Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

"Бомба чуусу": Зилалиев отставкага кетти


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "бомба чуусу" боюнча козголгон кылмыш иши териштирилип бүткүчө иштен убактылуу четтеп турууну чечкенин жарыялады.

Зилалиев бул кызматка бир ай мурда эле дайындалган жана кыска убакыт аралыгында иш ордун бир канча жолу которгон саналуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири.

Анын аты буга чейин "ГЭС курат" деген чехиялык "Лигласс" компаниясынын айланасындагы чыр, Кумтөр, мөңгүлөр боюнча талаш-тартышта айтылган. Президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүттөгөнү үчүн анын кызматтан алынышын талап кылгандар да болгон.

Дүйшөнбек Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда.
Дүйшөнбек Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда.

Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кеткени тууралуу учкай түшүндүрмө таратты жана анда "бомба чыры" боюнча негизинен журналисттерди күнөөлөдү:

- Мен кайда болсо да ар дайым таза жана берилип иштегенге аракет кылдым. Бирок, буга чейин белгилүү болгон "бомба коюлду" деген маалымат боюнча козголгон түшүнүксүз кылмыш ишинде атым аталып жатат. Бул факт коомдо чоң талкуу жаратты, маалымат каражаттары кымгуут кылып, мени каралоо башталды. Бул жагдай албетте, менин кадыр-баркыма шек келтирди, эң маанилүүсү - жалпысынан кыргыз өкмөтүнө көлөкө түшүрдү. Мен өкмөткө жана премьер-министрге сөз тийгизгенге укугум жок. Мындай жагдайда бул кылмыш иши териштирилип бүткүчө кызматтан кетүүнү туура жол деп эсептейм жана премьер-министрге тиешелүү арыз жаздым".

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-ноябрда жаңы президенттин ант берген күнү кортеж өтчү көчөгө бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча кылмыш иши козголгонун, анда Дүйшөнбек Зилалиевдин аты аталып жатканын маалымдаган.

"Чоң кыз, сизге форма жарашат экен" десем ал болсо "бомба жарылат экен" деп угуп алыптыр. Болду, ошол эле.
Дүйшөнбек Зилалиев

Мындан эки күн мурун эле Зилалиев атайын кызматка сурак бергинин бышыктаган жана кызматтан кетүү тууралуу ниети жок экенин кыйыткан эле:

- Сурашты, мен бардыгын айтып бердим. Ал кыз менен жолуктум. "Чоң кыз, сизге форма жарашат экен" десем ал болсо "бомба жарылат экен" деп угуп алыптыр. Болду, ошол эле. Менин негизги принцибим - "дал ушул кызматка барып иштейм" же болбосо "бул кызматта көп иштейм" деген максат менен кызматка барбайм. Команда менен иштейм. Балким бул жумуштан мени бүгүн деле алып коюшу мүмкүн. Балким көп жыл иштербиз, ким билет. Пландарды коебуз, пландарга жетип жатабыз, иштеп жатабыз.

Премьер-министр Сапар Исаков жана өкмөттүн маалымат кызматы Зилалиевдин кызматтан кетишине байланыштуу комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Зилалиевдин кызматын тапшыруу жөнүндө чечимин кубаттагандардын бири:

- Анын күнөөсү жок экени далилденгенден кийин кайра кызматка келсе болот. Бирок эгер айткан сөздөрү далилденип калса, кайра келбеши керек. Бирок ал туура чечим кабыл алды. "Мен моралдык жоопкерчилик тартам, кылмыш ишин териштирүү аягына чыкканга чейин кызматымды жыйыштырып турам" дегени туура. Мен Дүйшөнбек Текшербековичти жаш кезинен жакшы билем. Ал өтө кесипкөй, жумушту так аткарган киши. Бирок кээде аша чаап кеткен сөздөрү бар. Антсе да кызматы боюнча эч ким деле күнөө кое албаса керек. Өзү ишин ар дайым так аткарып келген жетекчи катары билем.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев болсо Зилалиевди мыкты менеджер деп атады:

- Зилалиев тоо-кен тармагында жакшы иштеген. Ал бул агенттикке келгенге чейин ал жерде ызы-чуу болгон. Биз анда "Ар-намыс" фракциясынын депутаты элек. Бул келип тынчыткан. Ал Кыргызстанга керектүү менеджерлердин бири деп ойлойм.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев болсо тескерисинче, Зилалиевдин аты аталган чуулгандуу иштердин баарын териштирүү керек деп эсептейт:

- "Форма" менен "бомбаны" адаштырган киши болсо, анан "мен ал курсант кызга жөн эле эскертүү жасап койдум, ал мени туура эмес түшүндү" дегенди менин үч жашар неберем айтса ишенмекмин. Чоң эле мамлекеттик кызматта иштеген адамдын айтканы жакшы эмес. Мамлекеттик кызматтагы адамга жарашпаган иш.

Зилалиев - Алмазбек Атамбаев өтө ишенген кадрлардан болчу. Аны "коррупцияга аралашпаган таза жигит" деп айтып жүргөн. Мына, мөңгүлөр, "Лигласс" боюнча өтө жаман нерсе болду. Бирок ошондо деле президентти ортого салып, президент "Лигласс" менен келишимге кол койгондо күбө болгон. Ошол эле иши үчүн бул кызматтан кетиши керек болчу. "Лигласс" жаңжалы менен бир заматта иштен кетиши керек болчу. Алар болсо "эч нерсе деле болгон эмес" деп жатышат. Болгон, болгондо да уяттуу иш болгон. Жеке менин пикиримде бул жерде коррупциянын белгилери көрүнүп турат. Мисалы, мен жети-сегиз жыл мурун насыя алгам, ошондо менин жети атама чейин текшерип чыгышкан. Бул жерде болсо эч нерсени текшербей туруп эле жарым миллиард долларлык объектилерди бергени өтө күмөндүү болгон.

Дүйшөнбек Зилалиевдин иши 2010-жылдан бери илгерилеп, ошондон бери жогорку, жетекчилик кызматтарда жүргөн.

Ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти 2013-2016-жылдары башкарган. 2016-жылы өкмөттүн курамы өзгөргөндө Зилалиев жаңы түзүлгөн Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетине төрага болуп дайындалган.

Ал быйыл жыл башынан бери үч ирет кызмат которгон, тактап айтканда, кен тармагынан вице-премьер-министр болуп келген жана бир ай мурда эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.

"Бомба чуусунан" мурда Зилалиев түшүп жүргөн "1532" мамлекеттик номерлүү "Лексус-570" үлгүсүндөгү машине "Тун Лин" аттуу кен казуучу кытай компаниясына таандык экени да белгилүү болгон. Мамлекеттик мүлк фонду бул унааны Дүйшөнбек Зилалиевдин "жардамчысы досунан убактылуу айдап туруш үчүн алган, төрага аны билген эмес" деген мазмундагы түшүндүрмө тараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG