Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Текебаевди жатак абакка которуу создукту


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов. 11-август, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов. 11-август, 2017-жыл.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу саясатчыны жатак абакка которууну кечеңдетүү аракети көрүлүп жатканын айтып чыкты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматы боюнча соттолуучуну абакта кармоо шартын өзгөртүү маселесин сот гана чечет.

Өмүрбек Текебаев учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат.

Саясатчы менен анын жактоочусу Искен Афиджанов 6-январда жолугуп чыккан. Ал “Азаттыкка” бийликтеги айрым саясатчылар Текебаевди жатак абакка которууну кечеңдетүүнү аракет кылып жатышканын билдирип, буларга токтолду:

Искен Афиджанов.
Искен Афиджанов.

- Биздин эсебибиз боюнча 2019-жылдын 20-мартында Өмүрбек Чиркешович мыйзамдын негизинде жатак абакка которулууга укуктуу болчу. Азыр ким экенин айта албайбыз, бирок мурдагы жана азыркы бийликте да иштеп жаткан айрым аткаминерлер “силер туура эмес эсептеп алгансыңар, башкача эсептелет. Болбосо бюрократиялык иштерди кылып туруп деле, Текебаевди камакта кармоо шартын 2020-жылы өзгөртөбүз” деп айтып жатышат. Булар Өмүрбек Чиркешовичтин эркиндикке чыгышынан коркушуп жатышат. Жатак абакка которулса, эл менен жолугушат. Бул биз үчүн кооптуу" деп жатышат.

Афиджанов бул жагдайды 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо менен байланыштырды. Ал айрым саясий күчтөр “Текебаев жатак абактан да шайлоого таасир этиши мүмкүн" деп кооптонуп жатат деген ойдо.

Былтыр 22-декабрда ооруканага Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу үчүн бир катар саясатчылар барган. Анда Текебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка которуларын айткан:

- Мен беш жыл, эки ай отурдум. Ал жерде эсептөөнүн өзгөчө ыкмасы бар. Ошону менен эсептеп отурабыз. Мен эки айдан кийин жатак абакка чыгам. Дагы бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыгам. Мен кармалгандан баштап убактылуу кармоочу жайда болдум, бардык баскычты өтүп келатам. Эртеби-кечпи чыгам.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын 26-февралында кармалган. Аны жана партиялашы Дүйшөнкул Чотоновду Биринчи май райондук соту ошол эле жылдын 17-августунда сегиз жылга кескен. Өкүмгө ылайык, Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарган.

Ошондой эле тергөө абагында алдын-ала өтөгөн жазасы эки күндөн эсептелип, жаза мөөнөтү 4,5 жыл болгон. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү ал кармалган күндөн же башкача айтканда, 2017-жылдын 26-февралынан баштап эсептелген. Ал эми абакта отурган бир күнү бир күн болуп саналат.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова соттолуучуну жатак абакка которуунун шарттарына көңүл бурду:

Элеонора Сабатарова.
Элеонора Сабатарова.

- Жатак абакка которууда жазасын өтөп жаткан кишинин жүрүм-туруму, абактын ички тартибин бузуп-бузбаганы эске алынат. Ошонун негизинде биздин жетекчибиз маалымат чогултуп, прокуратурага жиберет. Прокуратура “баары мыйзам чегиндеби, жаза мөөнөтүн кошуп жазып койгон жокпу же мөөнөтүнөн өткөрүп кармап койгон жокпу” деп эсептеп чыгат. Андан кийин ал материалдар сотко жөнөтүлөт. Ал абак жайгашкан жердеги сотто каралып, баарын сот чечет. Бирок биз жатак абакка которуу боюнча 10 кишиге өтүнүч берсек, анын эки-үчөө эле өтөт. Калгандары түрдүү себептер менен калып калат. Мисалы, соттор “камактагы киши жакшы оңоло элек экен” деген негизде жатак абакка которбой коюшу мүмкүн. Кээ бирөөнүн чоң суммадагы карызы болот. Көбүнчө өзүн күнөөлүү деп эсептегендерге артыкчылык берилет.

Ушул тапта Текебаевге ырайым кылуу иши бир жаңсыл болбой турат. Президенттин аппараты Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч каралып жатканын айтуу менен эле чектелүүдө.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Бирок мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “бул кайрылуу президентти мыйзамсыз кадамга барууга түртөт” деп эсептейт.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

- Мен президенттин өзү менен жолугуп, Текебаев жөнүндө айтып чыктым, - деди укук коргоочу. - Ал “мага өзү ырайым сурап кайрылсын” деп бардык жерде айтып жатат. Бул жагы түшүнүктүү. Бирок ушунун баарын билип туруп, Роза Отунбаева кайрылуу жиберип, аны алты фракциянын лидери колдоп массалык маалымат каражаттарына берип жатышат. Бул президентти мыйзамсыз кадамга түртүп жатат. Анткени президент соттолуучу өзү арыз жазмайынча, ырайым кыла албайт. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинде “соттолгон адам өзү кайрылышы керек” деп даана жазылып турат. Роза Отунбаева менен фракция лидерлеринин мыйзамды бузганга кандай акысы бар? Алар президентке басым кылып атышат.

Жыл аягында Текебаевге ырайым кылуу маселеси юристтердин талкуусуна түшүп, кайчы пикирлер айтылган. Текебаев өзү президенттен ырайым сурабай турганын кайталап келе жатат.

Отунбаеванын президентке кайрылуусу менен Текебаевди эркиндикке чыгаруу талабы күчөгөн. Саясат талдоочу Марс Сариев Текебаевдин айланасындагы иштер боюнча ой бөлүштү:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Президенттик аппарат “карап жатабыз” деп саясатка жараша мамиле кылып жатат. Анткени "жаз келери менен кандайдыр бир окуялар чыгып кетпесин" деген кооптонуу бар. Ошондуктан “Текебаевдин ишин кантип чечсек?” деп бийликтин башы катып турат. Азыр Өмүрбек Текебаев саясатта жок. Алмазбек Атамбаев да кетти. Өмүрбек Бабанов болсо чет мамлекетте жүрөт. Азырынча салмактуу саясатчылар жок. Эгер Текебаев чыгып, саясатка аралашса, Сооронбай Жээнбековдун саясаттагы салмагы өзгөрө түшөт. Текебаев кандай кадамдарга барат - ал да чоң суроо.

Текебаевдин жактоочусу ал 8-январда ооруканадан кайра №47 абакка которулушу мүмкүн экенин кабарлады. Ал ооруканага 13-декабрда жаткырылган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген негиз менен "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, соттолгон. Райондук соттун бул чечимин Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев жана анын тарапташтары коюлган айыпты мурдагы бийликтин саясий куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG