Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Текебаев түрмөгө кайтты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду.

Өткөн жылдын 13-декабрынан бери Бишкектеги Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев мурда жазасын өтөп жаткан борбордогу №47 абакка которулду. Мунун себебин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова минтип түшүндүрдү:

- "Стационардык дарыланууга муктаждык калган жок" дегени үчүн абакка которулду. Ал буга чейин жазасын өтөп жаткан №47 абакта кадимки тартипте жазасын өтөйт.

"Ата Мекендин" лидеринин ооруканадан абакка которулганында мыйзам боюнча эч кандай деле өзгөчө жагдай жок. Бирок саясатчынын айланасындагы акыркы окуяларды эске алганда бул окуя кызыгуу жаралууда.

Себеби, акыркы бир-эки ай ичинде Текебаевди "ак жерден мурдагы бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы болду" деп, абактан бошотуу боюнча чакырыктар күч алган. Андай кыймылдын башында экс-президент Роза Отунбаева туруп, учурдагы президент бир нече жолу кайрылган.

Акыркы жолу жаңы жыл алдында Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлери мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

Алар “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилешкен.

Анын үстүнө президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевге телефон чалып, 60 жылдыгы менен куттуктаганы жөнүндө кабар да ар кыл жоромолдорго жол ачкан. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери ооруканадан түз эркиндикке бошотулушу мүмкүн деген үмүттө турушкан. Алар муну эч жашырбай, "саясатчы боштондукка чыгат" деп даярдык көрүшкөнү да белгилүү.

Президенттик аппарат аталган кайрылуу каралып жатканын айтканы менен азырынча жооп бере элек.

Текебаев абакка которулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Буга кошумча ЖАМКтын кызматкерлери Өмүрбек Текебаевге келип, мыйзам боюнча өзү президенттен ырайым сурамайынча, ал ишке ашпай турганын түшүндүргөнү да шектенүүнү күчөткөн. Текебаев өзү президенттен ырайым сурабай турганын кайталап келе жатат.

Эми саясатчы ооруканадан абакка кайра которулганы "Текебаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышы мүмкүн" деген анын партиялаштарынын үмүтүн басаңдатканын "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов моюнга алды:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Биринчиден, маселе президенттик аппараттын укуктук бөлүмүнүн тыянагына такалып жатат окшойт. Алар терс укуктук тыянак берип коюшту, "ырайым берүүгө болбойт" деген. Демек, айрым саясий күчтөргө Текебаевдин азыр абакта отурганы ыңгайлуу болуп турат көрүнөт.

Алмамбет Шыкмаматов партиялашынын айланасындагы укуктук маселелердин баары саясатташып кеткенин айтууда.

Саясий эксперттердин пикиринде, Текебаевдин маселесинин тегерегинде чын эле кыйла татаал кырдаал келип чыкты. Саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев бул жагынан президент да кыйын абалда калганын белгиледи:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Текебаев ырайым алгысы келип атат. Бирок буга башкалардын колу менен аракет кылууда. Бул жерде анын ар-намысы эмес, мыйзам маанилүү болушу керек. Мыйзамда болсо ырайымды Текебаев өзү сурашы керек экени жазылып турбайбы. Ал эми Жээнбеков мыйзамды кантип аттап өтүшү керек? Антсе, мыйзам бузуп калса, эртең атаандаштары чыгат. Анын үстүнө "Эмнеге Текебаевди кечирет, бизге андай мамиле кылбайт?" деген адамдар толтура. Ошондуктан, президентти кыйын кырдаалга кептеп жатышат.

Чынында эле Текебаев сыяктуу эле ак жеринен соттолгонун айтып, президентти көңүл бурууга чакырган абактагы Садыр Жапаров, Бектур Асанов сыяктуу бир нече саясатчылардын тарапкерлери байма-бай талап кылып келатышат.

Азырынча Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы кырдаал бир жаңсыл чечиле элек. Президенттин бул боюнча чечими парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын азыркы бийликке карата позициясын аныкташы мүмкүн.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деп "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Текебаев жана анын тарапташтары коюлган айыпты мурдагы бийликтин саясий куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG