахмат телчикмек түгүл, бечел болуп, кароосуз калган баладай абалда турат. Спорт жетекчилери бизге кайдыгер карап, көңүл да бөлгөн жок. Кыргызстанды шахматтан дүйнөгө тааныта турган жаш балдар арбын. Мисалы, менин кызым Шынгыз кызы Айжаркын федерациянын күнөөсү менен Бразилияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына каражат коротуп барып, катышпай ыйлап келди. Ошондой эле таланттуу балдардын багы ачылбай, эл аралык мелдештерге бара албай турушат.

Федерациядагы талаш-тартыштан жаш шахматчылардын чеберчилиги өспөй калганын, спорт жетекчилери калыстык кылбай жатканын шахмат чебери Куштарбек Давлетбаков да кошумчалады.

Иштин көптүгүн айтып, федерациянын отчетук-кайра шайлоо жыйынына Өмүрбек Бабанов өзү катышпастан, анын ишенимдүү адамы келген. Бишкектеги жыйынга Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илимжинов катышып, жетекчиликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштаган.

Шахмат курултайы мыйзамдуу өткөнүн, Өмүрбек Бабанов менен кеңешип, федерациянын аткаруу комитети, вице-президенттер эми шайланаарын биринчи вице-президенттин милдетин аткаруучу Алгис Шүкүралиев “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин Кыргыз шахмат федерациясы расмий катталганына көп жыл болду. Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен күбөлүк алып, Улуттук олимпиада комитетинде да катталганбыз. Эми жыйын мыйзамдуу өтүп, Өмүрбек Бабановду президент кылып шайладык. Калган жетекчилер эми шайланат. Ызы-чуу чыгара берүүнүн кимге кереги бар?

Тизгин талаш

Эки федерациянын талашып-тартышуусунан шахматчылар жабыр тартып, иш билги адамдарга жолтоо болуп, айрым амалкөйлөр жетекчилерди куурчактай пайдаланып жатышат. Мындай пикирди жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөнтегиндин устаты Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” айтып, федерация жетекчилерин ынтымакка чакырды.

- Шахмат федерациясына учур талабын туура түшүнгөн менеджер, иш билги жетекчи зарыл болуп турган эле. Эл аралык мелдештер өтпөй турат. ФИДЕге да мүчөлүк акы көп жылдан бери төлөнбөй, рейтинг баракчабыз жабык турат. Кийинки жылдары өлкөдө бирөө да гроссмейстр боло элек. Коңшу өлкөлөрдөн да артта калып, уят болуп жатабыз. Шахмат - акыл-эсти өстүрүүгө жаштар үчүн абдан керек оюн экени баркталбай, бааланбай турганы өкүндүрөт.

Федерацияга жаңы президент болуп шайланган Өмүрбек Бабанов эми ынтымакка данакер болуп, эки тарапты бириктирип, аткаруу комитетине иш билги адистерди тандап алып, талашууга чекит койобу - муну мезгил көрсөтөт.

Өлкөдө эки шахмат федерациясы түзүлүп, алар бийлик талашып келишкен. Бири - Кыргыз шахмат федерациясы деп аталып, мындан 20 жыл мурда түзүлгөн. Экинчиси бардык аймактардын колдоосу менен мурдагы жылы уюшулуп, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы деп аталган. Ушул убакытка чейин эки уюм бирдей “биз мыйзамдуубуз” дешип, бири-биринен тизгин талашып келүүдө.

Кыргыз ССРинин шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Эгемендик алганы федерация: Кыргыз шахмат уюму деп кайра катталып, Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев, Алишер Сакебаев президент болушкан.

Шахматтын тарыхы бай

Кыргызстандын шахмат биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-жылы өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга бишкектик А.С.Савилев жетишкен.

Кеңеш доорунда Л.Юртаев, Н.Зильберман, Т.Иманалиев, Э.Молдобаев, Б.Канцлер, В.Ильинский ж.б. чемпион болгон.

Кыз-келиндер шахматында Б.Самаганова, И.Острий, Т.Пудкова, С.Сабирова, Б.Тиленбаева, А.Исакова, С.Матвеева сыяктуу мыктылар чыккан.

1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз командасы алгач ирет катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар 7-8 олимпиадага катышты. Быйыл сентябрда Стамбулда өтө турган дүйнөлүк олимпиадага кыргыз шахматчылары алигиче даярдык көрүшө элек.

Ошондой эле 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да киргизилген. Анда Семетей Төлөгөнтегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргогон.

Шахматчылар толкуну келатат...
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG