Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Насыялар эмнеге арзандабайт?


Эки жыл мурда Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу кедерги болуп, өлкөдө инфляция кескин өсүп, эсептик чен 14% чейин жеткен эле. Быйыл жыл башынан бери эсептик чен эки жолу төмөндөтүлдү.

Бул чарага байланыштуу өлкөнүн финансы-насыя рыногунда кандай өзгөрүүлөр болду? Коммерциялык банктардын калкка берген насыяларынын пайыздары азайып жатабы?

Улуттук банктын эсептик ченди соңку жолу төмөндөткөнүнө бир ай болду. Арийне, финансы-насыя рыногунда азырынча ойдогудай натыйжа байкала элек. Банктар дагы деле мурдагыдай насыяларын жогорку пайыз менен берүүнү улантууда.

Кээ бир коммерциялык банктар жакындан тарта айрым насыялардын үстөк пайызы кыйла төмөндөтүлгөнүн жарнамалап жатат. Анткен менен бул төмөндөтүүлөр Улуттук банктын чечимине байланыштуу эмес, жөн гана убактылуу акция экени белгилүү болду.

“Бул кайра каржылоо боюнча акция. Мисалы, сиздин башка банкта насыяңыз болсо, жаңы насыя алып, ошону жаба аласыз”.

“Сизге онлайн насыяны айтып жатышат, 19,99% чейин түштү. Азыркы учурда акция болууда, 19-июндан башталды, 2-июлга чейин созулат”.

“Биздики азыркы учурда онлайн насыянын 22,5% болууда. Эртеңден баштап 28-июнга чейин. Азыр керектөө насыялары 29% бойдон эле турат”.

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген.

Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу таасир этти. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.

2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө кармалып келаткан эсептик ченди Улуттук банк 30-апрелде 11% түшүргөн. Андан бир айдан кийин дагы эки баскычка төмөндөтүп, 9% кылган.

Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Айнура Мамбеткул кызы эсептик чен боюнча чечимдерди кабыл алууда тышкы фактор, ички экономикалык саясат, өкмөттүн фискалдык саясаты өңдүү бир катар жагдайлар эске алынарын айтат.

Адистин айтымында, эсептик чендин төмөндөшү коммерциялык банктардын калкка берген насыяларына жеткенче бир жылга чейинки мезгил өтүшү мүмкүн.

“Бүгүнкү кабыл алынган чечимдердин таасири аларга бир топ убакыттан кийин жетет. Бирок өзүнүн мөөнөттүк айырмасы дагы болот, андан өтүшү керек. Биринчи кезекте Улуттук банктын чечимдери банктар аралык акча рыногуна таасир кылат. Азыркы учурда биз көрүп атабыз, банктар ич ара жана өзүнүн соодасын жүргүзгөн рынокто чендердин түшкөнү байкалууда. Кыйла түшүп жатат. Ал өз учурунда кийинки финансы рыногундагы чендерге дагы бир нече убакыттан кийин таасирин тийгизет. Бул дароо боло турган процесс эмес, бир нече этап менен жүргүзүлгөн механизм. Биздин изилдөөлөр боюнча, экономиканын бардык структурасын алып, экономикалык субъектилердин жүрүм-турумун эске алганда, бир жылдан бир жарым жылга чейинки мезгил талап кылынат. Башкача айтканда, эсептик чендин инфляцияга тийгизер таасири бир жылга чейин жетиши мүмкүн. Ал эми ставкалар бир жыл ичинде болот. Маселен, биз май айында өзгөртүү кылсак, ал бир жылга чейинки мөөнөттүн ичинде таасирин тийгизет. Бирок ошол эле учурда биз экономиканын тенденцияларын да карашыбыз керек. Азыркы учурда бул жерде көбүнесе тышкы факторлордун дагы таасирлери бар”.

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине карай түздөнүшү кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо - төмөндөйт.

Финансы-насыялык рынок боюнча эксперт Бактыбек Шамкеев Улуттук банктын эсептик ченди төмөндөтүшү банктардын насыяларынын үстөк пайызына чечүүчү таасир тийгизе албайт дейт. Анткени коммерциялык банктар насыяны Улуттук банктан эле эмес, башка финансылык уюмдар менен депозиттик салымчылардан да чогулткандыктан, алардын пайызын да эске алууга туура келет.

Кардарлардан соңку эки жылдан бери жыйналган депозиттер болсо бир кыйла жогору пайыз менен алынган.

“Алардын түзүлгөн акча-каражаты Улуттук банктын акчасы эмес да. Фонддордон алат же депозиттик базадан алат. Мурдагы депозиттер 15-16% менен алынса, анда ошол баага жараша депозиттик баа үстүнө 5-6% коюп, 21-22% менен насыяга берет. Башкача айтканда, эгерде коммерциялык банктын өзүнүн портфелинде Улуттук банктын канча акчасы бар болсо, ошол акчаны гана ушундай пайыз менен бере алат.

Калган акчасы депозиттик база болсо, алар “мына, 15% алдык, силерге бир жылдан кийин 15% менен кайрып беребиз” деп жоопкерчилик алган да. Ошол акчаны алар 15% жана үстүнө кошо турган 5-6% менен айлантып турат. Улуттук банктын акчасын миллион доллар сатып алдыбы, мисалы, демек ошол миллион долларды арзан пайыз менен башка долбоорлорго, насыяларга бөлүп берет. Калган акчасы канча пайыз менен келсе, ошончо пайыз менен үстүнө кошуп өзүнүн операцияларын жүргүзөт”.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Банктар 2024-жылдын биринчи чейрегинде 262 млрд сом насыя берген. Улуттук банктын маалыматы боюнча, алардын накта пайдасы орточо 8% түзөт. Банктар насыялык операциядан 2023-жылы 34 млрд сомдон ашуун, быйылкы үч айда 9,8 млрд сом нак киреше алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG