Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Апта: Мас айдоочу, Текебаев жана кыргыз футболу


Бишкек.
Бишкек.

Жума ичинде Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон окуялардын тизмеги.

Кыргызстанда 1-январдан тартып “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” күчүнө кирди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, катталган иштер боюнча жалпысынан 121 миң сом айыппул салынган.

Алгачкылардан болуп Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан автоунааны документи жок айдап бараткан адам кармалып, аталган реестрге киргизилген.

Жалпысынан 1-январда саат түнкү 12:00дөн 2-январь, түшкү саат 12:05ке чейин автоматташтырылган электрондук системада 39 мыйзам бузуу катталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Өзгөн райондук жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрү тыюу салынган жерлерге тамеки тарткан адамдарды аныктаган.

Административдик кодекске ылайык, Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу 17 миң 500 сом айыппулга жыгылган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов айыпка жыгылган жаран айыппулду бир ай ичинде төлөшү керектигин, эгер бир айдан ашып кетсе күн сайын үстүнө туум кошуларын билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-январга чейин салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы өлкө боюнча мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салган.

1-январдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген.

Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырыла турганы айтылды.

Оштогу өрт жана сойкулук чыры

1-январь күнү Ошто Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдүн жертөлөсүндө жайгашкан "Жетиген" мейманканасында чыккан өрттөн эки кыз набыт болду. Алардын сөөктөрү таңы саат 07:50 чамасында табылган.

Өрт чыккан "Жетиген" мейманканасы. Ош шаары.
Өрт чыккан "Жетиген" мейманканасы. Ош шаары.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каза болгон кыздардын тек-жайын аныкташты. Алардын бири Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Милициянын алгачкы божомолдору боюнча коопсуздук чаралары сакталбай, өрт чыгып, натыйжада кыздар түтүнгө ууланып каза болушкан. Өрттүн жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов 2-январда мэрияда өткөн жыйында өрттөн кийин милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Анын айтымында, турак жайдын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде "Сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, бул жер алты жолу жабылган.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 12 кабаттуу бул үйдүн батирлеринде негизинен ижарачылар жашайт. Биринчи кабатында мейманкана, ал эми анын жертөлөсүндө сауна жайгашкан экен.

- Жертөлөдө сауна бар, - дейт жергиликтүү тургундардын бири. - Көптөн бери иштейт, анда кыздар денесин сатып иштешчү. Үйдүн үстүңкү кабаттарында жалаң квартиранттар жашайбыз. Саунада көчөдөгү кыздар иштейт. "1-январда эртең менен өрт чыгыптыр" дешти, саунада эки кыздан башка эч ким жок экенин айтышты. Саунаны иштеткендер көбүнчө кыздарды сыртынан жаап кетишет, алар өздөрү калышат. Жайдын күнү кыздар жылаңачтанып, эшиктин алдында отурушат. Балдарыбыздан деле уялабыз. Былтыр да өрт чыккан, ошондо жабылган эле, бирок кайра эле иштеп жатат.

​Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мындай жайларга карата учурунда чара көрүлбөй, "мурда берилген тапшырмалар аткарылбай жатат" деп милицияны сындады.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков милиция сойкуканаларды өз алдынча жаба албасын айтты:

- Кылмыш иши козголгондон кийин бул жердин администраторлору негизги күнөөнү өздөрүнө алып, мейманкананын ээси тарабынан “күнөөлүү” администратор жумуштан кетирилет, - деди милиция өкүлү. - Бирок анын ордуна башка администратор келип кайра эле ошол ишти уланта беришкен. Сот тарабынан жазана салынгандан кийин деле ишин улантышкан. Ушундай мейманканаларды же сойкуканаларды өз алдынча жаап койгонго милициянын укугу жок. Буга чейин да ал үйдөн өрт чыгып бир кыз балкондон боюн таштап каза болгон, бирөө ооруканада каза болду. Бир жыл ичинде Жим көчөсүндөгү бул үйгө байланышкан беш кишинин өлүмү катталды.

"Азаттыктын" кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаев тарткан иликтөө.

"Азаттыктын" архиви: "Саясатташкан сауналар", 2014-жыл.

Мигранттарды кыйгап өтпөгөн кырсык

31-декабрда таңга маал Орусиянын Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн. Кырсыкта 39 адам каза тапкан. Алардын алтоо балдар.

Магнитогорск.
Магнитогорск.

2-январда Орусиянын Тергөө комитети Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууну теракт катары мүнөздөгөн далилдер жок экенин билдирди.

"Медиа каражаттарындагы бир катар маалыматтарга байланыштуу айтып коюшубуз керек. Иликтөөнүн азыркы этабында урандылардын алдынан жардыруучу заттардын же алардын бөлүктөрүнүн изи табылган жок", - деп айтылат Тергөө комитетинин билдирүүсүндө.

Шухрат Уфтаровдун каза болгон үч баласы.
Шухрат Уфтаровдун каза болгон үч баласы.

Каргаша Орусияга иш издеп барган мигранттарды да кыйгап өткөн эмес. 2-январда куткаруучулар тажикстандык аялдын, анын үч кичинекей баласынын сөөгүн табышты.

Орусиядагы Тажикстандын элчилигинин кабарлашынча, аялы менен балдарынан ажыраган Шукрат Уфатовдун абалы оор, учурда ооруканада.

Элчилик ошондой эле кыйраган үйдө тажикстандык Самиевдердин үй-бүлөсү да болгонун, алар аман-эсен экенин кошумчалады.

Учурда Магнитогорск, Челябинск жана Москва шаарларынын ооруканаларында беш киши дарыланууда, алардын бирөө 11 айлык бала. Наристе уранды алдында 35 саат жаткан. Дарыгерлер анын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок экенин билдиришкен.

Жергиликтүү бийлик кырсыкта жабыр тарткандар менен жакындарын жоготкондорго 50 миң рублдан 1 миллион рублга чейин материалдык жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган. Жардам адамдардын жарандыгына, бул үйдө каттоого турганына же турбаганына жараша чегерилет.

Кырсыкка байланыштуу Магнитогорск шаары жайгашкан Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууга байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков орус президенти Владимир Путинге көңүл айтуу катын жиберди.

Анда Жээнбеков каза болгондордун жакындарына өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан кайрат айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.

Ош: Алдамчылар тузагы

3-январда "Совет бийлигинин тушунда топтолгон байлык ошол мезгилде төрөлгөн кишилерге бөлүнүп берилет" деп, Союз учурунда төрөлгөн адамдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн чогултуп жаткандар аныкталды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков билдирди.

- Эч жерде каттоодон өтпөгөн фонд түзүп алышыптыр. Документтерин да көрсөтө алышкан жок. Аларга иш козголушу мүмкүн. Мурда Ош технологиялык университети тарапта иштеп жатышса, азыр "Рамазан" соода борборунун ичинде иштеп жатышыптыр. Булар эч кимден акча алышпайт экен. Азыр тергөө жүрүп жатат. Ал эми таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, - деди Сыдыков.

Былтыр жыл аягында “СССРдин убагында төрөлгөн жарандарга акча каражаты төлөнөт экен” деген имиштерге ишенип бир нече адам Оштогу Ош технологиялык университетинин башкы имаратына документтеринин көчүрмөлөрүн жана өзүнүн сүрөттөрүн көтөрүп алып барышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул жалган маалымат экенин билдирип, жарандарды өздүк документтеринин көчүрмөлөрүн бейтааныш адамдарга же “фирманын, мекеменин өкүлдөрүбүз” деп келген адамдарга бербөөгө чакырды.

Кыргызстанда адамдарды алдаган шылуундар көбөйгөнү соңку жылдары байма-бай айтылып келет. Мунун себебин адистер тез байып кетүүнү көздөгөн психология, ошондой эле жумушсуздук менен түшүндүрүшөт.

Текебаев менен Жапаровдун иши

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатканы маалым болду.

Бул тууралуу 5-январда "Азаттык" радиосуна президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

“Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Бирок айрым юристтер Текебаев ырайым сурап, президентке өзү кайрылышы керек деген пикирде. 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын учурунда Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан:

- Бардык соттук инстанция бүткөн, - деди ал. - Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

​Бирок 22-декабрда “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Ал жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөгөнүн, мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошол учурда өзүнүн актыгын далилдей турганын айткан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Кийин Маевский Орусияда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Өткөн жумада Бишкек шаардык прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы маалым болду.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп келген.

Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-декабрдагы "Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок" деген чечимин бузууга негиз жок экендиги белгиленген.

Адвокат прокуратуранын жообу түшүнүксүз экенин, эми Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра иликтөө тууралуу өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын кошумчалады.

- Муну менен өздөрүнүн 2018-жылдын 16-ноябрындагы токтомуна карама-каршы чыгып жатышат. Ошол токтомдо алар "негизги күбө болуп саналган Кенжебек Жумабаев менен Садыр Жапаровдун ортосундагы сүйлөшүүнүн басып чыгарылган түрү (распечатка) жок" дешкен. Күбөлөрдүн баары кыйноо жолу менен көрсөтмө беришкенин айтышкан. Ошонун баарын текшерип чыккандан кийин жыйынтык чыгарсын дегенбиз. Бирок алар эч кандай текшерүү жүргүзбөй эле "жаңы жагдай жок" деген соттун чечимин "туура" деген чечим кабыл алып коюшту. Прокуратура текшербей эле бизге жооп кайтарганы билинип калды.

Алты жыл мурда "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров он бир жыл алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал тууралуу мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. Актоочу тарап анын күнөөсү далилденген жок деген негизде ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра каратууга аракеттенүүдө.​

Камсыздандыруу мыйзамынын оош-кыйышы

Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандырууну баштоо үчүн өткөөл мөөнөт берилет.

Финансылык көзөмөл кызматынын 4-январда тараткан маалыматына караганда, «Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 7-февралда күчүнө кирет.

Бирок 7-августка чейин кошумча убакыт берүү жагы каралып жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.

Өкмөт эгер камсыздандыруу полиси бар айдоочу жол кырсыгына кабылса, анын мүлктүк кызыкчылыктары корголорун айтууда. Полистин баасы азырынча аныктала элек.

Айдоочулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин – 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

Бирок 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен мыйзамга анын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган өзгөртүү киргизилген.

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин ичинде автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу системасы жок жалгыз өлкө.

Хашогжинин иши: прокурор өлүм жазасын сурады

Сауд Арабиясында журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча биринчи соттук жыйын өттү. Ага 11 айыпталуучу жана алардын адвокаттары катышты.

Жамал Хашогжи.
Жамал Хашогжи.

Айып коюлгандардын бешөөнө прокурор өлүм жазасын сурады. Саудиялык тергөөчүлөр түркиялык кесиптештеринен кошумча көрсөтмөлөрдү жана далилдерди күтүп жатышканын билдиришти. Айрым шектүүлөрдү суракка алуу уланып жатканын "Bloomberg" агенттиги жазды.

"The Washington Post" басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи өткөн жылдын октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Соңку жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Түркиянын атайын кызматтары журналисттин өлүмүнө Саудиянын жогорку бийлигинин тиешеси бар деген жоромолун айткан.

Хашогжинин сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Сауд Арабиясынын бийлиги журналисттин өлүмү үчүн шектүү 21 киши камакка алынганын билдирген. Анткен менен расмий Эр-Рияд падышалыктын жогорку бийлиги, тактап айтканда ханзаада, тактынын мураскери Мухаммед бин Салмандын буга эч тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнөн улам сексендей журналист киши колдуу болгон. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык укук коргоо уюмунун маалымдашынча, журналисттердин көбү Ооганстанда, Сирияда, Мексикада, Йеменде жана Индияда өлтүрүлгөн.

Аталган уюмдун баяндамасында ушу тапта дүйнөдө 348 журналист камакта экени белгиленген.

Быйыл "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп журналистер тобу аталды. Басылма "Коргоочулар" деп атаган топко Түркиядагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжи (Хашогги), Мьянмада камалган журналисттер Ва Лон менен Кья Сон, Филиппинде бийлик куугунтугуна кабылган “Рапплер” сайтынын негиздөөчүсү Мария Ресса жана быйыл редакциясына кол салуу болуп, беш журналисти өлтүрүлгөн Америкадагы "Capital Gazette" кабарчылары кирген.

Азия кубогу: Кыргыз футболунун бир "жеңиши"

5-январда Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия кубогунун оюндары расмий башталды.

Алгачкы оюн “А” тайпасында өтүп, анда талаа ээлери катары БАЭ өлкөсү Бахрейн менен ойноду.

Бахрейн көбүрөөк топко ээлик кылуу менен экинчи таймда биринчи болуп гол киргизди. Чабуулдун жүрүшүндө 78-мүнөттө Мохамед ал-Ромайхи биринчи гол киргизсе, Араб Эмирликтеринин футболчулары оюн бүтөрүнө эки мүнөт калганда пенальтинин жардамы менен эсепти теңей алышты. 11 метрликти ийгиликтүү ишке ашырган Ахмед Халил болду.

БАЭ жана Бахрейн тең оюн көрсөткөндүктөн бирден упайга ээ болушту. Бул тайпада Индия жана Таиланд бар. Алардын оюну 6-январда болот.

Футбол күйөрмандары.
Футбол күйөрмандары.

Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышууда. “Ак шумкарлар” 7-январда алгачкы оюнду Кытай өлкөсүнө каршы ойнойт.

Бул кубокко тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышууда.

Спорт боюнча адистер, тайпадан чыгуу Кыргызстан үчүн өтө эле оор милдет экенин белгилешет. Бирок биринчи жолу мындай ири турнирге жол салуу Кыргызстандын футболчулары үчүн бул чоң жеңиш экендиги талашсыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG