Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:59

Туугандарды касташтырган "кара кагаз"


Иллюстрациялык сүрөт.

Үч баланын энеси Айнура Камил кызы төрт жылдан бери мурдагы кайын-журту менен талашып-тартышып жүрөт. Келиндин күйөөсү 2014-жылы жол кырсыгынан каза тапкан. Ошол күндөн тартып күйөөсүнүн өлгөнү тууралуу кара кагазды, балдарынын күбөлүгүн кайындарынан ала албай жатат.

Айнуранын күйөөсү жүк ташуучу автоунаа менен Чүй облусунун четки айылдарына азык-түлүк жеткирип, үй-бүлөсүн бакчу.

Кырсык болгон күнү эки жумушчуну жанына салып, ишке бараткан Нуртемир Бокушевди жеңил машине сүзгөн. Көз ирмемде болгон каргашанын айынан үчөө тең каза болгон. Ошол күндөн тартып Айнуранын жашоосу тирүүнүн тозогуна айланган.

- Экөөбүз сүйлөшүп эле турмуш курганбыз. Мындай болот деп эч ойлогон эмесмин. Ал иштечү, мен балдарды карап үйдө болчумун. Кайнене-кайнатабыз менен чогуу жашачубуз. Ал өлгөндөн кийин жашоо таптакыр өзгөрдү. Күйөөмдүн кыркы өтө электе үйдөгүлөр менен түшүнбөстүк боло баштады.

​Жол кырсыгы келиндин 26 жаштагы күйөөсүнүн, 18-19 жаштагы эки жигиттин өмүрүн алып кеткен. Окуядан кийин Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Айнуранын энеси Зарипанын айтымында, кырсык кокустук катары бааланып, иш бат эле жабылган. Кырсыкка себепкер автоунаанын айдоочусу маркумдардын жакындарына кенемте төлөп берген. Бирок ал акчадан Айнура куржалак калат.

- Иштин жабылбашын талап кылып, барбаган жерибиз калган жок, - дейт маркумдун кайненеси.

- Соттошуп жүрдүк. Жапжаш балдардын өмүрүн алган кырсыктын күнөөкөрү өз жазасын алышы керек болчу! Сүзгөн киши акчасы жетиштүү, колунда бар адам экен. Сот учурунда эчак эле кенемте төлөп бергенин айтты. Бирок ал акчаны менин кызым, неберелерим көргөн жок. Кайнатасы акчаны алып, жанагы автоунааны калыбына келтирип алганын уктук.

Күйөөсүнүн өлүмү калыс иликтенбегени, кайын-журтунун салкын мамилеси Айнураны үч баласы менен төркүнүнө көчүп кетүүгө аргасыз кылган. Келиндин айтымында, ошол убакта балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, күйөөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү кайын- журту бербей алып калыптыр.

- Балдарымдын күбөлүктөрүн, күйөөмдүн өлгөнү тууралуу кагазды колума карматышкан жок. Алар паспортумду да бир жылдан кийин беришти. Кайнежелерим мени менен урушуп бербей коюшкан, - дейт ал.

Айнура колунда күйөөсүнүн каза болгону тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан үч баласына жөлөкпул ала албай жүрөт. Келиндин айтмымында, бул убакта кайындары менен тынч сүйлөшүп, маселени чечүүгө мүмкүн болгон эмес. Анын жактоочусу Таштанбек Жанжигитов келиндин укугун коргоп көрүнгөн мекемени кыдырганын айтып берди:

- Социалдык өнүгүү министрлиги кайнатасы жазган арыздын негизинде акча бөлүнгөнүн билдирди. Бирок келинге айтышкан эмес. Ал кабардар да болгон эмес. Эмнеге аны кайнатасы жазат? Мына, документтер турат. Айнурага тиешелүү кенемтени да алар беришкен эмес. Биз прокуратурага, укук коргоо органдарына, президентке чейин арыз менен кайрылганбыз. Эч кандай жооп болгон жок.

"Азаттык" экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Айнура Камил кызынын кайын-журту менен байланышты. Кайнежеси комментарий берүүдөн баш тартып, бирок Нуртемир Бокушевдин өлгөнү тууралуу күбөлүк алардын колунда экенин ырастады. Ал ата-энесинин саламаттыгын себеп кылып, алар менен сүйлөштүрүүгө макул болгон жок.

Күйөөсү көз жумгандан кийин тиешелүү кенемтеден, мүлкүнөн аялы, балдары куру калган окуялар буга чейин эле катталып келген.

Өзгөчө 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында өлгөн жарандардын кенемтелерин кайындары менен аялдары талашкан учурлар талкууга түшкөн.

Укук коргоочу Рита Карасартова өз ишинде келиндер менен кайындардын ортосундагы талаштарга көп жолу күбө болгонун айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Буга кыргыздардагы "жазылбаган мыйзамдар" менен кошо элдин документтерге олуттуу мамиле кылбаганы себеп. Көп учурда “нике кыйдык” деп, мыйзамдык каттоого турбагындыктан ушундай маселе жаралып келет. Анда аялдын дээрлик эч нерсеге укугу корголбой калат. Бирок мыйзамдык каттоосу болгон убакта да аялдардын юридикалык сабатсыздыгы себеп болот. Күйөөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк мыйзам боюнча аялында болушу керек. Аны эки тарап тең билүүгө тийиш.

Негизи Кыргызстанда милицияга расмий арыз жазылбаганы менен тууган-туушкан, куда-сөөк, өзгөчө бир туугандар арасында үй жана мал-мүлк талашып кол үзүшкөн учурлар жүздөп саналат.

Ошол эле учурда укук коргоочулар алардын басымдуу бөлүгүн ажырашып же күйөөсү каза болгондо мүлккө ээлик кыла албай калган аялдар түзөрүн белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG